Геосаясий атаандаштык жана анын акыбети. Оюндан от чыкпасын...

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков дүйнөдөгү түзүлгөн кырдаалга абай салып, эмне себептен арааны жүрүп турган мамлекеттердин кепке келүүсү зарыл экенине токтолду.

Коммуникациянын жана технологиянын абдан тез өнүгүшүнөн, миграция агымынын кеңейишинен жана ылдамдашынан улам дүйнө кичирейип бир чоң айылга айланып барат. Бир убакта Христофер Колумб үч айда араң өткөн Атлантика мухитин "Конкорд" самолёту үч саатта учуп өткөнүнө да отуз жылдан ашты. Убагында Бишкектен Караколго же Ошко телефон чалыш үчүн сааттап Телекомдо кезекте турчубуз. Баасы да оңбогондой кымбат эле. Азыр көчөдө баратып Нью-Йорк, Лондон жана Токио менен арзыбаган акчага, керек болсо WhatsApp, Facebook аркылуу акысыз байланышсаң болот.

Мурда Меккеден келгендердин оозунан ажылыктын ажайып сапары тууралуу кунт коюп тыңдасак, азыр касиеттүү Каабанын тегерегинде эмне болуп жатканына интернет аркылуу түз ободо 24 саат бою сереп салсаң болот. Ошентип ааламдын алыскы бир аймагында болгон окуянын таасири заматта эле башка аймактарына, керек болсо булуң-бурчтарына чейин тийчү күрдөөлдүү глобализация доорунда жашап жатабыз. Андыктан, "алыскы" Сирияда, Йеменде, Нигерияда же Ливияда болуп жаткан жараяндардын эпкини көз ачып-жумганча Борбордук Азияга келбейт деген кепилдик жок.

Бат жараяндар жана жай өзгөргөн структура

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экстремизмдин идеологиялык сыйыртмагы же ала кушту атынан атайлы
Дүйнөдө жараяндар боло берет жана бат-бат өзгөрүп турат. Алар акыр аягы эл аралык түзүлүштүн структурасынын өзгөрүшүнө алып келет. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки бардык эл аралык жараяндар ошол учурдун супердержавалары СССР менен АКШнын атаандашуусуна жана тирешүүсүнө жараша орун алган. Берлин дубалынын курулушу, НАТО жана Варшава Келишими уюмдарынын түзүлүшү, Корей жарым аралындагы согуш, Фидель Кастро башындагы Куба ыңкылабы, Кариб кризиси, Чилидеги Сальвадор Альенденин тагдыры, "Прага жазы", Вьетнам жана Афган согуштары сыяктуу жараяндар ошол "эки дөөнүн" тирешинин кесепеттери болгон. Ички жана тышкы бир канча себептерден улам СССР урап, эл аралык системанын эки чордондуу (биполярдуу) структурасы жалгыз АКШнын гегемониясы өкүм сүргөн бир чордондуу (монопоялрдуу) структурага айланды. Европа Биримдигинин кубаттанышы, Кытайдын таасиринин жайылышы жана Россиянын кайрадан тикелениши себептүү АКШ ал позициясын узакка чейин кармай албады.

Кансыз согуш аяктаары менен ааламда мурдагыдай күчтүүлөрдүн кырды бычак болуу доору артта калып, тилектештик жана бейпилдик орун алат деген либералисттик божомолдор суу кечкен жок. Ирактагы эки согуш, НАТОнун Югославияны бомбалоосу жана Афган операциясы, Сирия алааматы, Украинанын жиктелиши ж.б. бир катар регионалдык, улуттар аралык конфликтилер мунун далили. Демек эл аралык жараяндар мурдагыдай эле динамикалуу мүнөздө жана анын артында дүйнөлүк саясатты аныктаган кубаттуу оюнчулар турушу мүмкүн деген пикирлер бар. Анткени бирөөлөр үчүн эл аралык айдыңда азыркы абалын сактоо зарыл болсо, экинчилери жагдайды өзгөртүү аракетинде.

Амбициялардын тиреши

Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеменин түбүн тешпе, бир боорум. Мекен менен соодалашпа!
АКШ азыркы дүйнөдөгү аскерий күчү, экономика жана идеология жагынан алдына ат салдырбаган турумун сактап калганга канчалык аракет кылбасын, ага чакырык таштаган оюнчулар барын, жана дале чыга берерин мезгил көрсөттү. СССР жок болгон менен экономикалык инструменттерди ийгиликтүү колдонуу аркылуу анын дүйнөдөгү, өзгөчө Азиядагы жана Африкадагы "Үчүнчү дүйнө" өлкөлөрүнүн арасындагы ордун кайсыл бир деңгээлде Кытай ээледи. Мисалы, 2018-жылдын 3-сентябрында төрага Си Цзиньпин Кытай Африка өлкөлөрүнө баш-аягы 60 миллиард доллар инвестиция салары тууралуу расмий жарыялады. Кытайдын континентке буга чейинки берген жардамдары жана кредиттери да далай миллиарддын башын чапчыйт.

Кытай, ошондой эле, жер шарынын калкынын 60 пайыздан ашыгы жайгашкан Евразия аймактарында экономикалык, маданий кызматташуунун жаңы моделин, механизмдерин иштеп чыгып, ургаалдуу өнүгүү үчүн зарыл деп эсептеген триллиондогон долларлык "Бир алкак жана бир жол" (Один пояс и один путь) долбоорун сунуштап, канчалаган мамлекеттердин назарын өзүнө ийгиликтүү буруп жаткан чагы. "ХХI кылымдын деңиз жибек жолу" демилгеси менен Тынч жана Инд мухиттери аркылуу соода-сатыкты күчөтүп, деңиз державасы макамын бекемдөө аракетинде. Булардын баары АКШны жана башка эл аралык саясаттын ири оюнчуларын ойлонтпой койбойт. Себеби, Кытайдын дүйнө өлкөлөрүнө тийгизген экономикалык жана маданий таасири бир күнү саясий өңүткө өтпөйт деп эч ким айта албайт.

Путин бийликке келгенден тартып Россиянын да СССР урагандан кийинки бошоңдой түшкөн таскагы кайра катуулап, геосаясаттагы ролу активдешкен. КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу регионалдык эл аралык интеграциялык институттар, энергетикалык долбоорлор, коопсуздук келишимдери аркылуу жасаган саясий, аскерий жана экономикалык маневрлары кайсыл бир деңгээлде өз жемишин берүүдө. Грузия, Украина жана Сирия маселелериндеги ээлеген катуу позициясы аркылуу Батыш менен кандай өңүттө болсо да тирешүүгө даярдыгын тастыктады.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп Кытай Россиядан да коркунучтуу экенин айтып, себебин түшүндүрдү
Кытайдын супердержава болуу аракети же Россиянын күчтөнүүсү дүйнөлүк структуранын кайрадан эки чордондуу (биполярдуу) же көп чордонуу болуп өзгөрүүсүнө алып баратат. АКШ буга байкоо салып гана тим турабы же чара көрүп, кезектеги шахматтык жүрүштөрүн жасайбы? Азыркы Россияга каршы санкциялар, Кытай менен соода согушу ошондой жүрүштөрдөн эмеспи?

Кыйыр атаандаштыктын акыбети

Экономикалык чаралар менен түздөн-түз тирешүүдөн башка кыйыр түрдө тымызын күрөштүн болушу талашсыз. Канчалаган башка өлкөлөр мына ушундай күрөштүн кесепетине кептелбей койбойт. Кээ бир билермандар "Араб жазы", Ливия, Сирия, Ирактагы алааматтар, Ирандын өзөктүк долбоорлоруна карата басым, кытай-япон алакаларынын чыңалуусу, Грузия, Украина сыноолору ошондой структуралык өзгөрүүгө жол бербөөнүн аракети деп эсептешет. Анткени Ливияда да, Сирияда да, Иранда да Кытай менен Россиянын позициясы бекем болчу. Муаммар Каддафинин учурунда Кытай Ливияга 50 экономикалык долбоор үчүн 19 миллиардга жакын АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция киргизгени айтылат. Россия да миллиарддаган инвестициясын Ливияда мунай чалгындоо жана өндүрүү, темир жол куруу жана курал-жарак сатуу иштерине жумшаган. Ошол эле мезгилде батыш үчүн Каддафинин эшиги жабык эле.

1964-жылы бийликке "Баас" партиясы келгенден бери АКШ менен татаал мамиледеги Сирия Жакынкы Чыгыштагы СССРге, кийин Россияга эң лоялдуу өлкө болуп келген. Тартус портунда орустардын чет өлкөдөгү жападан жалгыз аскер-деңиз базасы жайгашкан. Аны толук кандуу орус аскер-деңиз флотуна айлантуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Сирия армиясы орус куралдарын алганы үчүн эле карызы 14 миллиард АКШ долларына жеткен. Эгерде Башар Асаддын режими да Каддафиники сыяктуу кулатылса, анда орустардын Тартустагы, ошону менен Жакынкы Чыгыштагы амбицияларына чекит коюлары бышык. Ошондой эле Москва курал-жарак саткан чоң рыногунан кол жууйт. Бул Россиянын кайрадан дүйнөлүк держава катары тикеленишин жок эле дегенде бир канча ондогон жылга артка жылдырат.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Ким Чен Ын экөөбүз аябай ынак болуп калдык
Ал эми Кытай калкы көп болгондуктан энергия булактарына муктаждыгы тездик менен өсүп барат. Мунай менен газга бай Жакынкы Чыгыш бул өңүттөн Кытайга өтө маанилүү регион. Андагы мамлекеттер менен алака түзүп Пекин энергетикалык маселелерин чечип алса, Вашингтон баштаган Батыштын Кытайга таасир этүү рычагдары дагы азаят.

Ошентип дүйнөнүн ар кандай региондору ири оюнчулардын тирешкен "рингдерине" айлануу тобокелчилиги бар. Ошондуктан дүйнөдө бейпилдик болушу үчүн АКШ, Россия, Кытай, Европа Биримдиги, Япония сыяктуу оюнчулар абдан акылман жана дыкат саясат жүргүзүүсү абзел. Албетте, эл аралык саясатта эч качан толук гармония болбойт. Бирок диалог жана кызматташуу аркылуу канчалаган апааттарды болтурбай коюу мүмкүн жана зарыл. Ушул өңүттө улуу державалардын мойнунда өтө чоң жоопкерчилик турат. Оюндан от чыкпасын…

Жаңылыктар түрмөгү
0