21:33 19 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери. Архив

Унутта калган даңазалуу Кричев дивизиясы. Фрунзеликтердин белгисиз эрдиги

© Sputnik / Петр Бернштейн
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Алмаз Батилов
76820

1941-1945-жылдагы кан майданга Кыргызстандан 360 миңден ашуун аскер аттанган. Алардын ичинен 90 миңден ашууну фронтто курман болгон.

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кыргызстандыктардын да кошкон салымы зор. Бул Улуу казатка Кыргызстандан 360 миңден ашуун аскер аттанган. Кыйласы кан майданда эрдик көрсөткөн. Алардын ичинен 90 миңден ашууну фронтто курман болгон. Кыргызстандык 150 миңден ашык жоокер күжүрмөн орден жана медалдар менен сыйланган. Булардын арасында 29 жоокер "Даңк" орденинин толук ээси, 73 жоокер СССР Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

Москваны коргоодо генерал-майор Иван Васильевич Панфилов жетекчилик кылган 316-аткычтар дивизиясы өзгөчө эрдиги менен айырмаланып, тарых барактарында аты жазылып калды. Ал эми Фрунзе шаарында түптөлгөн даңазалуу Кричев атындагы 385-аткычтар дивизиясы унутта калганы өкүнүчтүү. Колумнист Алмаз Батилов дал ушул дивизиянын унутта калган эрдигинен кеп салмакчы.

Дивизиянын түзүлүшү

Бул дивизия 1941-жылдын августунан ноябрь айына чейин өлкөбүздүн борбор калаасы Фрунзе шаарында негизделген. Анын катарына Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен Түркмөнстандан аскерлер чакырылган. Бирок жарымынан көбү кыргызстандыктардан куралган. Тажрыйбалуу офицерлер жетпегендиктен, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети дивизияга 20га жакын партиялык кызматкерди саясий жетекчи катары жиберген. Дивизияны түзүүдө көп кыйынчылыктар болгон. Аткычтардын бир полку Улуттук илимдер академиясында, экинчи полк борбордун жанындагы айылда, ал эми замбирекчилердин бөлүгү темир жол кесиптик окуу жайында жайгашкан. Мындан сырткары, жогоруда сөз болгон полктордун ичинде санитардык пунктулар уюшулуп, медициналык кызматкерлерди даярдаган. Дивизиянын үчтөн бир бөлүгү гана мылтык менен камсыздалган, колдорунда пулемет да жок эле, аскерлер жарытылуу кийинген да эмес. Үч айдын ичинде дивизия аскердик машыгуудан өтүп, жетекчилигине полковник Илья Савин дайындалган.

Кан күйгөн согушка карай…

1941-жылы 4-ноябрда Фрунзе шаарынын тургундары аларды согуш майданына узаткан. 385-дивизиянын эң акыркы командири Митрофан Супрунов согуш бүткөндөн кийин дивиязия тууралуу "Кыргызстан ар түрдүү кыйынчылыктарга карабастан дивизияны керектүү нерсенин бардыгы менен камсыздаган. Жыл сайын Кыргызстандан дивизияга учурушканы киши келип, баалуу белектерин тапшырып кетчү. Ошондуктан дивизиянын офицерлери менен аскерлери сыймыктанып өздөрүн фрунзеликтербиз деп атачу" деп эскерген.

Архивное фото президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Дивизия Беловодск станциясынан поезд менен Саратов шаарына узаган. Эң кызыгы 385-дивизиянын биринчи командири полковник Савин фронтко жөнөп бара жатканда советтик армияда биринчи жолу эшелондорду коргоо боюнча тажрыйбаны колдонгон. Үч взводдун биринчиси эшелонду кайтарган. Экинчи взвод душмандын учактары кол салганда аларга ок чыгарып эшелонду калкаламак. Ал эми үчүнчү взводдун милдети эшелондун алдындагы темир жол талкаланып калса, аны кыска убакыттын ичинде оңдоо эле. Савиндин тажрыйбасы үзүрүн берип, фронтко жеткиче кыргызстандык аскерлердин ичинен алты киши гана жарадар болгон.

Кеңири жайылган тажрыйба

1942-жылы Ржев-Вязьма операциясы маалында Кызыл армия оор жоготууга учурайт. Аскербашчылардын алысты көрө билбегенинен 385-дивизия аскеринин үчтөн бир бөлүгүнөн ажыраган. Бөлүктүн командири полковник Савин кызматтан алынып, анын ордуна полковник Гаврила Немудров дайындалат. Ал адегенде дивизияда чабуул жүргүзө турган күжүрмөн топторду уюштурат. Кыска убакыттын ичинде ийгиликтерге жетишип, жоготуулар да азаят.

Күжүрмөн топтор түн ичинде душмандын негизги күчү кайда жайгашканын билүү үчүн атайын чар-жайыт ок чыгарган. Душман кайра ок атып кайда экенин билгизген соң дивизиянын замбиректери болгон күчүн жумшап, чабуул койгонго жардам берген. Андан кийин күжүрмөн топтор немистердин маанилүү алдыңкы чектерин басып алган. Мындай ыкманы 385-дивизия советтик армиянын тарыхында биринчи жолу колдонуп, андан кийин кеңири жайылып кеткен. Бул тактиканы Немудров 1920-жылдары Орто Азияда басмачыларга каршы күрөшкөндө алардан үйрөнгөн. Кремль мыкты согушканы үчүн Немудровго генерал-майор наамын берип, Кызыл Туу ордени менен сыйлайт. 1943-жылы август айында дивизиянын командири болуп полковник Митрофан Супрунов дайындалат. Ал дагы 1920-жылдары Немудровдун кол алдында Орто Азияда кызмат өтөгөн. Бир айдан кийин 385-дивизия Белоруссиянын Кричев шаарын немис баскынчылардан бошоткону үчүн Сталиндин расмий буйругу менен 1943-жылдын 30-сентябрынан баштап "Кричев дивизиясы" аталып, "Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. Андан ары Польша жана Германиянын Чыгыш Пруссия аймагын фашистерден бошотуу учурунда жердештерибиз өзгөчө эрдик көрсөткөн.

Дивизиянын жоюулушу

Москва дивизиянын урматына 12 жолу салют аткан. 1945-жылы 3-майда Эльб дарыясынын жанында Совет армиясынын ичинен биринчилерден болуп 82-америкалык аба аскердик десанттык дивизиянын жоокерлери менен жолуккан. Америка Кошмо Штатынын өкмөтү Кричев атындагы дивизиянын бир катар жоокерлерин орден, медалдар менен сыйлаган. Ошол эле убакта Совет бийлиги да жогоруда айтылган АКШ дивизиясынын офицерлери менен жоокерлерине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган.

Даңазалуу кыргызстандык дивизия менен полктор II жана III даражадагы Суворов ордени сыйланган. Мындан сырткары, Кричев атындагы дивизиянын 12 офицери менен жоокери Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган.

1945-жылы жайында Кричев дивизиясы СССРдин Куралдуу күчтөрү кыскарып, жоюлат. Жыл сайын 9-майда 385-дивизиянын жоокерлеринин урпактары Москва шаарында чогулуп, аталардын эрдигин эстешет. 2013-жылы россиялык тарыхчы Анатолий Юновидов "385-дивизиянын белгисиз эрдиги" аттуу китебин жазган. Анын бул илимий эмгегин жазыш үчүн жердештерибиз Фаина Осипова, Кызжибек Орозова жана Гүлнура Акказиева жардам берген. Тилекке каршы, бул китеп 1000 экземпляр гана болуп чыгып, элге көп тарабай калган.

Тема боюнча

Ата мекендик согуш учурундагы документтердин электрондук архиви ишке кирди
Согуш ардагерлерине жыл сайын бир берилчү акчалай жардам көбөйдү
Өз мүрзөсүнө келип томсоргон жоокер: атам тирүү экеними укканда эле оңбой калды
Белгилер:
согуш, Жеңиш күнү, Улуу Ата Мекендик согуш
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ