17:04 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Похороны основателя крупнейшей благотворительной организации Абдуса Саттара Эдхи

Адамзаттын жанына аралжы болгон Пакистандын Асан кайгысы

© AFP 2019 / RIZWAN TABASSUM
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
53510

Колумнист Алмаз Батилов пакистандык Абдус Саттар Эдхинин мисалында эч кимге эч кандай док артпай эле алсызды аяп, жетим-жесирди жөлөп коюуга болорун жазды.

Пакистан элинин басымдуу бөлүгү өлкөнү түптөгөн Али Жинна менен Абдус Саттар Эдхини гана улуттук баатыр катары сыйлайт. Бүт өмүрүн кайрымдуулукка арнаган Абдус Саттардын фондусун "Эдхинин кайрымдуулук империясы" деп аташат. Кызыгы, Абдус өмүрүндө бир да жолу саясатка аралашкан эмес.

Пакистанда бүгүнкү күндө деле улуттук саламаттык сактоо системасы өнүккөн эмес, медициналык камсыздандыруу боюнча программасы да жок. Мындан сырткары, өлкөдөгү социалдык мекемелер калкка тыңгылыктуу жардам бере албайт. Атүгүл Пакистандын ортоңку катмарындагы эли айласыздан чет өлкөгө барып тиш дарылатып келет. Ал эми оңчулуктуу билим албаган Эдхи мамлекет аткара албаган жүктү өзүнө артып, өмүрүн кембагалдарга, ташталган балдарга, каралбай калган карыларга, зордук-зомбулук көргөн адамдарга, табигый кырсыктан жабыр тарткандарга, көп балалуу жесирлерге, апийим чеккендерге жана жин оорусу менен ооругандарга арнады.

Кайрымдуулуктун башаты

Абдус Саттар Эдхи 1928-жылы Британиялык Индиянын Гужарат аймагында орто жашаган үй-бүлөдө төрөлгөн. Бирок 1947-жылы Индия экиге бөлүнгөндө, Эдхинин үй-бүлөсү Пакистандын Синд чөлкөмүндө жайгашкан Карачи шаарына качууга аргасыз болгон. Ал оорукчан энесин багат. Тилекке каршы, Эдхинин эч кандай билими жана адистиги жок болгондуктан, ал көчөдөн кайыр сураганга мажбур болот. Мындай ишмердүүлүктүн аркасы менен акча чогултуп, жүк ташуучу эски фургон сатып алат. Эдхи Карачинин жанында жана дарыянын боюнда калган адамдардын өлүгүн чогултуп, фургонуна жүктөп, моргго алып барчу. Маркумдардын сөөгүн жууп, жаназасын окуп, акыркы сапарга узатчу. Ошентип Эдхинин биринчи кайрымдуулук иши эч ким көңүл бурбаган өлгөн адамдары акыркы сапарга узатуудан башталды десек болот. 1951-жылы 23 жаштагы Эдхи чогулткан каражатынын жарымына Карачинин жакырлар жашаган "Митхадар" конушунан чакан бөлмө сатып алып, фонду түптөйт да бир дарыгердин көмөгү менен кедей-кембагалдар үчүн атайын дарыкана ачат. Өзү болсо тышта цементтен жасалган отургучта уктачу дешет. Бейтаптар аны күн-түн болобу, ошол жерден табышчу экен. 

Основатель крупнейшей благотворительной организации в Пакистане Абдус Саттар Эдхи
© AFP 2019 / AAMIR QURESHI
Основатель крупнейшей благотворительной организации в Пакистане Абдус Саттар Эдхи

"Колуңан келишинче төлөп кет. Төлөй албасаң таарыныч жок"

1957-жылы Пакистанда грипп эпидемиясы жайылып, анын кесепетинен миңдеген адам запкы тартат. Эдхи насыя алып, алачыктарды сатып алат. Аларды тигип, элди бекер эмдете баштайт. Ал ар бир алачыктын жанына темир кутуча коюп, ага: "Колуңан келишинче төлөп кет. Төлөй албасаң таарыныч жок" деп жазат. Бир жуманын ичинде Эдхи 30 миң рупий топтоп, аялдарга кеп-кеңеш берген борборун жана медайымдарды даярдаган мектеп түптөйт. Андан кийин ал жергиликтүү ишкердин берген каражатына эски автоунаа сатып алып, аны Тез жардамга айландырат. Эдхи ал автоунаанын эки капталына "Жардылар үчүн автобус" деп жазат. Ошол кезде Синд аймагында болгону мамлекеттик беш Тез жардам унаасы бар эле. Эдхи күнү-түнү автобус айдап, медициналык жардамга муктаж адамдарды ооруканага жеткизген. Ошол эле маалда моргдон туугандары баш тарткан өлүктөрдү унаасына салып, жерге берчү. Азыркы күндө Эдхинин фондусунда 2000 Тез жардам автоунаасы, жардам берчү 40 катер жана 2 тик учак бар. Гиннестин рекорддор китебинде дүйнө жүзүндө Эдхинин фондусу транспорттун көптүгү менен катталган.

"Кайрымдуулук империясынын" түптөлүшү

Эдхинин фондусуна Пакистандын бийлиги эч качан көмөк көрсөткөн эмес. Анын үстүнө ал диний жана чет элдик бейөкмөт уюмдардын жардамынан баш тартчу. Эдхи жардам кабыл алган күнү алардын койгон шартына баш ийиш керек деген. Кайрымдуулукка керектүү сумманы ал көчөдө кайыр сурап чогулткан. Фонду Пакистан боюнча 375 борбор ачкан, азыркы күндө анда 7500 ыктыярчы иштейт.

Эдхинин жубайы Билкис ата-энеси баш тарткан балдарга тарбия берет. Мындан сырткары, ал өзү тарбиялаган кыздары турмушка чыкканда себин даярдап, энеси катары узатат. Эдхинин фондусунун кеңселеринин алдына азыр да күн сайын ата-энеси баш тарткан ымыркайларды таштап кетишет. Фондусунун бюджети 22 миллион долларга жетсе да, Эдхи жубайы экөө төрт баласы менен жупуну жашады.

"Ал бүлөсү үчүн үй сатып албай, Карачинин кедей-кембегалдардын конушунда жайгашкан, бейтапканадагы терезеси жок кичинекей бөлмөдө, жерде уктачу. Эртең менен Эдхи болгону чай ичип жана бир үзүм нан жечү. Жардам сурагандар күн-түн дебей телефон чалып турчу, Эдхи аларга колунан келген көмөгүн көрсөтчү", — деп белгилейт орус окумуштуусу Анна Суворова. Эң кызыгы, азыркы күндө да анын үй-бүлөсү фондунун кеңсесинде жашайт. Жөнөкөй кийинип, өзүн кайырчы деп атаган Эдхи эч качан айлык алган эмес, мамлекеттик облигациялардан түшкөн каражатка жашачу.

Өлүм кары-жашка, бай-кедейге карабайт

Эдхи кээде жолдун боюна отуруп акча топтогон. 2010-жылы Пакистандын тарыхында эң ири сел болуп, эки миллион адам баш паанексиз калганда кайыр сурап, 25 миң доллар чогулткан. Мындан сырткары, ал табигый кырсык болгон аймакка барып, жабыр тарткан элге көмөк көрсөтүш үчүн фондунун 60 унаасын алып келген. Жүздөгөн ыктыярчысы 30 миң адамды эвакуациялап, 60 миңден ашык кишини азык-түлүк менен камсыздаган. Фонду алачык шаарчаларын уюштуруп, күн сайын миңдеген адамга бекер ысык тамак жана дары-дармек берген. Дал ушул себептен пакистандыктар Эдхинин чет өлкөлөрдө табигый кырсыктан жабыркаганда жардам берген учурларын эч качан сындашчу эмес.

2005-жылы Эдхинин фондусу АКШда "Катрин" аттуу куюндан зыян тарткандарга 200 миң доллар жөнөткөн. Тагдырдын тамашасын караңыз, жарды өлкөлөрдүн катарына кирген Пакистандын өкүлү, көчөдө кайыр сурап каражат топтогон Эдхи ааламда эң ири жана бай державанын жабыр тарткан атуулдарына көмөк көрсөткөн. Андан тышкары, фонду Афганистан, Гаити, Босния, Ливан жана Эфиопиядагы табигый кырсыктан жапа чеккендерден жардамын аяган жок. Эдхи Азиядагы эң кадыр-барктуу "Рамон Магсайсай" сыйлыгы менен сыйланган. Бул Нобель сыйлыгы менен барабар экенин белгилей кетүү керек.

1988-жылы Армениянын Спитак шаарындагы жер титирөөдө Эдхи биринчилерден болуп көмөк көрсөткөн. Анын мындай боорукерлегин баалап, СССР аны эл аралык тынчтык атындагы Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Советтер Союзу буга чейин аталган сыйлыкты Пакистандын көрүнүктүү акыны жана коомдук ишмери Фаиз Ахмад Фаизге гана берген.

Эдхи — Пакистандын руханий лидери

Эдхи эч бир саясий партияга мүчө болгон эмес, бийликке да эч качан жагалданган жок. Анын саясатка аралашпаганы өлкө үчүн зор пайдасын тийгизди. "2011-жылы Карачиде айыгышкан улуттук кагылышуу жүрүп жаткан учурда Эдхинин Тез жардам унаалары жарадарлар менен каза болгондорду алып кетүүгө келген. Ошондо эки тарап тең ок атканын токтоткон. Эдхинин унаалары аларды алып кеткенден кийин эки жак тең кайрадан бири-бирине ок чыгара баштаган", — дейт россиялык илимпоз Суворова.

Эдхини ашынган исламчылар душман көрүшчү. Анткени Эдхи христиан жана индус динин туткан пакистандыктарга да колунан келген жардамын берчү. Анын үстүнө: "Мен коммунистмин жана революционермин. Зулумдукка каршы калыстык үчүн күрөшөм. Менин миссиям — гумандуулук", — деп айтчу. Мындан улам Эдхини ашынган диний радикалдар каапыр атаса, карапайым калк аны пир тутчу.

2013-жылы Эдхинин эки бөйрөгү ооруп, диализге муктаж болот. Ошол кездеги өлкө башчысы Асиф Али Зардаринин Лондондун эң мыкты ооруканасына жөнөтөйүн деген сунушунан баш тартат. Ал Ата Мекениндеги мамлекеттик ооруканада дарыланам деп болбой коёт. Эдхи ичер суусу түгөнөрдө ички органдарын трансплантация кылуу боюнча акыркы керээзин айтат. Карылыктан улам, Эдхинин болгону эки көзүнүн тунук чели гана жарактуу болуп чыгат да органдар муктаж болгондорго берилет. 2016-жылы 8-июлда Эдхи каза болгондо Пакистандын эли сыздап-боздоп, акыркы сапарга узаткан.

Тема боюнча

Тозоктогу белгисиз көтөрүлүш. Бадабер чебинде дайынсыз калган жоокерлердин сөөгү
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Белгилер:
колумнистика, тарых, Алмаз Батилов, Пакистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ