Болочок кайнагалар! Ашыгыма араң жеткенде азапка салбагылачы...

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошуна айылдын кызына же жигитине ашык болуп көрдүңүз беле? Бөтөн айылдын кызы менен мамиле курганда айылдаш агалары тоскоолдук жараткан окуяларды угуп эле жүрсөңүз керек. Биздин колумнист Исмаил Мамытов дал ушул темага токтолуп, өзүнүн башынан өткөн окуя менен бөлүштү.

Июнь айы башталаары менен Өзгөндүн айылдарынын биринде сүйлөшкөн кызына жолукканы барган баланы жергиликтүү жигиттер сабап салганы боюнча маалымат тарады. Окуя 2-июнь күнү болуп, өзгөндүк жигиттер Кара-Суу районунан келген баланы таяктап аныкталды. Буга чейин эсиңиздерде болсо Ноокатта да ушундай эки окуя болуп, анын биринде жабырлануучу беш күн ооруканада жатып жан берген. Эми ал иш боюнча 19, 21 жаштагы эки бала камакта отурат. Эрезеге жетип, күчкө толуп турганда камалуу деген кандай жаман. Эң башкысы — эмне үчүн деген суроо туулат?

Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!
Негизи эле мен билгенден мындай окуялар көп болот. Ноокатта окуя өлүм менен аяктаганы үчүн коомчулукка чыгып кетти. Ал эми Өзгөндө дарыгерлер милицияга кабарлап коюшкан экен. Үч окуяда тең таякталган балдар милицияга өзүлөрү арыз жазган эмес. Мунун да себеби бар. Анткени чыныгы эр көкүрөк жигиттер маселени милициясыз эле чечип алат деген түшүнүк бар. Бирок бөтөн айылдан келген баланы көптөп сабап салган эркекчиликпи? Деги эле мындай кадамга кандай эркектер барат?

Жогорудагыдай окуя менин да башымдан өткөндүктөн бул теманы айланып өтө алган жокмун. Менимче көпчүлүк эле жигиттер ушундай жагдайга туш болсо керек. Мектепте окуп жүргөндө ар кыл маданий иш-чара, спорттук мелдештердин арты менен кошуна мектептерге барасың. Анан ал жактан теңтуштар менен таанышып, дос күтөсүң, кыздар менен таанышасың. Ошентип баягы достордун арты менен жактырып калган кошуна айылдын кызынын телефон номерин алып, акырын сүйлөшө баштайсың. Буга чейин сени көрбөгөн, тааныбаган кыздын жүрөгүн багынтуу оңойбу? Азыркыдай ал кезде интернет жок. Анан айла жок телефондо сүйлөшүүнүн, смс жазуунун өзгөчө ыкмаларын, сырларын үйрөнүүгө туура келет. Баса, ошол кезде телефондо сүйлөшүүнү ушунчалык мыкты өздөштүргөн балдарыбыз бар эле. Ал эле эмес, эки смс менен кыздардын жүрөгүн жибитип, "легенда" болгон досум бар. Ошол доско кошулуп алып кошуна айылдын кызына алгач смс жазып, бир апта өткөн соң акырын чалып, жакшылап таанышып, бир айча дос болуп жүрүп, анан гана сезимдерди билдирип, жолугушууга көндүрөсүң. Ал дагы дароо көнө койбойт. Айла түгөнгөндө кайсы бир майрамды күтөсүң. Ошенткиче эле эки ай өтөт. Анан араң дегенде жаңы жылдык кечеде жолугуп, биринчи ирет жекеме-жеке жалгыз калып сүйлөшөсүң. Ыр саптар менен коштолгон смс, таңга дейре телефондо сүйлөшүү, өз колуң менен жасалган өзгөчө белектер, ал кыздын классташ балдарынын сен жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып жарнама кылганы акыры барып баягы чүрөктүн жүрөгүн жибитип, кыз-жигит доору башталат. Түн жамына ат минип алып кошуна айылга жөнөйсүң. Жамгыр жаайбы, кар жаайбы же таш жаайбы, айырмасы жок. Барып беш мүнөт жолугасың, кайра кайтасың. Бирок ошол беш мүнөт бүтүндөй өмүргө тете. Жүрөгүң толкуп-ташып, алгачкы махабатка мас болуп, көзүңө көрүнгөнү, кулагыңа угулганы бир гана сүйүү болуп, дал ушул сүйүү үчүн гана жаралгандайсың. Айлуу түндө асмандагы жылдыздар сүйүүңө суктанып, дал сен экөөң үчүн гана ай нуру төгүлүп тургандай. Жамгыр себелеп келгенде кучагыңа бекем кысып, маңдайынан сүйүп койсоң баягы периштеңдин көздөрү тимеле жымыңдап калат.

Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдамадан күткөн сулууну аяш атамдыкынан жолуктурдум...
Ошентип канчалаган мээнеттин арты менен көздөгөнүңө жетип, апта узабай сүйгөн кызыңа жолугуу үчүн кошуна айылга каттап калганда баягы жергиликтүү эргулдар пайда болот. Тамакка такалган сөөктөй же нары эмес, же бери эмес болуп жаман жүдөтөт да. Анан тактай келсең баягы баатырлардын бирөөсү сенин кызыңды сыртынан жактырып жүргөн болот. Ошол кызга батынып барып сезимин билдирмек турсун жанына жакын жолой албайт да анан сенден кызганат. Жигит болсоң сезимиңди билдирип көңүлүн тап, болбосо тоскоол болбо да. Анан эле биздин айылдын кызына келбе дешип, көптөп баштайт. Жалгыз болсо го мейли дечи, сөзсүз жанында абалды курчутуп, кычытып турган куйту досу болот. Ошентип анан баары башталат. Кармалган күнү урушасың, кармалбай калсаң кудуңдап үйгө кайтасың. Эми эле бирөөсүнүн тилин таап достошсоң, экинчиси чыгат. Айтор, айлаңды алты кетирет.

Негизи элге аралашып, дос күтүп, бөтөн айылдын балдары менен катташып калган жигиттер мындайга барбайт. Алар, тескерисинче, бөтөн айылдын баласы келсе коноктоп, сый көрсөтүп узатып коет. Нагыз жигитчилик ушул. Аларды кыздар да сыйлап, мамиле курат. Бул мырзалар өз үйүндө эле эмес, башка айылга барса да конок болот. Ал эми башка айылдын балдарын көптөп сабап койгондор, силер да эртели-кеч алар жака барып калышыңар мүмкүн. А балким кошуна айылдын кызына ашык болуп калсаңарчы? Бул ирет билек жардам бербейт. Андыктан кыздар кызганыч үчүн эмес, сүйүш үчүн жаралган. Сүйбөсө, сүйкөнбөгүлө.

Жаңылыктар түрмөгү
0