Футбол: жарга такаган жарым финал. Суурулуп чыккан төрт команданын жагдайы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Хорватия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда бүйүрдү кызыткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын аяктарына саналуу эле күндөр калды. Быйылкы чемпионатта дүйнөнүн 32 командасы 64 беттешүү өткөрүп, мыктылары иргелип, жарым финалга төрт команда чыгып, дүйнө биринчилигин талашууда.

Чемпионат башталгандан бери кайсы команда фаворит болорун дүйнөлүк футбол жылдыздары, адистер божомолун айтып, көбү туура келбей, мыкты деген командалар жыдып калышты. Жарым финалга чыккан командалардын дарамети, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов кеп салып бермекчи.

Мыктылар иргелип, жарым финалда таймашуучу командалар анык болду. 10-июлда Франция менен Бельгия, 11-июлда Хорватия менен Англия командалары күч сынашканы турат.

Европа футболунун "карт бөрүсү" — Франция

© Sputnik / Григорий Соколов / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Уругвай - Франция
Футбол. ЧМ-2018. Матч Уругвай - Франция - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Уругвай - Франция

Франция өлкөсү Эл аралык олимпиада кыймылынын жана олимпиада оюндарынын башатында гана турбастан, Европада футболду жайылткандардын бири. Алар ФИФАга 1904-жылдан бери мүчө. Франция дегенде эле залкар футболчулары Мишель Платини, Жан Тиган, Ален Жиресс, Луис Фернандес, Зинедин Зидан, Тьерри Анри жана башкалар көз алдыга тартылат. Француздар дагы ийгиликтерине жараша футболдун өнүгүшүн бир нече доорго бөлүп карашат. Мисалы: 1958-60-жылдарды Жюст Фонтентиндин, 1982-86-жылдарды Мишель Платининин, 1996-2002-жылдарды Зинедин Зидандын доору деп бөлүп келсе, соңку жылдары мурда белгилүү футболчу болуп, кийин устаттык кылган Райман Доменек, Лоран Блан жана Дидье Дешамдын жылдызы жанган учурларды эстен чыгарбай келишет.

Бельгиялык футболчулар машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалын кимдер баштайт
Франция ушуну менен 14-чемпионатка катышып жатат. 1998-жылы өз өлкөсүндө финалда Бразилияны 3:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болгон. Ал эми 2006-жылы Германияда өткөн дүйнө биринчилигинде да финалга чейин жетип, негизги жана кошумча убакытта 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальти сериясында италиялыктардан жеңилип, күмүш медаль тагынган. Жеңиштин жолу татаал демекчи, 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатында француздар коло байге үчүн таймашууда Бельгияны уткан. Эми минтип кайрадан жарым финалда Бельгия командасы менен күч сынашканы турат. Дагы бир бармак тиштеген учуру, 1982-жылкы дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин жетип, коло байгени германиялыктарга алдырып жиберген. Бул ирет "С" тобунда Австралия жана Перуну утса да Дания менен тең чыккан. Плей-оффто дүйнөлүк футбол жылдызы Месси баштаган Аргентина командасын үйгө кетүүгө аргасыз кылышты.

Чейрек финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай менен беттешип, Рафаэль Варан менен Антуан Гризманндын киргизген топтору жеңиш алып келди. Ошентип француздар жарым финалга чыккан.

Дүйнө кубогун утууга дилгир "кызыл шайтандар"

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония

Бельгия командасын "кызыл шайтандар" деп коюшат. Алар 1930-жылы Уругвайда өткөн алгачкы дүйнө чемпионатына катышкан санжыралуу команданын бири. Бирок ошондон бери 15 дүйнө чемпионатына катышса да бир дагы ирет байгелүү орунга илинбей, арманда жүрөт. 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатында коло байгеге талапкер болуп, бирок Францияга кошумча убакытта 4:2 эсебинде утулуп калган. 2014-жылы Бразилиядагы таймашууларда дагы чейрек финалга чейин жетип жыдыган. Дүйнө кубогу көздөн учуп турган кези.

Бельгияда футболдун өнүшүнө зор салым кошкон футболчулар Ян Кулеманс, Франсуа ван дер Эльст, Рене Вандерейккен, голкипер Жан-Мари Пфафф болгон. 1986-жылкы дүйнө чемпионатында "кызыл шайтандар" плей-оффто СССРдин командасын 4:3 эсебинде утуп, чейрек финалда Испанияны пенальти менен жеңип алышкан. Бирок жарым финалда ошол учурдагы футбол жылдызы Диего Марадона баштаган Аргентина командасынан жеңилүү ызасын тартса, коло байге үчүн таймашууда француздарга алдырып ийген.

Как кыргызстанцу подарил футболку вратарь сборной Бельгии — видео - Sputnik Кыргызстан
Бельгиянын дарбазачысы кыргызстандык балага футболкасын тапшырган ирмем. Видео
Соңку жылдары Бельгия командасынын "алтын мууну" аталган азыркы оюнчуларынын аракети футбол адистери тарабынан дурус бааланып келүүдө. Европа чемпионаттарында, эл аралык турнирлерде көзгө көрүнүп, көңүлгө толгон дарбазачы Тибо Куртуа, коргоочулар Венсан Компани менен Ян Вертонген, жарым коргоочулар Эден Азар менен Кевин Де Брёйне, чабуулчу Ромелу Лукаку жана башкалардын чеберчилиги жогору бааланып келет. Натыйжада чейрек финалда дүйнөнүн беш жолку чемпиону болгон Бразилия командасы үйүнө кетүүгө аргасыз болду. Бул беттешүү абдан курч мүнөздө өттү. Ийгилик бельгиялыктарга ооп, Кевин Де Брёйне эсепти ачып, командасын шыктандырса, экинчи голду өз дарбазасына бразилиялык Фернандиньо киргизип алды. Бразилиялыктардын атаанташтардын дарбазасына киргизген тобу Ренато Аугустого таандык болду. Ошентип "кызыл шайтандар" дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Кийинки тепкичте алар Францияны утуп алууга абдан дилгир.

Жарым финалга жетпей кала жаздаган хорваттар

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Хорватия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Хорватия

Чейрек финалдагы Россия менен Хорватия командаларынын ортосундагы таймашы кылым кармашындай эле таасир калтырды. Эки команданын даярдыгы да мыкты экенин мелдеш көрсөттү. Хорваттар "Д" тайпасында Аргентина, Исландия жана Нигерия командаларын ишенимдүү утуп, 9 упай менен лидер болгон эле. Плей-оффтогу Дания менен болгон окуя чейрек финалда дагы кайталанды. Россия менен негизги жана кошумча убакыттарда 2:2 эсебинде тең чыгып, россиялыктар пенальти тебүүдөн жыдып, жарым финалга чыкпай арманда калышты. Хорватия эми жарым финалда Англия менен ойномокчу.

Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык өспүрүм Сочиде Россия — Хорватия оюну үчүн топ алып чыкты. Сүрөт
Хорватиянын өз алдынча ФИФАга мүчө болгонуна быйыл 28 жыл болот. Хорватия мурда Югославиянын курамында болгондуктан алар 1998-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатына алгач ирет эгемен өлкө катары катышкан. Ошол жылы алардын жылдызы жанып, Европаданы эң мыкты деген Голландия командасын 2:1 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси болушкан. Европа чемпионатына 1996-жылдан бери гана өз алдынча эгемен өлкө катары катышып, келечектүү команда экенин айгинелеп жүрөт. Бирок 2000-жылкы Европа чемпионатынын мыктыларын тандоо турунан өтпөй калышкан. Ошондой болсо дагы 1996, 2008-жылдары Европа чемпионаттарында чейрек финалга чейин жетип, тажрыйба топтошкон. Хорватия командасынын капитаны, Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич баштаган футболчулар Англияны утуп алышы мүмкүн деген божомолдор бар. Анын чын-бышыгын алдыдагы оюн көрсөтөөр…

Карт тарыхтуу Англия

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Швеция - Англия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Швеция - Англия - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Швеция - Англия

Жаңы доордо футболдун мекени Англия деп бекеринен айтылбаса керек. Себеби алардын футбол федерациясы 1863-жылы түзүлүп, ФИФАга 1905-жылдан бери мүчө болгону эле карт тарыхтан кабар берет. Алар расмий түрдө биринчи эл аралык беттешүүсүн 1872-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөрүп, шотландиялыктар менен 0:0 эсебинде тең чыгышкан. 1882-жылы Ирландиянын Белфаст шаарындагы турнирде Ирландия командасын 13:0 эсебинде утканын ири жеңиш атап, тарыхый окуя катары баалашат. Англия командасы 1950-жылдан бери гана дүйнө чемпионатына катышканы менен 1966-жылы гана өз жеринде дүйнө чемпиону болушкан. Анда алар финалда атактуу машыктыруучу Альф Рамсейтин жетекчилиги астында ФРГ командасын 4:2 эсебинде уткан. Ошондон бери дүйнө чемпионатында байгелүү орунга илинбей, жолу болбой келет. 1990-жылы Италияда өткөн дүйнө чемпионатында дагы жарым финалга чейин жетип, коло байгени талаа ээлери италиялыктарга алдырып жиберишкен. Ошондой эле ушуга чейин футбол мекени аталган Англия бир дагы ирет Европа чемпиону боло албай келет. Бирок калыстык үчүн 1968, 1996-жылдары Европа чемпионаттарында үчүнчү орунга ээ болгонун айта кетүү зарыл. Россиядагы таймашууларда алар тайпалык оюндарда Панама менен Тунисти утканы менен Бельгиядан жеңилүү ызасын тартып калышкан. Ал эми плей-оффто Колумбия менен негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 эсебинде тең чыгып, оюндун тагдыры пенальтиде чечилип, 4:3 эсеби менен чейрек финалга араң чыгышты. Чейрек финалда Швеция менен беттешип, чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтө алышты.

Натыйжада башкы устат Гарет Саутгейттин командасы жеңишке жетип, Англия 1990-жылдан бери биринчи жолу дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0