19:14 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3432
  • EUR80.3514
  • RUB1.0582
Кулун жетелеп бараткан адам. Архив

Жылкынын түрү менен сынын ким билет? Айтуяктын асылы тууралуу

© AFP 2018 / VYACHESLAV OSELEDKO
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Шаакан Токтогул
220560

Жылкынын жүрмалы кандай болот, жартак, чынкөр деген эмне? Чакчы деген ким? Колумнист Шаакан Токтогул бул ирет жылкы баласына баам салды.

Ай туяктан жылкы улук деп кыргыз элинде өзгөчө баркталып, ат адамдын канаты деп өзгөчө бааланган. Чындыгында көчмөн жашоонун көп жагдайында кишиге жылкы өбөлгө болгон. Көч жолунда унаа болуп, жоо келсе качса жеткирбес, кууса куткарбас учкаяктыгы менен кадырланган. Төрт түлүктүн ичинен күн жылууда жайыттан чөп чалып жеп, кышкысын карды тээп оттоп жанга анчалык түйшүк жараткан эмес.

Жылкы кыялына, басыгына, сынына, жашына, түсүнө бөлүнөт. Алардын ар бирине өзүнчө токтололу.

Кыялына карата бөлүнүшү

Жүрмал — ат мыктысы, жүрүшү мыкты, алыскы жолго мингенге тынч жылкы.

Жартак — турган жеринен желет.

Чарс — азоо чалыш, кыялы чатак, чакчаңдап турат.

Чынкөр — чөптү аз жейт, чөпбашылап чалат, тандап жейт, ошондуктан арык көрүнүп ичке болот, кабыргасы саналып турат.

Какбаш — жалгыздап, ээндеп оттойт, башка жылкыны сүйбөйт, жолотпой артын салат.

Жатак — жоош, кабелтең, кашаң.

Жалакай — жылкынын жукасы, бат арыктайт, төгөтү жакшы болсо бат семирет, басканы тың, мингенге ылайыгы жок.

Качкы — мындай аттарды "ээр качкы" дешет. Колдон бир бошонсо карматпайт, ээсин ээн талаага таштап кетет. Аны откозгондо чылбырды колдон чыгарбоо керек.

Тиштээк — мингизбей чунаңдайт, бала-бакыраны жолотпойт.

Кишини жылкы мүнөз дегени төгүн эмес белем, кишиде да ушундай эле кыялдар болот эмеспи.

Жүрүшүнө жараша бөлүнүшү

Жылкынын жүрүшү боюнча басык, желет, желе жүрүш, таскак, текирең таскак, кой жорго, жорго, чапма жорго деп бөлүшкөн. Жылкыны жаагы катуу, чөйчөктүү, ак эттүү, кара эттүү деп да атайт.

Сынына жараша бөлүнүшү

Мингич ат, жүк артуучу ат, чабылчу ат, жоого мингич ат, жорго, күлүк же тулпар деп бөлүшкөн. Бул аттарды колдо кармаган, калгандары жайдыр-кыштыр жайытка багылган.

Асылдыгына жараша бөлүнүшү

Тулпар — эпостордо жана эл оозунда айтылышы боюнча жылкынын алды болгон. Тулпар суу ичмейинче башкасы башын салган эмес. Кишиден жалтанбаган сырттан мүнөзү болгон. Арыбаган, талбаган асылдыгы менен бааланган.

Буудан — күлүк, күчтүү, жол билген, ээсин таштабаган жылкы.

Дулдул — жылкынын күчтүүсү, чыдамкайы, туяктары чоң болуп, алты айчылык жолго да арыбас деп сыпатталат.

Жорго — бир калыптагы майда жүрүшү менен айырмаланып, ошол жүрүшүнөн жанбаган ат. Соорусунда суу чайпалбаган жорго деп эң мыктысын айтышкан.

Жылкыны билген кишилер

Ар бир кыргыз эле мал киндиктүү болуп, жылкы менен катарлаш, сапарлаш болсо да, жылкыга өмүрүн арнаган өзгөчө кишилер болгон. Салттуу билимдердин өзөгү канында уюган мындай адамдар жылкынын багын, табын билген, асылдыгын билген.

Сынчы — жылкынын асылдык белгилерин билип, бир көргөндө айырмалап, кемчилин, артыкчылыгын баамдап сынына жеткен киши. Салттуу билимдердин эң барктууларынын бири. Мындай касиети бар кишилерди алыстан алдырып, кыйыр кездирип издетишкен.

Саяпкер — асыл сапаттуу жылкыларды бапестеп таптап, аздектеп багып отуруп, күлүк болсо күлүктүгүнө, жорго болсо жорголугуна, тулпар болсо тулпарлыгына жеткире билген киши. Сынчы сынын билсе, саяпкер табын билген.

Чакчы — күлүктөр чабылаарда, жорго салынаарда ар бирине көз салып кимиси канчанчы чыгып келерин билип айткан. Күчтүү чакчылар он бешинчисине чейин жаңылбай айткандыгы санжыралык маалыматтарда, тарыхый окуяларда бар.

Тизгин жыяр

Тарыхчылар өз изилдөөлөрүндө ат-адам (кентавр) деп кыргыздарды белгилегени төгүн эмес чыгаар. Кылымдардын кыйырында жылкы адамга шерик болуп жашап келип, ал байланыш бүгүнкү күндө да уланууда. Анын жыйынтыгы катары жылкыга байланыштуу мол тажрыйба, аны аздектөөдөгү ырым-жырымдар, салттуу билимдердин үлгүлөрү аздыр-көптүр эл арасында жашап келет. Кыргыз жылкысы, ага байланыштуу элдик билимдер тууралуу эмдиги маалыматтарда кеп улайбыз…

Тема боюнча

Жылкы адамдын кыял-мүнөзүн эстеп калуу жөндөмүнө ээ экени айтылды
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
Белгилер:
жылкы, каада-салт, Шаакан Токтогул, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ