Азия кубогу: Кыргызстандын тагдыры бүгүн чечилет

© AP Photo / Hassan AmmarИгроки сборной Кыргызстана по футболу после пропущенного гола во время матча со сборной Китая в групповом этапе Кубка Азии по футболу в ОАЭ. 7 января 2019 года
Игроки сборной Кыргызстана по футболу после пропущенного гола во время матча со сборной Китая в групповом этапе Кубка Азии по футболу в ОАЭ. 7 января 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогунун таймашуулары өтүп жатат. Бүгүн Кыргызстандын футболчулары Түштүк Кореянын командасы менен беттешип, кийинки тагдыры чечилет. Спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов Азия кубогундагы оюндар тууралуу учкай баяндайт.

Азия кубогу 1956-жылдан бери өтүп жатканы менен Кыргызстандын командасы алгачкы ирет катышууда. Мурда 16 команда мөрөй талашып келсе, быйылтан баштап турнирге өзгөртүү киргизилип, 24 команда ат салышууда. 2015-жылы Азия кубогун алгач ирет Австралия командасы жеңип, Азия чемпиону аталган.

"Ак шумкарлардын" шаабайы сууп…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимиси жеңет? Кыргызстан — Түштүк Корея беттеши боюнча букмекерлердин божомолу
Жаңырган жылдын 5-январында башталган Азия кубогуна Кыргызстан курама командасы биринчи жолу катышуу укугуна ээ болуп, чүчүкулак кармоодо "С" тайпасында Кытай, Түштүк Корея жана Филиппиндер командаларына туш келген. Азия кубогундагы алгачкы оюнда Кыргызстандын футболчулары Кытай курама командасына 1:2 эсебинде утулуп, күйөрмандардын шаабайы сууп калды. Эске салсак, беттешүү жакшы башталып, кыргызстандыктар алдыга чыгып, биринчи бөлүмдүн аягында Ахлидин Исраилов эсепти ачкан. Тилекке каршы, экинчи бөлүмдө кыргызстандык дарбазачы Павел Матяш жаңылып, бурчтан тебилген топту өз дарбазасына киргизип алгандан кийин "ак шумкарлардын" маанайы түшүп калды. Андан кийин дарбазачыбыздын дагы бир катасы эсепти 2:1ге алып келип, кытайлыктардын жеңиши бекемделип калган эле.

Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, "С" тайпасында көч башында Түштүк Корея менен турду. Кореялык футболчулар биринчи беттешүүдө филиппиндерди 1:0 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болушкан. Эми Кыргызстандын курамасы экинчи турда 11-январь күнү Түштүк Кореянын оюнчулары менен беттешет. Оюн Аль-Айн шаарында Hazza Bin Zayed стадионунда өтөт. Беттешүү Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Оюн талаасына кыргызстандыктар кызыл, корейлер ак форма кийип чыгат. Беттешти катарлык калыстар тейлемекчи.

Ал эми 16-январда кыргызстандык оюнчулар Филиппин курама командасы менен беттешет. 

Кубандырган саамалык

Албетте, футбол тарыхында Азия кубогуна биринчи жолу Кыргызстандын катышып жатканы жакшы саамалык.

Все голы матча Кыргызстан — Китай на Кубке Азии. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Кытай командалары киргизген голдордун видеосу
Адистер өлкөдө футбол өнүгүү жолунда деп айтып жатышканы менен Жогорку Лигада 6-7 команда ойногонун эске алсак, Азия кубогунда Кыргызстандын өз тайпасынан чыгары да күмөн жаратат. Соңку жылдары Азияда футболго өзгөчө маани берилип, командалар чет өлкөлүк адистерди жалдап, деңгээл жогорулай башташынын алкагында Кыргызстандын бул турнирге катышуусу футболчулар үчүн сабак, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү гана болмокчу.

Кыргызстандын командасына көбүрөөк упай топтоп, тайпадан чыгуу тапшырмасы коюлганы менен аны аткаруу кыйынга турары бышык. Себеби Кыргызстан "С" тайпасында эң эле чабал команда. Бул ачуу чындык. Азия кубогу кыргыз футболунун дараметин таразалап, чамасын чактап коймокчу. Бул тайпадагы атаандаштарынан Түштүк Корея Азия кубогун эки ирет утуп, 4 жолу финалга чыгып, күмүш байге алса, 4 ирет коло медаль тагынган. Ал эми кытайлыктар Азия чемпиону болгон эмес. Бирок алар 2 ирет финалга жетип, бармак тиштеп, күмүш байге алып, дагы эки жолу коло байгелүү болуп, Азиянын алтын самап турган командаларынын бири.

Айрым адистер кыргызстандык футболчулар филиппиндерге да утулуп калышы мүмкүн экенин божомолдоп жатышат. Себеби бул команданы белгилүү машыктуруучу, англиялык Свен-Йоран-Эрикссон таптап даярдады. Ал 2000-жылдардын башында Англиянын курама командасын машыктырып, эки ирет дүйнөлүк чемпионатка жолун ачкан. Эрикссон көп жылдар бою Европанын алдыңкы клубдарында дасыккан устат катары таанылып келген. Ошондуктан Филиппиндин футболчулары кыргызстандыктарды утуп алышы толук ыктымал…

Футбол жоокерлери намыс коргоого жөнөштү. Азия кубогунун промо ролиги - Sputnik Кыргызстан
Футбол жоокерлери намыс коргоого жөнөштү. Азия кубогунун проморолиги
Азия футбол майрамы Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында курч мүнөздө өтүүдө. Абу-Дабиден тышкары Аль-Айн, Дубай жана Шарж шаарларындагы сегиз стадиондогу оюндарга айрым кыргызстандык футбол күйөрмандары да күбө болуп жүрүшөт.

Азия кубогун япондор төрт ирет, Сауд Аравия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет уткан. Алардан сырткары, Кувейт, Ирак, Израиль жана Австралия бир жолудан Азия чемпиону болушкан. Индия, Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги, Бирма, Гонконг, Тайвань жана Таиланд өлкөлөрү байгелүү орундарга илингени менен Азия кубогун уткан эмес.

Борбор Азиядан Өзбекстан гана 2011-жылы төртүнчү орунга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0