20:47 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Япон империясынын акыркы жоокери Хироо Онода

Аралда 30 жыл жалгыз согушкан жоокер. Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы

© AP Photo / stf
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Алмаз Батилов
148930

Бүгүн дүйнө жүзүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы белгиленет. 1945-жылы 2-сентябрда Токио булуңунда АКШнын "Миссури" атындагы аскер кемесинде милитаристтик Япония СССР, Франция, Улуу Британия, АКШ алдында капитуляция тууралуу Актыга кол койгон. Дал ушул тарыхый ирмем тууралуу колумнист Алмаз Батилов баяндамакчы.

Япон империясынын антифашисттик өнөктөштүктүн алдында куралын таштап жана багынып берүүсүнө СССРдин салымы зор. АКШнын жетекчилери менен тарыхчыларынын пикиринде эгерде Совет мамлекети Японияга каршы согушка кийгилишпесе, анда согуш бери дегенде бир жылга созулуп, миллиондогон адам курман болот эле.

Белгилей кетсек, адамзаттын тарыхында эң кандуу согуш 1939-жылы 1-сентябрда фашисттик Германия Польшага кол салгандан тарта башталган. 

© РИА Новости
Адамзаттын тарыхында эң кандуу согуш 1939-жылы 1-сентябрда фашисттик Германия Польшага кол салгандан тарта башталган

Ачыкка чыккан химиялык курал

Көпчүлүк Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылы 9-майда аяктаган деп ойлойт. Бирок иш жүзүндө Азияда 9-майдан кийин да фашисттик Германиянын эң ишенүчтүү тарапкери милитаристтик Япония менен АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн ортосунда айыгышкан согуш жүрүп жаткан учур эле.

1945-жылдын 8-августунда СССР Японияга каршы согуш жарыялайт. Натыйжада Кызыл армия Түндүк Кытай менен Корея, Курил жана Түштүк Сахалин аралдарын бошотот. Эске сала кетсек, Токио 1931-жылы Кытайдын Маньчжурия аймагын басып алып, көз каранды Маньчжоу-го мамлекетин жана СССРге каршы багыталган Квантун армиясын түзгөн. Андан кийин 1937-жылдан баштап Япония Кытайды бүт басып алууну көздөп, ага согуш жарыялады. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Япон армиясы гана 1925-жылы Женевада согуш учурунда химиялык куралды колдонбоо тууралуу протоколду бузуп, Кытайга каршы дал ушул куралды пайдаланган.

1937-жылдан баштап 1945-жылга чейин япон баскынчылары кытай элине болуп көрбөгөндөй мыкаачылык көрсөткөн. СССР, АКШ жана Улуу Британия кытай патриотторуна жардам иретинде тымызын аскердик техника берип, адистерин жиберген. Ал эми фашисттик Германия менен Италия япон баскынчыларынан жардамын аяган эмес. 1938-жылы СССР Квантун армиясына туруштук бериш үчүн "Ыраакы чыгыш" фронтун түптөйт. Белгилей кетчү жагдай, буга чейин 1936-жылы Берлинде Германия, Италия жана Япония СССРге каршы багытталган "Коминтернге каршы" аттуу пактысына кол коет. Япония ушул келишимге кол койгонго чейин Совет мамлекетине каршы иш-чараларды Орто Чыгышта жүргүзгөн. Буга белгилүү орус тарыхчысы Юрий Тихоновдун "Афганская война Сталина" аттуу китебин далил кылууга болот. "1931-жылы Афганистан менен Япония дипломатиялык мамиле түзгөндөн кийин Токио бул өлкөдөгү тарапкерлерине таянып, Совет өлкөсүнө каршы чалгын иштери менен диверсиялык актыларды жүргүзгөнгө умтулган. Анткени 1920-30-жылдары Советтик Түркстан менен чектеш Түндүк Афганистанда тажик, түркмөн, өзбек, кыргыз жана казак басмачылары баш паанек тапкан. Мисалы Түндүк Афганистандын Баглан, Бадахшан, Файзабад, Шугнан аймактарында тажик, өзбек, кыргыз жана казак басмачылары отурукташкан. Мындан тышкары, алар курал-жарагын толугу менен сактап калган. Ошондуктан булар менен немис жана япон чалгынчылары кызматташканга абдан кызыкдар эле" деп жазат тарыхчы. Анын айтымында, япон чалгын кызматы Түндүк Афганистанда СССРден качып келген басмачылардын арасында жашыруун уюмдарды түзүүгө аракеттенген. Басмачылардын ичинен мыктыларын тандап, Японияга диверсиялык ыкмаларды үйрөтүүгө жиберген. Кытайга жардам берген СССРден Токионун чалгын кызматы ушинтип өч алууга умтулган. 

Токио после налета американской авиации. Фото из книги История Великой Отечественной войны Советского Союза 1941-1945 гг, том 5, стр 496.
© Sputnik / РИА Новости
Токио Америка авиациясы кол салгандан кийин

Басмачыларды пайдалануу

Япон чалгынчылары тил табышкан басмачылардын арасында белгилүү кыргызстындык корбашы Көр-Шермат да бар эле. "Бул басмачылар япон чалгын кызматына ишенимдүү булактары аркылуу советтик Түркстандын ичиндеги саясий жана экономикалык абал тууралуу так маалымат чогултуп берип турган" деп жазат орус окумуштуусу Тихонов. Анын үстүнө СССР менен Япониянын ортосунда 1938-жылы Ыраакы Чыгыштагы Хасан жана 1940-жылы Монголиядагы Халхин-Гол көлүндө айыгышкан кагылышуу болгон. Бул эки кагылышууда Москва жеңишке жеткен. Бирок СССРдин батыш чек арасында абал оорлоп, Кремль Токио менен аргасыз убактылуу тил табышкан. Ошол эле убакта Япониянын мүдөөсү да СССР менен согушпоо болчу. Анткени Токио АКШ жана анын өнөктөштөрүнө каршы согуш ачканга умтулуп жаткан учур эле. Дал ушул себептен улам 1941-жылы 13-апрелде СССР менен Япония нейтралитет тууралуу Пактыга кол койгон. Бирок Япония бул келишимдин эрежесин сактабай коет.

1941-жылы 22-июлда СССРге фашисттик Германиянын кол салганынан пайдаланып, Япония Маньчжурияда Квантун армиясын күчтөндүрүп кирет. Токио Германия СССРди кыска убакыттын ичинде багындырат деп божомолдогон. Мындан улам Ыраакы Чыгыш менен Сибирди басып алууну максат кылган. Анын үстүнө 1941-жылы 7-декабрда Токио АКШ менен Улуу Британия жана алардын өнөктөштөрүнө кол салып, согуш жарыялады. Андан кийин 11-декабрда Германия, Италия жана Япония бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биргелешип согуш жүргүзүү тууралуу келишимге кол койгон. Мындан улам 1941-жылы 15-сентябрда СССР Чыгыш Сибирь чөлкөмүндө "Байкал фронтун " түзүүгө мажбур болот. Ушул себептен Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ыраакы Чыгыш менен Байкал фронтундагы жоокерлер менен аскердик техниканы толук пайдалана албай, өлкө ал жакта 1 миллион 568 миң аскерин кармаганга аргасыз болгон. Мындан сырткары, Кызыл армияда 4495 танк бар эле. Анын ичинен 2541 танк өлкөнүн чыгыш аймагында япон армиясына каршы турган. Ошол эле убакта жогоруда айтылган эки фронтто мамлекет 2951 аскердик самолетун жайгаштырган. Бул жоокерлер менен аскердик техника батыш фронтко абадай керек эле. Тилекке каршы, Япония сөзүнө турбай, Квантун армиясынын бөлүктөрү СССРдин чек арасын 779 жолу бузуп кыр көрсөткөн. Андан тышкары, Токионун учактары мамлекетибиздин абадагы мейкиндигин 433 ирет ашып чагымчылык кылган. Ошол эле учурда Квантун армиясы СССРдин аймагына ок чыгарган күндөр болгон. Токио трибуналынын материалдары боюнча 1941-жылы июнь айынан тартып 1945-жылдын август айына чейин япон флоту мыйзамсыз түрдө советтик 178 кемени басып алып, 18 соода кемесин чөктүргөн. Натыйжада Ата Мекенибиздин казынасы 637 миллион рубль зыян тарткан.

Берлин менен Токионун атайын кызматы Түндүк Афганистандагы басмачыларды СССРге каршы пайдаланууга аракеттенген. Тарыхчы Тихоновдун "Афганская война Сталина" аттуу китебине таянсак, 1941-жылы сентябрь айында Афгандык Түркстанда жайгашкан кыргыз корбашысы Камчы-бек немис жана япон чалгынчылары менен убадалашып, СССРге бир нече ирет кол салууну уюштурган. Бирок СССР менен Англиянын чалгын кызматы Берлин жана Токионун мындай аракетине бөгөт коёт. Анын үстүнө Япониянын Совет мамлекети Германиядан жеңилет деген тилеги таш капкан. Өзгөчө Кызыл армиянын Сталинград менен Курскинин алдында Гитлердин армиясын талкалаганы Токионун ээсин оодарып салды. Япония АКШ, Англия, Кытай жана алардын өнөктөштүрүнө каршы согушуп, материалдык жана руханий жактан алсыраган. Эгерде Ыраакы Чыгыш менен Чыгыш Сибирде жайгашкан аскердик күчтөрдү батыш фронтто толук пайдаланса, СССР фашисттик Германияны эрте талкаламак. Ошол эле убакта Кытайдын начар куралданган жана аскердик даярдыгы анча жок 4 миллион жоокери менен партизандарынын күнү-түнү япон армиясына каршы согушканы да өлкөбүзгө зор жардам бергенин кантип унутабыз. 

Советские войска проходят по одной из улиц Харбина (Северо-Восточный Китай). Разгром империалистической Японии в Маньчжурской операции. Вторая Мировая война (1939-1945). Снимок из фондов ЦГАКФД СССР.
© Sputnik / РИА Новости
Совет аскерлери Харбиндеги (Түндүк чыгыш Кытай) көчөлөрдүн биринен өтүп баратышат

Японияга каршы согуш

1945-жылы февраль айында Ялта шаарында өткөн конференцияда СССРдин лидери Иосиф Сталин өнөктөштөрүнүн алдында Кызыл армия Европада фашисттик Германияны талкалагандан 2-3 ай өткөндөн кийин Японияга каршы согуш ача турганы тууралуу убадасын берет. 1945-жылы 26-июлда Потсдам конференциясында АКШ, Уулу Британия жана Кытай биргелешип декларация кабыл алып, үч держава Япониянын толугу менен багынуусун талап кылган. Япониянын СССРди ортомчулукка тартуу далалатынан майнап чыккан эмес. 6 жана 9-августта АКШ Хиросими менен Нагасаки шаарларына өзөктүк бомба таштап, мындан 160 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылат, экологиялык жактан болуп көрбөгөндөй зыян алып келет. Мындай сокку уруунун кажети бар беле деген суроого бүгүнкү күндө да жооп табыла элек.

1945-жылдын 8-августунда Москва Япон империясына каршы согуш жарыялайт. СССР менен Монголиянын биргелешкен армиясы, Түндүк Кытайдын басымдуу бөлүгүн ээлеген япон баскынчыларынын каршылыгына карабастан, ал аймакты бошотот. 20-августта Квантун армиясы куралын таштап багынып берет. Ал эми 5-сентябрда советтик аскерлер Түндүк Корея, Түштүк Сахалин, Курил аралында жайгашкан япон бөлүктөрүн толугу менен талкалайт. СССРдин мындай аракетинин натыйжасында бир миллион жоокери бар Квантун армиясы жеңилет. Анын ичинен 84 миң япон аскери каза таап, 600 миң жоокер туткунга түшөт. СССРдин 12 миң аскери курман болот. 1945-жылы 2-сентябрда Токио булуңунда АКШнын "Миссури" атындагы аскер кемесинде милитаристтик Япония СССР, Франция, Улуу Британия, АКШ жана башка өнөктөштөрдүн алдында капитуляция тууралуу Актыга кол коёт. Ошентип Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктайт. 

Подписание акта о капитуляции Японии на борту линкора Миссури (2 сентября 1945 г.). Лица, подписавшие акт: со стороны Японской империи - министр иностранных дел Сигэмицу Мамору и начальник генерального штаба Умэдзу Ёсидзиро (стоят в центре), со стороны союзных армий - Верховный главнокомандующий союзными армиями, генерал армии США Дуглас Макартур, со стороны СССР - генерал-лейтенант К. Н. Деревянко (ставит подпись).
© Sputnik / Виктор Темин
1945-жылы 2-сентябрда Токио булуңунда АКШнын "Миссури" атындагы аскер кемесинде милитаристтик Япония СССР, Франция, Улуу Британия, АКШ жана башка өнөктөштөрдүн алдында капитуляция тууралуу Актыга кол коёт

Согуштун запкысы

Экинчи Дүйнөлүк согушта Кытай абдан запкы тарткан. Айрым маалыматтар боюнча Кытайдын 20дан 35 миллионго чейинки жараны курман болгон. Жогоруда айтылган Квантун армиясынын жоокерлери советтик туткунга түшкөндөн кийин айрымдары Кыргызстанга жиберилет. Алар Боом капчыгайындагы темир жолду жана Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында жайгашкан аскер санаторийин салышкан. 

Хиро Онода — младший лейтенант войсковой разведки японских вооружённых сил, воевавший против союзных войск на филиппинском острове Лубанг во время Второй мировой войны (с 1944 года) и в течение многих лет после этого, отказываясь верить, что война закончилась. Он сдался филиппинским властям только в 1974 году.
© AP Photo /
Бул япон аскери 30 жылдын ичинде 30 адамды өлтүрүп, 100 кишини жарадар кылган

Жалгыз жоокер

Эң кызыгы япон империясынын акыркы жоокери Хироо Онода Филиппиндин Лубанг аралында 1974-жылы гана туткунга түшөт. Буга чейин ал Япония баш ийди деген буйрукка такыр ишенген эмес. Онода филиппин аскерлери менен полиция кызматкерлерине кол салып айласын кетирген. Бул япон аскери 30 жылдын ичинде 30 адамды өлтүрүп, 100 кишини жарадар кылган. Атүгүл Хироо Лубанг аралында жайгашкан аскер базасына да каршы диверсия кылганга жетишип турган. Акыры 1974-жылы япон бийлиги анын мурдагы командири, отставкадагы майор Ёсими Танигутини Филиппинге жиберет. Танигути Онодага радио аркылуу расмий түрдө туткунга түшүү жөнүндө буйрук бергенден кийин гана куралын таштап, филиппин бийлигине баш ийип берет.

Тема боюнча

Жеңишке 10 мүнөт жетпей калган өмүрлөр... Ардагерлер кан майданды эскерет
Унутта калган даңазалуу Кричев дивизиясы. Фрунзеликтердин белгисиз эрдиги
Белгилер:
Экинчи дүйнөлүк согуш
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ