08:52 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Баланы бешикке бөлөп жаткан аялдар. Архив

Ырыскысын жеп түшкөн Кожомкул балбан же кырк көйнөктүн кереги не?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
57820

Элибиз бел мертинсе бертик сурап, баласы токтобосо кырк көйнөк кийгизип, андан башка да ар бир кадамында тагдырдын төлгөсүн, белгисин чечмелеп, ошого жараша аракет көрүп келген. Кызыкпы? Анда Шаакан Токтогулдун даярдаган материалы сиз үчүн.

Кыргызда түрдүү кырдаал, түрдүү жагдайларга жараша ырым-жөрөлгөлөр жасалып, анын артынан жакшы жыйынтыктар болуп келген. Ошондон улам ырымын жасабаса орду томсорот деп, эл жашоо-турмушундагы орчундуу учурлардын ырымын жасап, кооптуу кокустуктардын алдын алышкан.

Дегеле табият менен тең салмакта жашаган эл жашоо ыргагындагы ар бир ирмемдин аян-белгисин туура кабылдап, ошого жараша аракет жасаган, ошондуктан дээрлик бардык кыргыз өз тагдырын билген. Мындан сырткары болуп кеткен кокустуктардын дагы түбөлүгүн түз кылуу үчүн түрдүү ырым-жөрөлгөлөрдү, ал кокустуктун башатында жаткан же өзүнүн, же ата-тегинин кемчилигин жоюунун жолун жасашкан.

Бертик суроо

Бел — киши тулкусун кармаган күчтүн уюлу, демек басып жүргөн кишиге белдин кубаты маанилүү. Бирок же оор көтөрүп, же жаш төрөгөндө же дагы башка себептер менен белин кокустатып, мертинтип алуу мүмкүн. Ушул жагдайда элдик билимде "бертик" сурап ырым жасашкан. Ал кандайча болгон? Бели ооруган кишинин бүлөсүнөн бир адам чөмүчтү кармап алып, айыл кыдырат. Ар бир үйдүн эшигин ачып, өзүн көрсөтпөй туруп, чөмүчтү ичкери сунат. Үй ээлери да бул ырымдан кабардар. Эч кандай сөз сүйлөнбөйт, сунулган чөмүчкө бир үйдөгү азыктан азыноолак салып коюшат. Чөмүчтүн ээси андан ары башка үйгө жөнөйт. Ошентип жети үйдөн ун, талкан, туз, айран, айтор азык чогултуп келет.

Андан атала чайып, бели мертинген кишиге берет. Жети саны кыргыз элинде ыйык деп эсептелип, бели мертинген жети кырк бүлөнүн деми түшүп, эми тийип, кыйналбай айыгып кетсин дешкен.

Кырк көйнөк

Үйүнө баш токтобой, балдары балапан кезинде учуп кете берген жубайлар мазар тайып, жөө-жалаңдап жер кыдырып, бала тилешкен. Наристелүү болгондо кырк үйдөн кырк түрдүү кездеменин кесиндисин чогултуп (кырк көйнөккө дегенде эле ар бир үй түшүнүп берген), баланы төрөгөн аял өзү тикпей, башкага кырк түр кездемени кураттырып баласына кийим тиктирген. Аны ымыркайга кийгизип, асырашкан.

Андан башка жети жолу жер которуп көчүп, жетиден токоч жасап жыт чыгарып, жети аялга эмизип да ырымдашкан.

Ырыскысын жеп түшкөн бала

Кадимки Кожомкул балбан төрөлгөндө тонунун жарымы жок экен. Киндик энеси "апей, ырыскысын жеп алган тура, тагдыры катаал болуп калбаса экен" дептир. Чындыгында Кожомкул кордуктун баарын көрүп жетим жүрүп жетилет. Балбандыгы менен жаңы атагы чыгып келе жатканда союз доору курулуп, мурункудай аш-тойлор болбой, эңиш, күрөштөр азаят. Союздун кызматтарында иштеп, кудай берген кара күчүн кайда жумшаарын билбей, балбандыгы баркталбай, азаптанат. "Өз дооруман кечигип жаралыптырмын" деп көп жолу арман кылганы бар экен. Анын чоң энеси ылайыктап карап, териси чоң атасына жарашкан карышкыр, жолборсту тулга менен чаап өлтүргөн кайраттуу аял болгон. Өз энеси да кезинде эңишке түшүп жүргөн, Кыз Сайкалдын, Жаңыл мырзанын жолун улаган, аялдын сырттаны болуптур. Ал эми өзү ошондой жубайга жолукпай, сырткы кебетеси да, ички табияты да төп келишпеген аялга баш кошуп, балдарынан өзүн тарткан шай колдогон балбан чыкпаптыр. "Киндик энем айткандай ырыскымды жеп түшкөн бала экенмин, балбандыгым баркталбай, балбан тукум уланбай арманда өтөт экенмин" деп ичтен сызган экен.

Тизгин жыяр

Илим-техника өнүгүп, адам акылы айга жанашканы менен тээ байыртан жасалып келген ырымдардын өзөгүндө адам акылы аңдап жатпеген ааламдык билимдер бар экендиги акырындап далилденип келет. Мисалы, кыргыздын суу менен дарылап, көп ооруну суу менен айыктырып алганынын түшүндүрмөсүн азыркы илим чечмелеп жетишти. Балким, заман агымы менен жүрүп отуруп, бул жогоруда жасалган ырым-жөрөлгөлөрдүн дагы жөндүү түшүндүрмөсү табылып калаар…

Эмнеси болсо да эчен доордун элегинен өткөн элдик билимдер эл арасында жашап келет. Көзгө тирсек чыкса ак-кара жипти чыйратып байлап, бетке сөөл жыкса аттын кылы менен кыя кесип, денесинде кызыл тагы бар балдардын атын Анарбек, Анардин, кыз болсо Анаркан, Анара деп тергеп, айтор тээ байыртан уланган ырымдарды жасап жашап келебиз… Анын канчалык анык же канчалык төгүнүн териштирүүнүн зарылчылыгы деле жок деп эсептейм.

Тема боюнча

Жаз мезгилиндеги тамак-аш. Кыргыз сөөк жукарганда эмне жейт
Экөөлөп көтөрбөйт, соодалашпайт! Бешикке карата 10 "болбойт"
Белгилер:
каада-салт, колумнистика, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ