Жибек оңбос болсочу, жигит өлбөс болсочу… Кайран, Исма

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жибек оңбос болсочу, жигит өлбөс болсочу … Оозума сөз келбейт... Кечээ, кесиптешибиз Исмаил Мамытов 25 жаш курагында каза тапты. Жазбасам, жаным жай алчудай эмес. Исма менен иштешкен күндөрдү эстедим. Төмөндө анын жаштыкка, ишке, сүйүүгө, жашоого тойбой турган мезгилдеринин бир нече гана ирмемдерин болсо да айтып бергим келди.

Исма дал маңдайымда отурчу.

*Жаккан нерсесин көрсө кудум кичине бөбөктөй, жымыйып, жылмайып койчу.

*Күлкү чыдатпай бара жатса, тишин кашкайта ташты жаргандай каткырчу.

*Биздин бир саатың секундадай зыпылдаган, убакытты жуткан бул ишибизде офистен сырткы машакаттарга убакыт таап, башкаларга жардам бергенге дапдаяр болчу. Студенттери, айылдаштары, тааныштар жардам, акыл-кеңеш сурап көп чалчу.

*Оозуңдан кебиң куюлган, оюңду так-так айткан шар жигит болчусуң. 

*Кеңседе кесиптештердин туулган күнүн куттуктап жатканда, шакылдап сүйлөгөндө каалоосун угуп, араң үлгүрчүбүз.

*Батыл жигит болучу.

*Элпектиги жанда жок эле. Кысталыш учурларда, эшик-эликте жүргөндө планшетти колуңдан ала коюп, сен жазып жаткан кабарды аягына чыгарып, сайтка салып жиберчү.

*Кээде колумнистикасын окуп алып кыйрап калчубуз.

*Убакытка сараң болучу. Күн эмес ар бир саатты алтындай кастарлачу.

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси - Sputnik Кыргызстан
Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
*Тамашөкөй элең. "Эшикке далымды салып отурсам да, кандай киши киргени дароо билем" дедиң бир күнү, дагы бир нерсенин башын кылтыйтып. Суроолуу карадым. "Себеби, баарын сиздин көзүңүз айтып турат. Кызыктуу киши кирсе, көз токтотуп карап коесуз, башка кирсе моминтип карайсыз" деп менин кабак-кашымды туурап, жаныбызда отургандарды күлкүгө салдың эле. Бул сенин шатыра-шатман мүнөзүңдүн бир гана үзүмүнөн.

*"Нурзат байке, я готов" деп жайнамазын көтөрүп жөнөп калчу.

*Иий, сенин бир адамдын көңүлүн калтырганыңды көрбөдүм…

*Шамалдай шуулдап, шашып, зыпылдап жүрчү. Материалдары, тексттери да ошондой тез келчү.

*Кесипкөй катары, башкасын айтпайын, Конституция, укуктук маселер боюнча мыкты адис болчусуң. Ал тургай жоголгон Баш мыйзамды таап бергенсиң.

*Сүйлөшкөн кызын абдан жакшы көрчү. Материал жазып жатып, анысын токтото коюп, телефондон шыбырап сүйлөшүп алчу. (Маңдайлаш отургандыктан баары көз алдымда эле).

*Телефонунда "Жөжөш" деген жазуу бар болчу. Ал эң кымбат адамды экенин бир тобубуз сезчүбүз. Эфирге кирип кеткенде чалып калгандан улам билип алганбыз.

*"Менден не жардам…(керек)" деген сөзү бар эле… Күчүгүм, ай.

*Элестеп турат, ыраазы болсо эки алаканын бириктирип, төшүнө алып келип, башын ийип, "рахмат" саал жылмайып коер эле…

Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жигиттин гүлү элең... Sputnik агенттигинин Исмаил Мамытовду эскерүүсү
*Соңку ирмем… Тоюңда "Кыргызстанда миллиондогон бактылуу жуптар бар, ошол миллиондордун көчүн улаган үй-бүлөлөрдөн болушуңарды каалайм" деп, сени узаак-узаак биздин арабызда болот деген тилек менен барып, куттуктап кучактадым. Эмнегедир, далың ным тартып, бирок ысып турган экен… Сени бир нече күн өтпөй жоготуп аларыбыз кимдин оюна келиптир?..

Исма, мен сени жаркылдаган, жылмайган, абаны жара, тишин кашкайта каткырган, алтын үндүү, башкача бир адам катары тааныдым, дал ошондой эстеп калам.

Кош бол! Көңүлүңдү ооруткан болсок, байкабай пендечилик кылсак, кечир. Сени кандай адам эле деп сурашса, таанып-билгендердин баары "жакшы адам эле" деп айтышаарын бөркүмдөй көрөм. Бир келдиң да, шашкан тейде зыпылдай кайтып кеттиң…

Жаткан жериң жайлуу болсун, иним, кесиптешим, Исма.

Жаңылыктар түрмөгү
0