20:46 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Кыргызстандын желегин илип жаткан аскер кызматкери. Архив

Тоталитаризмден парламентаризмге… Эгемендиктин 27 жылдык сабагы

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуржигит Кадырбеков
40650

Чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери белгиленип келе жаткан майрамдын тарых-таржымалы, турмуштан алган сабактар тууралуу колумнист Нуржигит Кадырбеков учкай кеп салды. Автор макаланын уландысы бар экенин эскертет.

Биринчи макала 

Өзгөчөлөнгөн жол

Эгемендик бизге үйгө айттырбай кирген кудайы коноктой капылет келген. Конокко коёр тамагы, жаяр дасторкону жок, болсо да даяр эмес үй ээси чый-пыйы чыгып, капсалаңга түшкөндөй бир топко чейин баш-аягыбызды таппай, айлабыз түгөнүп убара тарттык. Кыйналдык, кысталдык… 

Кыргызстандын пезиденти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бир жагынан ошол кыйынчылык сыноо бизди таштан-ташка урунган тоо дайрасындай бышырды, усталар уруп калыпка салган кызуу темирдей курчутту. Акырындап эсти жыйып, акылды пештедик. Өз жүгүбүздү өкмөткө, жоопкерчилигибизди Жогорку Кеңешке арткан кулк-мүнөздөн кутула баштадык. Базар мамилесинин катаал, бирок адилеттүү мыйзамдары тууралуу аз-аздан болсо да түшүнүк келип жатты. Жаңы жагдайга көнүштүк. 

Өз жолубузду издедик. Бирде тапсак, бирде жоготуп, тапкан күндө да кээде алдыга жылсак, кээде кедерге кетип далай убакытты укум кылдык. Жорткон жолубуз, баскан багытыбыз кошуналарыбыздыкына окшободу. Эки ирет ыңкылап болуп, эчен ирет эреже – Баш мыйзам алмашты. Төртөөнү шайлап, беш президенттүү болдук. Тоталитаризмден башталган жол акырындап парламентаризмге алып келди. Канча сабак алдык, канча ката кетирдик… 

Ошентип өлкөбүздүн өз алдынча түтүн булатканына отуз жылга чукулдады. Келечекке сапарыбыз ийгиликтүү уланыш үчүн мезгилдин бул үзүмүндөгү өлкөбүз басып өткөн жолго кайра саресеп салып, жакшылап талдап чыгуу кажет.

Күтүүсүз келген күнкорсуздук

Кыргыз өлкөсү 1991-жылы эгемендүүлүк алды. Эркиндик асмандан өзү түшкөндөй эле болду. Анча-мынча майда саясий кыймылдарды эсепке албаганда, жалпы жонунан элибизде СССРден күнкорсуз болобуз деген маанай жок эле. Бир жагынан советтик идеологиялык таалим-тарбия көпчүлүктү Кыргыз ССРи өзүнчө өлкө болушу мүмкүн деп таптакыр ойлонбогондой деңгээлге жеткирген. Советтер Союзунун элибиздин агарышына, саламаттыгынын бекем болушуна, 1916-жылкы үркүндөн кийин өз мекенибиздин сакталып калышына, айыл-шаарларыбыздын курулушуна, өндүрүш жана өнөр-жайдын өсүп-өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымы, Кыргызстандын коопсуздугу үчүн мааниси ж.б. тууралуу маалыматтар мээбизге сиңип бүткөн. Азыркыдай ааламдашуу баштала элек болгондуктан дүйнө менен салыштыруу мүмкүндүгү жок боло туруп, СССРдин эң керемет өлкө экенине болгон ишеним күч эле. Ал тургай, бирөөдөн көз карандыбыз деген ой да көпчүлүктө жок болчу. 1991-жылдын 17-мартында өткөн жалпы союздук референдумда Советтер Союзунун 77,8 пайызы анын ичинде Кыргызстандын 96,4 пайыз калкы СССРдин сакталышы үчүн добуш берген. Андыктан башты канжыгага байлап, "эркиндик үчүн" күрөшкө чыккыдай шарт жарала элек эле. Ошентип, кечинде СССРдин атуулу болуп уйкуга кетип, эртең менен иш жүзүндө эгемен өлкөдө ойгондук. Россия, Украина жана Белоруссиянын жетекчилери Ельцин, Кравчук жана Шушкевич Беловеж токоюнда 1991-жылдын 8-декабрында Советтер Союзунун өмүрүнө чекит койгон чечим кабыл алгандан кийин Кыргызстанга эркин деп аталыш үчүн формалдуу түрдө гана суверендүүлүгүн жарыялап коюш калган. Эң оңой иш ошол болду. Маселенин баары кийин башталды.

Алгачкы ашуулар 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Эркиндикти бөбөккө берсең да болот, бирок ал ачкадан айласы курушу мүмкүн" деп ошол кездеги орустун бир билерманы айткан. Күтпөгөн жерден келген күнкорсуздук республика жетекчилигин жана элибизди жашы жетеле элек баланы "өз алдыңча турмуш кур" деп бөлүп койгондой абалда калтырды. Чү дегенде эле экономика кедеринен кетти. Анткени СССР менен кошо Кыргызстанда өндүрүлчү нерселер сатылчу чоң рынок кыйрады. Советтер Союзунда калыптанып калган алыш-бериш жана соода-сатык кылуу системасы бузулду. Башка өлкөлөргө соода-экономикалык алака түзүү дароо эле боло койчу нерсе эмес. Анын үстүнө биздин продукциялардын көпчүлүгү эл аралык рынокто атаандаштыкка жарамдуу эмес болчу. 80-жылдардын аягында СССР чыгарган продукциянын 8 пайызы гана эл аралык стандартка туура келчү. Натыйжада мурда иштеп турган завод-фабрикалар, ишканалар токтой баштады. Жумушсуздардын армиясы пайда болду. Каражат жетишпегендиктен кызуу жүрүп жаткан курулуштар массалык түрдө токтоду. Үй-жайга кезекке тургандардын үмүтү мокоду. Улуттук киреше эселеп азайды. Гипер болбосо да супер инфляция өкүм сүрүп, кымбатчылык күч алды. Башкасы мындай турсун, нан жетишпей, үй-бүлөлөр ченеп жеген заман келди. 1992-жылы өзүм да дүкөнгө эрте келип, кезек алып, кечке жуук эки бөлкө көтөрүп үйгө кайткан күндөрүм болгон. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП-ВВП) өсүшү 1990-жылдагы 5,7 пайыздан 1992-жылы 3,9 пайызга, 1994-жылы 20 пайызга төмөндөгөн. Бул элдин жашоосу бери дегенде беш эсе начарлады дегендик эле. Ички дүң продукциянын көлөмү 1990-жылдагы 2,67 миллиард АКШ долларынан 1994-жылы 1,68 миллиард АКШ долларына кыскарган. Мындай абалда жашап кетүү үчүн оңдон-солдон жардам алып, өлкөбүз карызга белчесинен батты.

Ошондой шартта кошуналарыбыз "Жаңы үйдү курбай туруп эски үйдү бузба" деп абайлап жатканда, кыргыз жетекчилиги шыр эле экономикалык реформаларды баштады. Реформалар экономиканы эркиндештирүү (либералдаштыруу) жол-жобосун үйрөткөн "Вашингтон консенсусундагы" принциптер менен батыштан келген билермандардын жетегинде жүрдү. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараяны ашмалтайы чыккан абалда ишке ашты. Идея боюнча аукциондо, адилеттүү эрежелер менен сатылчу кымбат баалуу мүлктөр жең ичинен өз наркынын ондон, жүздөн, миңден бирине сатылды. Татыктуу ээсин тапса профилин өзгөртүп, иштеп, оожалып кетчү ишканалар, ошентип, таланып-тонолду. Заводдор базарларга айланды. Дат баскан шаймандары Кытайга ташылып, текейден арзанга кетти. Пионер лагерлеринин кыштарынан жеке үйлөр-короолор тургузулду. 

Мамлекеттин жери үлүшкө берилип, айыл эли дыйканчылык менен оокат кылууга өттү. XIX кылымдагы ыкма менен жер иштетип бутка туруп кетүү мүмкүн эмес экени тез эле айкын болду. Адамдардын бир даары соодага ыктады. Орусияга, Казакстанга агылып кеткен миграция же "улуу көч" ошентип башталды. 

Кыргызстан туш болгон шартта керек болгон тышкы түз инвестиция тартканга мыйзамдык да, моралдык да шарттар жок эле. Олуттуу инвесторлор кызыга турган аз гана тармактардын, маселен алтын өндүрүү тармагынын тагдыры да кууш чөйрөнүн кызыкчылыгына төп келгендей болуп жең ичинен чечилди. 

1996-жылдан тартып билинер-билинбес болсо да экономикалык алга жылыштар байкала баштады. Борбордук Азияда биринчи болуп өз улуттук валютабыз сомду айлантууга киргиздик. Ал өз кезегинде "региондун доллары" делинип стабилдүү валюта болду. Эл-журт да жаңы шарттарга ыңгайлашып тиричилик курганга аз-аздан үйрөнүп, мигранттардан алгачкы жардамдар келе баштаган. Негизгиси, керек товарлар тартыш болгон заман артта калган.

Тема боюнча

Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн майрамдап жатат. Учурда эмне болууда
Алмазбек Атамбаевдин эгемендүүлүк майрамына келер-келбеси анык болду
Белгилер:
тарых, майрам, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ