Чоң эле киши тойдон соң онтоп, ыйлап келген. Хирург агынан жарылганда

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүПриготовление мяса в Абхазии
Приготовление мяса в Абхазии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күз — той-топурдун убагы, бирок доктурлар ашкере тойгончо жегенге болбойт деп эскертип жатып тили тешилгени калды! Хирург Эркингүл Койбакова бул жолу ашыкча тамак жегендин кесепеттери туурасында баян этти.

Эх, түнкү кезмет мага ушундай жагат десеңиз! Жумушсуз отурбайсың. Ошол кечте да иш чачтан көп эле. Түн бир оокум болуп калган, анан эле бөлүмгө кырк жаштагы аял кирди. Босогодон эле: "Ичим ооруп жатат! Баары өтүмдөгү таштын азабынан!" — деп кыйкыра баштады.

Ошентсе да ал кароо бөлмөсүнө киргиси жок. Асма ийне сайып эле, көзүнө көрүнбөшүбүздү талап кылды. Бейтапты акыры көндүрүп, аны карап чыктык. "Азыр башталат" деп ойлодум ичимден, жаңылбаптырмын.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Колу күйгөн баласын чаап жиберди... Кокуй энелер тууралуу врачтын баяны
Ызырынган аял палатадагы керебетте чалкасынан жатты, өтүндө таш бар экендигин айта баштады. Анысы эки жыл мурда да катуу кармап, доктурлар ага мүнөздөп тамактанууга кеңеш беришет.

Аял ооруканага келгенге чейин эле үч саат мурун кыйнала баштаганын саймедиреди. Көрсө, ал соңку күндөрү катары менен үч тойго барыптыр. Жебеш керек делген майлуу жана ачуу тамактан татып-татпаганын сурадым.

"Чектеген жокмун, эмне кааласам, баарын жегем. Медайымдарыңардан жиберсеңер, мага асма ийне сайышсын", — деп талап этти. Менимче, ал ооруканага ушунчалык кынык алып алганбы, айтор өзү эле буйрук берип жатты.

Кийин билсем, бул айым оорукананын дайымкы "мейманы" экен. Мүнөздөп тамактануунун ордуна ылгабай жейт экен да, анан асма ийне сайдырганы келе берет тура. Үчүнчү күнү аны ооруканадан чыгардык. Албетте, мүнөздөп азыктанууга кол шилтегендигинин кесепетин так билет, бирок жашоо ыргагын өзгөрткүсү жок.

"Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын" болуп…

Өзүнүн ден соолугуна ушундай кош көңүл мамиленин дагы бир мисалын тыңдаңыз. Бул 35 жаштагы жигитти апасы бизге алып келди. "Доктур, аябай жаман болуп турам. Доктур, жардам бериңиз", — деп оорудан онтогон бейтап жалбарды.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Керек болсо жапжаш сулуу кыздар да жуунбайт! Кыргыз хирургу гигиена тууралуу
Тактай баштадык. Бейтап кечээги тойдо бир-эки салат, ышталган эт, чучук, шорпо, балык жана куурдак жегенин мойнуна алды. Анын баарын сиңдирүүгө аябай аракет кылып, артынан газдалган сууну "басыптыр".

Таңдан тарта ал банкетти улантып сууга бышырылган сегиз жумуртка жеп, артынан coca-cola ууртаптыр.

Абалга айран таң калган ашказан кантет анан? Албетте, гастрит катуу кармайт. Жанында отурган энеси таңдана кашын көтөрө: "Уулум, эмне мынча көп жедиң? Сага доктурлар мүнөздөп тамактан дебеди беле!?" — деди.

"Апа, мен ачка болчумун…", —  деди уулу жашырбай.

Кымбаттуу кыргызстандыктар, эмнеге жанды аябайсыздар?! Тек гана бир чындыкты жакшы түшүнүп алыңыздар: эгер сиз ден соолугуңузду ырааттуулук менен талкалай бере турган болсоңуз, доктурлар сиз кынык ала түшкөндөй дайымкы жардамын көрсөтө албай калышы да ыктымал.

Хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энесин мээден ары бир койгум келди... Нарындагы дарыгер агынан жарылды
Дартыңыз андан ары күчөп кетпегидей кылууга болот, бирок бардык эле өзгөрүүлөр кайра баштагы калыбына келтире бербейт.

Билип туруп өз организмиңизди кордой берген акылга сыябы? Анан керемет дарыны ичип алсаң эле 20 жаштагыдай дениң соо боло түшпөйт. Медиктер Кудай эмес!

Дарыгер жазып берген эрежени аткарууга ар дайым тырышыңыз. Мүнөздөп тамактануу маанилүү! Эсиңизге кылт эткенде эмес, дарыны белгиленген убакытта ичиңиз, мунун маңызы да андан кем эмес. Доктурга өз убагында көрүнүү да чоң мааниге ээ! Жараткан деле "сактансаң сактайм" дейт эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0