13:44 25 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Рейхстагга орнотулган СССРдин желеги. Архив

Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер

© Sputnik / Владимир Гребнев
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Алмаз Батилов
194130

Гитлердик жоокерлер СССРдин туткунунан качып, АКШ жана Улуу Британияга багынып берүүгө даяр эле. Анткени карапайым калк менен Кызыл Армиянын аскерлерине болуп көрбөгөндөй кордук көрсөткөн фашисттик баскынчыларды СССР да аямак эмес. Колумнист Алмаз Батилов 1945-жылдын 9-майынан кийин да уланган согуш тууралуу кеп салды.

Фашисттик Германия Берлинде 1945-жылы 9-майда СССР жана батыш өнөктөштөрүнүн алдында капитуляция тууралуу актыга кол койгону менен Экинчи дүйнөлүк согуш толук бүткөн эмес. Европада дагы бир жарым айдан ашуун убакыт советтик аскерлер менен грек партизандары Гитлердин акыркы желдеттерине каршы согушкан.

Орус жана батыш тарыхчыларынын пикиринде Советтик армиянын жазасынан качкан Германиянын куралдуу күчтөрү менен Гитлердин эң ишенимдүү жоокерлери болгон СС күч түзүмү АКШ, Улуу Британиянын туткунуна түшүүгө аракет кылган. Себеби фашисттик Германия басып алган Чыгыш Европа менен СССРдин аймактарында вермахттын аскерлери жана ССтин баш кесерлери карапайым калкка жана туткундарга адам чыдагыс кордук көрсөтүп, бейкүнөө кишилерди өлтүргөн. СССР Гитлердин жексурларын төбө чачты тургузган кылмышы үчүн аёосуз жазалаган. Ал эми АКШ менен Англиянын туткунуна түшкөн немистер мындай жазадан кутулуп кеткен. Анткени расмий Вашингтон Лондон менен биргелешип Гитлердин желдеттерин СССР жана анын өнөктөштөрүнө каршы пайдаланган дейт илимпоздор.

Эң өкүнүчтүүсү — бул акыркы кан майданда советтик жоокерлер менен грек партизандардын бир далайы курман болгон.

Борнхольм аралындагы кармаш (Дания)

1945-жылдын 9-майында, фашисттик Германия Берлиндин Карлсхорст конушунда багынып берген документке кол койгон күнү СССРдин аскер деңиз десанты Даниянын Борнхольм аралына түшөт. Бул аралда жайгашкан вермахттын гарнизону багынып берүүдөн баш тарткан. Гарнизондун жетекчиси Рольф Вутман советтик жоокерлерге Улуу Британиянын аскер өкүлдөрүнө гана баш ийип берем деген талабын койгон. Анысы аз келгенсип, "Большевиктер, тирүү калгыңар келсе, тез кетип калгыла" деп өктөм сүйлөгөн. Ушундан кийин советтик жоокерлер телеграф менен портту басып алат. Ал эми немис аскерлери кемеге түшүп, Англияга туткун болгонго аракет кылган. Эки күнгө созулган салгылашууда Кызыл армия вермахтка каршы тынбай замбиректен аткылап, советтик авиация Германиянын аскердик 10 кемесин чөктүргөн. Ошол эле убакта СССРдин аскердик суучулдары эки баржага жашынган вермахттын 800 аскерин колго түшүрөт. 11-майда эртең менен айласы алты кеткен Үчүнчү рейхтин 11 138 аскери советтик жоокерлерге багынып берген. Бирок жогоруда сөз болгон салгылашта советтик 30 аскер каза болгон.

Сливница жана Поляндагы салгылаш (Чехословакия, Словения)

Ал эми 12-майда Чехословакиянын Сливница айылынын жанында советтик армия Батышка качып бараткан ССтин батальондоруна бөгөт койгон. Бул салгылашта Кызыл армия ССтин 1000 желдетин жок кылып, 7000 баш кесерин туткунга түшүрөт. Андан кийин 14-15-майда Словенияда Полян салгылашуусу болгон. Анда жогоруда айтылган ССтин 30 000 желдети жана аларга жардамчы болгон хорват менен серб улутчулдары ушул аймак аркылуу Италияга өткөнгө аракет кылган. Югослав элине зомбулук көрсөткөнү үчүн ырайымсыз жазадан качып, Италияда жайгашкан АКШ менен Улуу Британия аскерлеринин туткунуна түшүүнү көздөшкөн эле. Партизандар советтик офицерлердин жардамы менен Полян талаасынын жанында душмандын таш-талканын чыгарган. Тилекке каршы, бул салгылашта да советтик жүздөн ашык аскер курман болгон.

Тексел аралындагы орус согушу

1945-жылы 9-майда Түндүк деңизинде жайгашкан Голландияга тийиштүү Тексел аттуу аралда советтик туткундар жергиликтүү патриоттор менен биргеликте Гитлердин желдеттери менен согушуп жатканын эч ким билген эмес. 6-апрелде Текселде туткундалып жаткан советтик мекендештер немис баскынчыларга каршы көтөрүлүш чыгарат. Алардын көпчүлүгүнүн теги грузин эле. Ал эми калгандарынын улуту армян менен орус болчу. Көтөрүлүштү теги грузин лейтенант Шалва Лоладзе, Валико Згенти жана Евгений Артемидзе жетектейт.

Көтөрүлүш "С днем рождения "деген сөз менен башталат. Эки күндүн ичинде советтик туткундар голландиялык антифашисттер менен бирге вермахттын 420 аскерин жок кылып, аралдын жарымынан көбүн басып алганга жетишет. Эң кызыгы — көтөрүлүшкө чыккандар биринчи күнү Гитлердин желдеттерин жалаң бычак менен өлтүргөн. Советтик жоокерлер ушундай ыкма менен немис баскынчылардан туткундагы адам чыдагыс кордугу үчүн өч алган. Бирок немис баскынчылар Текселге материктен эки миң деңиз жөө аскерин алып келгенге үлгүрөт. Гитлердин башкесерлери ушул жаңы күч менен көтөрүлүштү бир айдын ичинде аёосуз басат. Баскынчылар колго түшкөн грузиндердин мүрзөсүн өздөрүнө каздыртат. Ажалга тике караган көтөрүлүшчүлөр коммунистердин гимни "Интернационалды" ырдап өлүшкөн. Ошол эле убакта Гитлердин желдеттери грузиндерге жардам берген жергиликтүү тургундарды да мыкаачылык менен өлтүргөн. Буга карабастан советтик туткундар жергиликтүү калктын көмөгүнө таянып, душманга каршы партизандык айыгышкан согуш жүргүзөт. Андан тышкары, советтик мекендештерибиз Англияга жардам сурап чабарман жиберет. Тилекке каршы, алар үмүт кылган көмөк убагында келбейт. 15-майда Тексел аралынын борбору Ден-Бург шаарында немис баскынчылар козголоңчуларды жеңдик деп парад өткөрөт. Белгилей кетсек, дүйнөлүк тарыхта мындай парадды Гитлердин армиясы акыркы жолу өткөргөн.

25-майда Канаданын жоокерлери советтик мекендештерибизге жардамга келет. Аларды аман калган 228 советтик жоокер тосуп алат. Гитлердин желдеттери аргасыздан куралын таштап багынып берет. Тексел аралындагы көтөрүлүштүн башчылардын бири Шалва Лоладзе менен анын 565 кандашы жана Голландиянын 120 жараны баатырларча курман болгон. Ошол эле убакта советтик мекендештерибиз жана голландиялык антифашисттер 2 миңге жакын немис баскынчыларын жок кылган. Ошондуктан бул көтөрүлүш дүйнөлүк тарыхта "Европадагы эң акыркы салгылаш" деп аталып калган. Ал эми Тексел аралынын калкы азыркы күндө да көтөрүлүштү "Орустардын согушу" деп атайт.

Эң өкүнүчтүүсү — ушул салгылашууда аман калган советтик туткундардын көпчүлүгү Ата Мекенге кайткандан кийин репрессияга учураган. 1953-жылы Тексел аралынын тургундары баатырларча курман болгон советтик жоокерлер менен жергиликтүү патриоттордун урматына эстелик тургузган. Мындан сырткары, 1968-жылы алардын эрдигин даңазалап "Грузияфильм" киностудиясы "Азапка түшкөн арал" аттуу көркөм тасмасын тарткан. Текселде көтөрүлүш уюштургандардын бири Евгений Артемидзе 2010-жылы Грузиянын Мангилиси шаарында каза болгон.

Латвиядагы акыркы салгылашуу

1944-жылы күзүндө Советтик армия Латвиянын Курляндия аймагында фашисттик Германиянын "Түндүк" армиясынын тобунун калдыгын курчоого алат. Бул курчоо дүйнөлүк тарыхта "Курляндиядагы казан" деп аталат. Курчоодо калган 250 миңге чукул гитлерчи жанкечти сыяктуу акыркы огу калгыча каршылык көрсөткөн. Булар Панфилов дивизиясына сокку уруп, эки күн курчоого алууга үлгүргөн. Анын үстүнө Балтика деңизинин боюндагы Лиепая менен Вентспилс порттору вермахттын колунда калган. Немис баскынчылары жогоруда айтылган портторду пайдаланып, аман калган аскерлерин четинен Германияга эвакуациялаган. Буга карабастан, Советтик армия алардын таш-талканын чыгарып, куралын таштап багынып берүүгө аргасыз кылат. Мындай чечкиндүү кадамдын натыйжасында 1945-жылы 8-майдан баштап 10-майга чейин вермахттын 203 миң офицер менен аскери жана 14 миң латыш легионери туткунга түшкөн. Ошентсе да ушул курчоодо калган ССтин айрым бөлүктөрү Советтик армияга багынып берүүдөн баш тартат. Алардын максаты — Латвиянын чек арасы аркылуу Германиянын Чыгыш Пруссия аймагына өтүп кетүү эле. Дал ушул себептен улам 1945-жылдын июль айына чейин Латвиянын токойлору менен саздарында жашынган ССтин желдеттери Кызыл армияга каршылык көрсөтүп келген. Тилекке каршы, Латвиядагы Гитлердин башкесерлерине каршы акыркы салгылашууларда да советтик жоокерлердин бир тобу курман болгон.

Улуу Британия менен фашисттик Германиянын өнөктөштүгү

Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон Катюша
© Sputnik / Эмиль Садыров , Кыргызстандын кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архиви
1945-жылы 9-майда Грециянын Крит аралындагы вермахттын аскерлери формалдуу түрдө Улуу Британияга багынып берет. Бирок куралын өткөрүп бербестен булар ошол аралда калат. 11-майда бул аралга кирген британиялык аскерлер жергиликтүү партизан коммунисттер менен салгылашат. Бирок Англиянын кошууну грек партизандарга алы жетпей, вермахттын 28-жөө аскер дивизиясын жардамга чакырат. 26-июнга чейин Гитлердин жексурлары менен британиялыктар биргелешип грек партизандарына каршы согушат. Вермахт менен Англиянын бириккен аскерлери партизандарды Соуда районунун тоолоруна сүрүп чыккан. Ошондо гана британиялыктар Гитлердин желдеттерин туткундар үчүн түзүлгөн лагерге жөнөткөн. Атүгүл Англиянын генералы Престондун жеке автоунаасын немис баскынчылардын "Жолборс" аттуу эки танкы кайтарган. Англия мындай аскердик кылмышы тууралуу дүйнөлүк коомчулукка билдирбегенге аракет кылган. Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет дегендей 2000-жылы жогоруда айтылган чуулгандуу окуя жөнүндө атайын изилдөө жүргүзгөн немис тарыхчылары Марлен фон Ксиландер жана Петера Шенка бул нерсени ачыкка чыгарган.

Батыш өнөктөштөрдүн мындай кыянаттыгы таң калычтуу эмес. Себеби Экинчи дүйнөлүк согуш бүтөрүнө бир ай калганда Улуу Британиянын Генералдык штабы "Акылга сыйбаган согуш" аттуу аскердик операциясынын долбоорун иштеп чыккан. Расмий Лондондун ою боюнча, эгерде СССР менен согуш чыгып кетсе, анда алар Чыгыш фронтуна туткунга түшкөн немис аскерлеринен куралган 12 дивизияны жөнөткөнгө даяр болчу. Ошондуктан 9-майдан кийин Гитлердин башкесерлерине каршы салгылашта жанын аябай согушуп каза болгон советтик жоокерлер менен грек партизандарынын арбагына таазим кылабыз.

Тема боюнча

"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Белгилер:
Улуу Ата Мекендик согуш, Алмаз Батилов, СССР
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ