Суу айлантып чачуу, кырк күн сууга отуруу. Ажайып күчкө ээ суу тууралуу

Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул бу сапар элдик билимдердин бири суу менен дарылануу тууралуу кеп салды.

Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор деп кыргыз элинде сууга аяр мамиле жасалган. Аккан суунун арамы жок деп анын тазалыгын айткан. Аккан сууга түкүрбө деп урпагын сууга туура мамиле жасаганга тарбиялаган. Ошондон улам, оорулардын алдын алуу же оорудан айыктырууда суу менен иштешкен.

Суу айлантып чачуу

Улуттук кийим кийген артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети жетим, беш кайып, үч арсыз. Эки ооз сөзгө уюган нарк-нуска
Алыс сапардан келген жакындарын суу менен аластап, суук көз, суук сөздөн, илээшкен жаман нерселерден тазалоо максатында жасалчу жөрөлгө. Ушу тапта деле өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында колдонулат. Сапар тартып келген кишинин чоң энеси, өз энеси же жары  үйгө киргизбей туруп, жаратканга, умай энеге жалынып, таза идишке куюлган сууну анын башынан үч тегеретип күн батышты көздөй серпип жиберип, идишин көмкөрүп коюп анан алып кирген.

Суу менен апаптоо

Бул ыкма катуу корккон, катуу чочуган, жүрөгү түшкөн кишиге жасалып дээрлик баарына жардам берген. Айрым жерлерде эмдеген киши оозуна суу толтуруп корккон баланын эмгегине эринин тийгизип суу үйлөйт. Көбүнчөсү апаптагандан соң муздак суу жуткурушат.

Суу менен учуктоо

Ысык-сууктан, тап өтүп калганда, эмчектин сүтү кайтпаганда, без чочуганда дагы көптөгөн ооруларга ушул ыкманы колдонушкан. Эртең менен эрте күн чыгаарда жана кечкисин күн батаарда идишке муздак суу алып оорулууну күн чыгышты каратып тургузуп бетине, көкүрөк тушуна, ооруган жерине суу бүркүп, кишини бир тегеретип кайра суу бүркүп, аны үч жолу кайталайт.

Кырк күн сууга отуруу

Көчмөндөр фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаз мезгилиндеги тамак-аш. Кыргыз сөөк жукарганда эмне жейт
Кыргыз элинде руханий да, материалдык да тазалануунун эң башкы ыкмасы. Адистердин айтымында, медицинанын алы жетпеген көп оорулардын дабасы. Бирок аны ишке ашыруу көп күчтү талап кылат.

Заман агымына ылайык, оорунун да түрү көп. Ал эми заманбап медицина ооруну түп-тамырынан бери айыктырууга күчү жетпей калышы мүмкүн дешет. Антибиотиктер дартты убактылуу басат. Өсүндүлөр болсо кесип алып салышат. Медицинада кырк күн сууга отуруп, жалаң гана суу ичип, караңгы жерде тилек менен отурган кишинин каны тазаланаары айтылат. Денесиндеги ар бир клетка тазаланат. Ошону менен катар ооруну да сүрүп чыгарат.

Кырк күн суу ичүү эки максатта жасалган. Биринчиси — оорулардын баарынан арылуу үчүн, экинчиси — руханий тазаланып, оюн, ички энергиясын башкарууга жетүү. Ошону менен адамдык деңгээлден ааламдык акылмандык деңгээлге өсүү максатында бул баскычтан өтүшкөн.

Жазылып калган санжыралык маалыматтарда Садыр акенин кырк күн сууга отурганы айтылат.

Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачыткынын азабы менен уюткунун убалы кимге? Көрөңгө тууралуу ой-толгоо
Кырк күн жалаң гана суу ичип караңгы жерде киши өзү менен өзү күрөшүп отурат. Албетте, кубаты азайгандыгына байланыштуу жумуш кылбайт, элге аралашпайт, жанын кыйнабайт. Кырк күндөн соң кайра табигый калыбына келүү процесси да татаал. Алгач, бир чыны сууга бир тамчы, анан бир нече тамчы сүт тамызып ууртап, аз-аздан кымыран ичип отуруп ашказанын тамакка кайра көндүрүп, айранга жеткенде токтотот. Андан соң шорпого өтөт. Арык койдун этин эки кайрып кайнатып төгүп салып, үчүнчү жолкусунда шорпосун ичет. Кийинкиде эки кайнатып ичип, анан аздан эт-ашка аралашат.

Тизгин жыяр

Суу маалымат ташуучу каражат экендигин илим далилдеди. Ал эми ата-бабадан калган бул тажрыйбалардын да туура экендигин адистер белгилешет. Демек, суу баарын жууп кетирген, ойду оңдогон, денени тазалаган, кишинин акыл-эсин тундурган ажайып күчкө ээ…

Жаңылыктар түрмөгү
0