19:43 19 Чын Куран 2018
Түз эфир
Улуттук кийим кийген артисттер. Архив

Жети жетим, беш кайып, үч арсыз. Эки ооз сөзгө уюган нарк-нуска

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Шаакан Токтогул
55440

Сөз баккан эл кийинки муундарга деген илим-билимин, нарк-нускасын, акыл-санатын эки ооз сөзгө уютуп айтып кетиптир. Колумнист Шаакан Токтогул чети оюлбаган казынадан ой түрмөгүн чубады.

Тээ байыртан айтылып келген, өмүр элегинен, турмуш тутмагынан өтүп, сыналган айтымдар бар. Аларды укканда акыл кеп экенине, шексиз чындык экенине дароо ынанасың. Табышмактуу тагдырдын түрдүү кырдаалына, татаал жагдайына кабылганда кайдан-жайдан эске келет да, "аа, ушундайдан улам айтылган тура" дейсиң.

Үч арсыз

Кыргызда үч арсыз деп уйкуну, күлкүнү, анан тамакты айтышат. Анткени киши табиятындагы бул үч нерсенин чындыгында ары жок. Энеси өлгөн уктайт, бирок курсагы ачкан такыр уктай албайт делет. Тамактын ары жогу ушул. Ый менен күлкү аралаш дейт. Жакыны каза болуп кайгыга батканда же бир чоң кырсык болгондо муң басып томсоруп турганда да кишинин күлкүсү келип, күлүп алган учурлар болот. Ары жок эмей эмне…

Беш кайып

Киши жашоосундагы кайдан болору, кантип болору белгисиз, ойлогон ойду оодара салып кудайдын буйругу орундалган жагдайлар бар. Аларды кыргыз дүйнө таанымында кайыптын иши дейт. Элибиз насип кайып, кырсык кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып деп бөлүп келет.

Насип — бул киши жазмышына буйруган азык. Кайыптан буйруп койсо казаныңда бышып азыр жейм деп турган насибиң желбей калат. Же такыр күтпөгөн жерден наар татып, ойлобогон адамдар менен табакташ болуп калат. Муну насип кайып дейт.

Киши он эки мүчөсү соо туруп, ойлогону орундалып турган жетиштүү жашоодо жашап жатса да ар кадамында эмне болорун билбейт. Эртең же бир айдан кийин эмес, азыр бир нече көз ирмемде эмне болуп кетерин билген жан жок. "Кырсык — каш-кабактын ортосунда" же болбосо кырсык кайып деген ошо.

Дидар кайып дегени кимге жолугарың, ким менен учурашарың да кайыптан. Жашоодо биз күтпөгөн мерчемден, биз күтпөгөн жагдайда биз күтпөгөн кишилерге жолугуп калуу ыктымалдуулугу абдан жогору.

Жашоодо ар бир киши арзуу азабы менен жашайт, күйүп-жанып жакшы көрөт. Бирок аны менен баш кошуп бактылуу болору же эки айры жол менен кетери да кайыптан, буйруктан. Жараткан жалгап койсо дүйнөнүн аркы четинен түгөйүн тапкандар, буюрбаса кошунасын алалбай арманда калгандар да көп.

Ажалдын да кайыптан буйруганы чын белем, дени-карды соо туруп жашында жайрап калгандар бар. Кырк жылы кыргын болсо да бир жеринен чалынбай аман калгандар бар. Киши дүйнөгө жаралып эс-акыл күтө баштаганда эле өзүн өлбөчүдөй сезип, ааламды багынтканга умтулат, бирок ар ким буйруган жашын жашап, буйруган ашын ашайт.

Жети жетим

Чөп чыкпаган жер жетим. Тыңшалбаган сөз жетим. Багылбаган мал жетим. Кемпири жок чал жетим. Ак куу, казсыз көл жетим. Элинен кеткен эр жетим. Башчысы жок эл жетим.

Ар нерсе өз баасын алганда, баркталганда жашоонун кадыры артат дешет. Эгер кимде-ким колундагы буюмун, алдындагы ашын, үстүндөгү тонун кор тутса, ошол нерсеси жетимсирейт, куну түшөт, касиети качат. Мындай нерсенин алдын алып, көпчүлүктү тартипке чакырып бабалар жети жетимдин мисалында түшүндүрүшкөн экен.

Түз десең түзү бар, адыр десең адыры бар жер болгону менен эгер ага чөп чыкпаса, кимдин көңүлү түшөт да кимдин назарына кабылмак, жетимсирегени ошол да. Саймедиреп сайрап, куюлуштуруп сүйлөп жатсаң да уккан киши болбосо же кепке түшүнбөсө, сөздүн жетимдиги эмей эмне. Ырыскысы малдан болгонуна карабай, жандыгын асырабай, бар байлыгын күтө албаса малдын куту качпайбы, жетимсиребейби. Жаш кезинен баш кошуп, бирге өмүр кечирген жан жолдошун о дүйнө узатып, же балага, же келинге баталбай кыйналса, абышканын жүдөгөнү, жетим болгону ошол дешет. Баары аталап турганы менен байбичесинин бардыгындай болбойт да. Ылайым тең арып тең карыгыла деген тилекти бекер айтпайт тура. Жайкалып, жака-бели жайылып жатса, бирок үстүндө каз-өрдөгү, ак куусу жок болсо көлдүн жетимсирегени ошол. Ар бир кыргыз мырзасы элге кызмат кылайын, эл бааласын деп турат. Бирок жазмыштын айынан элден алыстасаң, журттан чыгып калсаң андан өткөн жетимчилик барбы? Оордун оору ушул эмеспи. Миң кошчуга бир башчы дегендей, улуулар тилек кылганда "кан тактысында болсун" дешчү экен. Эгер башчысы жок болсо элдин тагдыры татаалдашканы турган иш. Бекеринен "башаламан жарыбайт, башчысыз эл-журт марыбайт" дебеген чыгар.

Тизгин жыяр

Философия, психология, адам таануу, аалам таануу сыяктуу дүйнөлүк илимдердин тарыхы тереңде жатат, бирок алардын изилдөө ыкмалары, чындыкка көз карашы кыргыздын дүйнө таанымына туура келбей калган жагдайлар да бар.

Жогоруда айткандай сөз баккан эл кийинки муундарга деген илим-билимин, нарк-нускасын, акыл-санатын эки ооз сөзгө уютуп айтып кетиптир. Анысы кылымдар бою атадан балага айтылып жүрүп отурду. Анын ар бирин чечмелеп, сөз касиетинен кыйла алыстап кеткен биздерге түшүндүрүп берүү илимге талап

Тема боюнча

Ырыскысын жеп түшкөн Кожомкул балбан же кырк көйнөктүн кереги не?
Ырыскыны таштабайт! Таңга байланыштуу 6 "болбойт"
Белгилер:
колумнистика, каада-салт, Шаакан Токтогул
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ