Экстремизмдин идеологиялык сыйыртмагы же ала кушту атынан атайлы

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков жалпы дүйнө коомчулугун түйшөлткөн, көпчүлүктү адаштырып жаңылткан көйгөйгө көңүл бурган.

Терроризм жана экстремизмди көпчүлүк дин менен байланыштырат. Буга Сирия жаңжалы, өзүн Ислам мамлекети атаган деструктивдүү түзүмдүн акылсыз авантюрасы, Талибандын таржымалы же динди пайдалануу менен бузуку максаттарына умтулган башка опурталдуу күчтөрдүн кылмыштары эле эмес, маалымат айдыңындагы алешемдиктер да чоң себеп. Түшүнгөнү-түшүнбөгөнү, билип-билбегени баары эле "диний экстремизм" дегенди тоту куштай кайталай берип, динди да, экстремизмди да так түшүнбөгөн коомчулуктун аң-сезимине эки түшүнүктү маанилеш синоним катары сиңирип салды.

День открытых дверей в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Террорчулар Кыргызстандын эмнесине кызыгып жатканы айтылды
Чындыгында экстремизмдин аныктамасы жана түрү көп. Саясат илиминде жана дээрлик бардык мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык анархисттер, сепаратисттер, этно-улутчулдар, расисттер, ультра-улутчулдар да экстремисттер, ал тургай кылган иш-аракеттерине жараша кээде террористтер катары кабылданат.

Европа биримдигине кирген мамлекеттерде 2014-2017-жылдарда бардыгы болуп аткарылган, ишке ашпай калган 766 террордук аракет болгон. Ошонун 67 пайызын сепаратисттер жасаган. Динди жамынып кылмыш кылгандар 16 пайызды түзсө, 12 пайызы солчулдар, 3 пайызы оңчулдар болгон.

Ошондой эле белине жардыргыч байлап өзү менен кошо көчөдө, дүкөндө, стадиондо, паркта жайбаракат бараткан бейкүнөө адамдарды, алардын ичинде балдарды, карыларды, аялдарды мертинткен жанкечти террорчуларды "шахид" деп атоо көндүм адатка айланды. Шахид (кыргызча шейит) деп, чынында, Манас бабабыз, Чолпонбай, Дүйшөнкул сыяктуу аталарыбыз сыяктуу мекенин, намысын, үй-бүлөсүн, абийирин коргоп, Абдыкадыр, Жусуп, Касым, Баялы, Иманалы, Ишеналы сыяктуу адилеттүүлүк үчүн күрөшүп адам жана макулуктун колунан ажал тапкан, болбосо Улан Эгизбаев сыяктуу кырсыктап курман болгондор айтылат. Монотеисттик диндердин баарында жакшы максат үчүн аманат жанын аябай курман болгондорго өзгөчө сый көргөзүлөт. Маселен, орусча "мученик", грекче "martyr" деген сөздөр христиан дининде мусулмандардын "шахид" деген түшүнүгүнө маанилеш.

Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеменин түбүн тешпе, бир боорум. Мекен менен соодалашпа!
Автомат же гранатамёт кармаган дамбал-шымчан, сакалчан согушкерди "исламист" деп жаңылыктарга чыгарабыз. Ушул бир элес ислам бул – тынчтыктын, ынтымактын, гумандуулуктун дини деп аалымдардын кан какшаганын жокко чыгарып коюуда. Аты Айдай болгон менен ар дайым кабак-кашын түйүп түнөрүп жүргөн кыздар бар. Аталышы демократиялык болгону менен тоталитардык өлкөлөр бар. Ошондуктан адамдын исламга же башка динге болгон тиешесин анын сырткы келбетине эмес, кылган ишине карап ченесек туура болмок.

Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында оюн талаасына чуркап чыгып Хорватия менен Франциянын командаларынын беттешин бир саамга токтоткон Pussy Riot тобунун бейбаш кыздарын сырткы кийимине карап "россиялык полицей кыздар тартип бузду" деп жазуу кандай аңкоолук болот эле. Террорчунун сырткы келбетине карап, 2 миллиарддай адам тутунган бир диндин атына көлөкө түшүрүү ошондой эле бир кеп.

Анын сыңарындай өзүн-өзү Ислам мамлекети же ислам үчүн күрөшкөн каарман атаган деструктивдүү элементтердин идеологиялык сыйыртмагына башкалар түшсө да, журналисттердин алданууга акысы жок. Анткени журналисттердин адашуусу — алардын миллиондогон окурмандарынын, күйөрмандарынын жана көрөрмандарынын адашуусу.

Около сотни тысяч верующих пришли праздничный Айт Намаз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Борбор Азия тургундарын террорчулар кантип азгырып жатканын айтты
Ошол эле террорчуларга маалымат каражаттары, эксперттер "жихадисттер" деган ат ыйгарышты. Ислам дининде жихад деген чындык жана адилеттүүлүк үчүн мыйзамдуу бийликтин өкүм-чечими менен болгон согуш. Ал согуштун өкүмдөрү да гумандуу: карыларга, аялдарга, балдарга тийбөө, багынып бергендерди өлтүрбөө, жай тургундарга зомбулук көрсөтпөө, керек болсо зарылчылык туулбаса дарактарды да кыйбоо, туткундарга жакшы мамиле кылуу шарттары бар. Билип-билбегендер "жихадчы" деп атаган террорчулар ушулардын жок дегенде бир шартын аткаруудабы? Албетте, жок. Адамбы, айбанбы, айтор ылгабай мыкаачылык менен жанын кыйып, канын төгүп жатышат.

Согуштан да чоң жихад — бул адамдын өзүнүн ички каалоосу, азгырыгы менен күрөшүүсү. Маселен, бийлик колдо туруп коррупциядан оолак болуу, мүмкүнчүлүк келип турса да жубайынын көзүнө чөп салбай өзүн аруу тутуу, ачмын деп арамды оозанбоо, адепсиздин копол-корс мамилесине сабыр кылып, ынтымакты сактоо — мунун баары жихад деп түшүнүлөт.

Ошентип жаман көрүнүштөргө, окуяларга, күчтөргө, уюмдарга жакшы, ыйык аталыштарды ыйгарып, адамдардын түшүнүгүн теңирден тескери буруп, жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести аталадай аралаштырып салдык. Муну философияда "аталыш ыйгаруу" (присвоение языка) деп коюшат экен. Ушундай идеологиялык ыкма аркылуу адамдарды маалыматтык адашуудан тоскон иммунитеттин таш-талканын чыгарып, талкалап салууга болорун тарых тастыктап койду.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны үч эсеге көбөйдү
Террорчуларды "шахид" же "исламист", алардын ыплас, жаш-карыны ылгабай кырган согуштарын "жиха"д деп өзүбүз менен кошо түмөн элди адаштырбасак.

Кыргызда "Ала кушту атынан ата" деген сөз бар. Террорист — бул террорист, экстремист — бул экстремист. Алардын шейиттикке, мыйзамдуу, адилеттүү согушка жана адамдарды боорукерликке, кайрымдуулукка, кечиримдүүлүккө, бейпилдикке чакырган динге эч кандай тиешеси жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0