13:42 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Тажикстандагы жарандык согуш. Архив

Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна Кыргызстандын салымы. Эскерүү

© Sputnik / А. Замахин
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Алмаз Батилов
108351

Бүгүн коңшу Тажикстан улуттук элдешүү күнүн белгилеп жаткан учуру. 1992-жылы башталган жарандык согуш беш жылга созулуп, 100 миңден ашык адам курман болгон. Колумнист Алмаз Батилов дал ушул согуштун токтошуна Кыргызстандын кошкон салымы тууралуу айтып бермекчи.

Көз жумгандардан тышкары ал согуштун кесепетинен 100 миңден ашуун тажик жараны дайынсыз жоголгон. 200 миңден ашык тажик атуулу КМШнын курамындагы мамлекеттер менен Афганистандан баш паанек издегенге мажбур болду. Бүгүнкү күндө да жарандык согуштун саркындысы мурдагы постсоветтик аймакка гана эмес, Жакынкы жана Орто Чыгышта жайгашкан өлкөлөргө терс таасирин тийгизүүдө.

1997-жылы Кыргызстан Тажикстанда жарандык согушту токтотуп жана тынчтык орношуна ат көтөргүс эмгек кылган. Өкүнүчтүүсү — азыркы учурда кыргызстандыктардын көбүнүн бул тарыхый факты тууралуу кабары жок.

1985-жылы СССРде жаңы бийликке келген Михаил Горбачевдун демилгеси менен өлкөдө саясий жана экономикалык реформалар жүрө баштайт. Алар СССР системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган эле. Бирок Советтер Союзунун курамындагы республикаларда ар түрдүү социалдык, экономикалык, улуттук чыр-чатактар жана саясий көйгөйлөрдөн улам жарандык кагылышуулар менен согуштар болуп кеткен.

Гражданская война в Таджикистане
© Sputnik / Ратушенко
1992-жылы башталган жарандык согуш беш жылга созулуп, 100 миңден ашык адам курман болгон

Согуштун башталышы

1988-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабах үчүн согуш оту тутанса, 1992-жылы коңшу Тажикстанда жарандык согуш башталат. Буга эң алгач өлкөдөгү оор экономикалык абал себеп болгон. Экинчиден, диний радикализм күчөп кеткен. Кайра куруу мезгилинде Тажикстанда "Исламды кайра жандандыруу", "Растохез" жана "Лали Бадахшан" партиялары түзүлүп, алар коммунисттик партиянын элитасына каршы күрөш жүргүзө баштайт. Тилекке каршы, мындай саясий тирешүү аймактар аралык согушка айланган.

СССР учурунда Тажикстандын жетекчи кызматтарынын басымдуу бөлүгүн Ленинабад тайпасы ээлеген. Ал эми Көлөп аймагынын кулундары жогорудагы тайпа менен ынак болгондуктан, алар мамлекеттик күч түзүмдөрдө үстөмдүгүн орноткон. Ошол эле убакта бул эки тайпа Гарм, Тоолуу Бадахшан жана Гисар чөлкөмүнүн өкүлдөрүн жогорку кызматка келтирбеш үчүн ар түрдүү бөгөт коюп турган. Ошондуктан тажик элинде "Ленинабад өлкөнү башкарат, Көлөп курал көтөрүп дайыма согушта жүрөт, ал эми Гарм чыгармачылыктын ордосу, Бадахшан бийлеп жүрүүгө аргасыз" деген кеп жаралган.

1991-жылы 24-ноябрда Тажикстанда биринчи жолу президенттик шайлоо өтүп, теги ленинабаддык Рахмон Набиев жеңишке жетет. Анын башкы атаандашын — жердиги памирлик, белгилүү режиссер Давлат Худоназаровду колдогон оппозициялык күчтөр менен молдолор нааразылыгын билдирип, жактоочуларын бийликке каршы митингдерге чыгуу чакырыгын таштайт да эл экиге бөлүнөт. Душанбенин Озоди аянтында Набиевди колдоп Көлөп, Ленинабад жана Гисар тобу митинг өткөрө баштайт. Ошол эле убакта оппозициянын таламын талашып калаанын Шахидон аянтында Каратегин, Тоолуу Бадахшан менен Ленинабаддын Матчин районунун өкүлдөрү жайгашкан. 1992-жылы 5-майда эки топтун ортосунда кан төгүлүп, ушул кагылуушуудан кийин өлкөдө жарандык согуш башталат.

Гражданская война в Таджикистане
© Sputnik / Р. Мангасарян
Тажикстандагы жарандык согушка эң алгач өлкөдөгү оор экономикалык абал себеп болгон. Экинчиден, диний радикализм күчөп кеткен

"Вовчиктер" жана "юрчиктер"

Исламчыл көз караштагы оппозиция лидерлери топтун пикири дал келбеген мүчөлөрүн өлтүрө баштаган. Ошол маалда диний радикалдарды Афганистандагы исламчыл топтор согушкер, курал-жарак менен камсыз кылып турганы айтылат. Бийликке каршы күрөшкөн партиялар "Бириккен тажик оппозициясы" аттуу өнөктөштүгүн түзөт. Оппозициянын жактоочуларын бийликтин тарапкерлери "вовчик" деп атаган. Бул "ваххабизм көз карашын карманат" дегенди билдирчү. "Вовчиктерди" белгилүү диний ишмер Саид Абдулло Нури жетектеген. Ал эми бийлик тараптагылар "Тажикстандын элдик фронту" аттуу бирикме түзөт. Алар өздөрүн "юрчиктер" деп атаган. "Юрчиктер" СССРдин Коопсуздук Комитетинин даңазалуу жетекчиси жана өлкө башчысы Юрий Андроповду туу тутчу. Булардын лидери кылмыш дүйнөсүндө кадыр-барктуу Сангак Сафаров болду. Ал түрмөдө баш-аягы 23 жыл отуруп чыккан. Буга карабастан Сафаровду тарапкерлери абдан сыйлачу. Анткени Сангак мыкты уюштургуч жана оозунда сөзү бар чечен эле.

Гражданская война в Таджикистане
© Sputnik / А. Замахин
Тажик элинде "Ленинабад өлкөнү башкарат, Көлөп курал көтөрүп дайыма согушта жүрөт, ал эми Гарм чыгармачылыктын ордосу, Бадахшан бийлеп жүрүүгө аргасыз" деген кеп жаралган

БТР менен келген элчи

Тажикстандагы жарандык согуш учурунда дүйнөлүк дипломатиянын тажрыйбасында сейрек жолуккан окуялар да болгон. Кытайдын элчиси Тажикстандын биринчи президенти Набиевге ишеним грамотасын тапшыруу үчүн резиденцияга БТРге түшүп барган. Кыргызстандын Тажикстандагы ошол кездеги элчиси Эрик Асаналиев коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министирлиги бул кадамга кытай элчисинин коопсуздугун камсыздоо үчүн барганын айтып берген жайы бар.

Гражданская война в Таджикистане
© Sputnik / Ратушенко
Душанбенин Озоди аянтында Набиевди колдоп Көлөп, Ленинабад жана Гисар тобу митинг өткөрө баштайт. Ошол эле убакта оппозициянын таламын талашып калаанын Шахидон аянтында Каратегин, Тоолуу Бадахшан менен Ленинабаддын Матчин районунун өкүлдөрү жайгашкан

Жарашууга ташталган кадам. Кыргызстандын кийлигишүүсү

1992-97-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда 200 миңден ашык атуул Ата Журтун таштап, башка мамлекеттен баш паанек издөөгө мажбур болгон. Өлкө экономикасына 10 миллиард доллар көлөмүндө зыян келтирген. Ошондуктан айласы кеткен тажик элитасы кырдаалды жөнгө салууга умтулган.

1994-жылдын башында бийликке келген мамлекет жетекчиси Эмомали Рахмон менен Саид Абдулло Нури жетектеген оппозиция күчтөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр 1997-жылдын жарымына чейин өтөт. Афганистан, Иран, Казакстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстанда болгон жолугушуулардан, тилекке каршы, майнап чыккан эмес.

Гражданская война в Таджикистане
© Sputnik / Ратушенко
1992-97-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда 200 миңден ашык атуул Ата Журтун таштап, башка мамлекеттен баш паанек издөөгө мажбур болгон. Өлкө экономикасына 10 миллиард доллар көлөмүндө зыян келтирген.

1997-жылдын май айында Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаевдин киришүүсү менен маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири Бишкекте өтөт. Дал ушул сүйлөшүү абдан үзүрлүү болгон. Төрт жыл бою жүргөн тажик сүйлөшүүлөрүнүн алты раундуна Кыргызстандын Тажикстандагы ошол кездеги элчиси Эрик Асаналиев катышат. Анын коңшу өлкөнүн ички абалы жана сүйлөшүүлөр жөнүндө такай берип турган маалыматына таянып тышкы иштер министри Роза Отунбаева менен Коргоо министирлигинин Башкы аскердик чалгын кызматынын жетекчиси генерал Жумабек Асанкулов абдан талдап, жарандык согушту токтотуу боюнча мамлекеттин деңгээлинде стратегия иштеп чыгат. Кыргызстандыктар Тоолуу Карабах жаңжалын токтотуу боюнча тажрыйбаны колдонгон, анткени 1994-жылы Азербайжан менен Арменияны элдештиргенге да Кыргызстан зор салым кошкон. Үч күндүн ичинде Бишкекте өткөн расмий Душанбе менен Бириккен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликке жетет. Натыйжада ошол жылы 27-июнда Москвада Тынчтыкты орнотуу менен улуттук элдешүү тууралуу жалпы келишимге Бириккен оппозиция жана расмий Душанбе кол коёт. Ошентип Тажикстанда акырындык менен тынчтык процесси башталат.

Эгемендүү Кыргызстандын жаңы тарыхында экс-президент Отунбаева менен генерал Асанкуловдун жана дипломат Асаналиевдин кошуна өлкөдө тынчтыкты орнотуу боюнча зор эмгек кылганы тууралуу коомчулуктун басымдуу бөлүгү билбегени өкүндүрөт. Мындан тышкары, коомчулук Тажикстандагы жарандык согушту толук талдап жана натыйжа чыгарышы абдан зарыл деп эсептейм.

Тема боюнча

Унутта калган даңазалуу Кричев дивизиясы. Фрунзеликтердин белгисиз эрдиги
"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Жеңишке 10 мүнөт жетпей калган өмүрлөр... Ардагерлер кан майданды эскерет
Белгилер:
жарандык согуш, Алмаз Батилов, Тажикстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ