Аялыңдын кайсы жери жагат? Тамадалардын акылга сыйбаган оюндары тизгинделеби

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЕврейская свадебная церемония
Еврейская свадебная церемония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Таалайгүл Усенбаева айрым тамадалардын тойдогу ойго келбеген, иренжиткен оюндары тууралуу кеп кылды.

Кыргызстанда той көп, таш ыргытсаң тамада менен кафе-ресторандын башына тиет. Той ырчысы жок өтүшү мүмкүн, бирок тамадасыз элестетүү таптакыр болбойт, алардын акысы да арзан эмес. Ошондуктан азыр тамадалардын ити чөп жеп жаткан мезгил десек жаңылышпайбыз.

Бата берип жаткан апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бата алуунун миң жолу. Сөзсүз эле эл чакырып той бериш керекпи?
Бул да болсо бизнестин, чыгармачылыктын бир түрү деңизчи, бирок ошол кесиптин баркын кетирип, тойдо тантырап, ойго келбеген оюндарды уюштуруп жаткан тамадаларды кандай түшүнсө болот? Эки сөздүн башын кошуп, элди күлдүрүп койсо эле тамада болуп калабы?

Тамадалар тууралуу колумнистиканы Интернетке жүктөлгөн тойдогу видеолорду көрүп жазууга мажбур болдум.

Бул той качан болгонун билбейм, бирок видеосу соцтармакка жакында эле чыкты. Анда жанагы эле "Жарайт сити" долбоорунун жакшынакай актерлору сынакка чыгып, болуп көрбөгөндөй өнөрлөрүн тартуулаптыр. Жиндикана бул жакта калсын. 200дөй кишинин алдында биринин үстүнө бири суу куюп, тилдерин чыгарып бийлеп, стриптизерлорду туураптыр. "Кой-ай" деп койгон бирөө жок. Коноктор боору калбай каткырып, кол чаап отурушат. Балдар менен байланышып сураганыбызда бул тамаданын тапшырмасы болчу деп түшүндүрүштү.

Колуна ар түрдүү тамгаларды карматып, жашы өтүп эле калган кишилерге "аялыңдын кайсы жери жагат" деп суроо бергендин өзү канчалык маданияттуу? Анысы аз келгенсип, ошол эле тамгалар менен "Кечээ саунага ким менен бардыңыз, канчанчы аялыңыз менен жашап жатасыз?" деген суроолор менен сынак өткөргөн да тамадалар бар экен. Суроосуна жооп алып элден биринчи өзү боору эзилип жыргап атат. Катышуучулар болсо залда отурган жаш-карыны, келин-кесекти көзүнө илбей эле болушунча жооп бериптир.

Былтыр бир теңтушубуздун баласынын бешик тоюна барып калдык. Тойду Кыргызстандагы белгилүү эле бир актер алып барды. Кызыктуу оюнга деп ар кайсы муундун өкүлдөрүн чыгарды да, баарына ар кайсы жаныбардын үнүн тууратты. Улгайып эле калган апага эшекти туураңыз деп тапшырма берди. Баягы апа окшоштуруп эптеп туураса, эл боору калбай каткырып, кол чаап жатты.

Белгилүү алып баруучу, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Тамада Санжар Мыкыев: күйөө баланы тоюнда сабап... ошолор да доспу
Бир ирет үлпөт тойго барып калдым. Жакшынакай эле өтүп жаткан, бир маалда тамада оюн уюштуруп, 40-45 жаштын ортосундагы беш келин менен беш эркекти чыгарды. Жуп-жуп кылып бөлүп, аялдарды ары жакты каратып туруп, мойнуна алма карматып койду. Оюндун шарты боюнча эркек ал алманы оозу менен тиштеп алышы керек. Бери жактан караган адамга тиги киши келиндин алкымын эзип өөп жаткандай көрүнөт…

Оюнга кудачам чыкты эле, отуруп-отурбай эле күйөөсүнөн муштум жеди. Жанындагылардын "кой-айы" менен тойдун аягына чейин араң чыдап отурду окшойт, эшикке алып чыгып аябай уруптур. Анысы аз келгенсип үйгө баргандан кийин да жакшы эле сабаган экен, көгаласын көрсөң бооруң ооруйт.

Мындан сырткары, аялдарды эки-экиден уруштурган оюн, эркектерди ич кийимине чейин чечинткен да сынактар бар экен.

Мунун баары тамадалардын тапшырмасы. Тойдо шаңдуу отуруш үчүн сөзсүз эле ушундай оюндарды уюштуруш керекпи?

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
Тойдун алып баруучуларын "кой" деп койгон бирөө жок. Тамадалардын тапкан акчасын эмес, тойдо өткөргөн сынактарын, программасынын мазмунун текшерген бир жан, орган барбы? Маданият, этика, "улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо" деген кыргыздын канына сиңген баалуулуктар ушундай майда-чүйдөдөн акырындык менен бузула баштагандай…

Той бере тургандар жакшылык өткөрөрдө бир ооз тамада менен "кандай оюн өткөрөсүң" деп сурап, кеңешип алса. Антпесе өзү да, чакырган коногу да ыңгайсыз абалда калышы толук ыктымал.

Баса, бул жерде сөз бардык тамадалар тууралуу болгон жок.

P.S. Автордун ою редакциянын пикири менен дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0