Эркиндик гүлбагындагы эстеликтер ыйлайт...

© Фото / Кабыл МакешовСостояние памятников и скульптур на бульваре Эркиндик в Бишкеке
Состояние памятников и скульптур на бульваре Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда беш миңден ашуун ар түрдүү эстелик бар. Алардын эки миңден ашууну мамлекеттик коргоого алынган.

Эртели-кеч Бишкек шаарындагы Эркиндик гүлбагын аралап, жумушка барып, үйгө кайтам. Гүлбактагы эстеликтердин жарылып, таанылгыс болуп калганын көрүп зээним кейийт.

Былтыр күзүндө бир жигит өрт өчүрүүчү машинанын суу түтүгү менен эстеликтердин сыртын каңтара аттырып жууп жатканын көрүп "жигит, абайласаң боло, бул деген тарыхый эстелик да. Камкор, аяр мамиле кылып, суунун басымын азыраак кылып эле жуусаң боло" деп уруша кеттим эле. Ал "сиздин ишиңиз болбосун, мэриянын буйругу менен тазалап жууп жатам" деген. Ошондон бери кышкы суукта, кар эригенде эстеликтердин кейпи кетип, "ыйлай турган" абалга жетти. Бул майда болгону менен маанилүү маселе. Гүлбакты жүздөгөн чет элдик туристтер, меймандар аралап, сүрөткө түшүп жүрүшөт. "Уялбагандан өзүң уял" дегендей бул кичинекей макала шаар жетекчилерине коңгуроо болоор деген ниетте, бузулуп, оңдоого муктаж эстеликтердин айрымдарын сүрөткө тартып, жөнөтүп турган кербезим…

© Фото / Кабыл МакешовКээ бир эстеликтердин ташы омкорулуп, колу жарылып, кулап калуу коркунучунда турат
Кээ бир эстеликтердин ташы омкорулуп, колу жарылып, кулап калуу коркунучунда турат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кээ бир эстеликтердин ташы омкорулуп, колу жарылып, кулап калуу коркунучунда турат
© Фото / Кабыл МакешовБуга ким жооптуу да, ким милдеттүү?
Буга ким жооптуу да, ким милдеттүү? - Sputnik Кыргызстан
2/4
Буга ким жооптуу да, ким милдеттүү?
© Фото / Кабыл МакешовЭстеликтерге аяр мамиле жасоо ар бирибиздин милдетибиз
Эстеликтерге аяр мамиле жасоо ар бирибиздин милдетибиз - Sputnik Кыргызстан
3/4
Эстеликтерге аяр мамиле жасоо ар бирибиздин милдетибиз
© Фото / Кабыл МакешовТаштан чегип, түйшүк тартып азыр эч ким деле мындай эмгектерди жаратпай калды окшойт
Таштан чегип, түйшүк тартып азыр эч ким деле мындай эмгектерди  жаратпай калды окшойт - Sputnik Кыргызстан
4/4
Таштан чегип, түйшүк тартып азыр эч ким деле мындай эмгектерди жаратпай калды окшойт
1/4
Кээ бир эстеликтердин ташы омкорулуп, колу жарылып, кулап калуу коркунучунда турат
2/4
Буга ким жооптуу да, ким милдеттүү?
3/4
Эстеликтерге аяр мамиле жасоо ар бирибиздин милдетибиз
4/4
Таштан чегип, түйшүк тартып азыр эч ким деле мындай эмгектерди жаратпай калды окшойт

Кээ бир эстеликтердин ташы омкорулуп, кээсинин мурду бучуюп, колу жарылып, жарылып, кулап калуу коркунучунда турат. Гүлбакта эртели-кеч балдар ойноп, сейил курушат. Кокустан жарылган эстелик кулап, кырсык болбосо экен деп да чочуйсуң…

Бишкекке залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун айкели коюлду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун айкели коюлду. Видео
Калкынын саны алты миллионго чамалаган Кыргызстанда беш миңден ашуун ар түрдүү эстелик бар. Алардын эки миңден ашууну мамлекеттик коргоого алынган. Эстелик куруу маданияты кыргыздарда жүздөгөн кылымдар мурун эле түптөлгөн.

Балбал таштар, күмбөздөр, коргондор, андан соң советтик доорунда курулган коммунисттик духтагы эстеликтер, Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго, андан кийинки эгемендик жылдары баатырлардын, чиновниктердин же колунда бар кыргызстандыктардын аталарынын эстеликтери тургузула баштады.Ошондой эле Кыргызстанда акын-жазуучу, манасчы жана искусство ишмерлеринин эстеликтери да арбын.

© Фото / Кабыл МакешовБулар — биздин тарых, эстетикалык ырахат алуучу, эс алуучу жай
Состояние памятников и скульптур на бульваре Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Булар — биздин тарых, эстетикалык ырахат алуучу, эс алуучу жай

Маданият министрлигине республика боюнча эстеликтерди реставрациялоо же оңдоп-түзөө маселеси курчуганын кулак кагыш кыла кетели. Бул иштерге жылына кеминде 50-60 миллион сом керек дешет адистер. Эстелик куруу абдан түйшүктүү иш, бирок аны реставрациялоо андан дагы татаал. Анткен менен Кыргызстанда учурда жаңы эстелик курууга караганда, эскилерин оңдоого болгон муктаждык барган сайын жогорулап бара жатканына Эркиндик гүлбагындагы эстеликтер мисал болоор.

Саймалуу-Таш улуттук паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
Эстеликтерди жергиликтүү бийлик, атүгүл жөнөкөй жашоочулар да өз алдынча оңдоп-түзөп, жууп-тазалап турушу, камкордукка алуусу керек го.

Скульптура жана эстеликтерди оңдоп-түзөө маселесине жөнөкөй кыргызстандыктар дагы кайдыгер карабай, ишембилик учурунда чөп-чарды, жалбырак, таштандыны тазалап гана койбостон, камкордукка алуусу зарыл болуп турат. Анткени бул биздин тарых, эстетикалык ырахат алуучу же эс алуучу жай.

Эстеликтерди ыйлатпайлы, замандаштар…

Жаңылыктар түрмөгү
0