Өзүн айга теңеген кыздар мени сүйүп калды. Сүйүүнүн кереметин билбейсиңер да...

Жазылуу
Жаз келип айлана-чөйрө көрккө бөлөндү, ал эми кыздар чырайына чыгып күн жылыган сайын ачылып-чачыла башташат. Аны көргөн жигиттер кыя өтпөйт. Барып тааныша албаса да, көз салып узатып коюуга жарайт. Бирок сулууларды сүйдүрүүнүн жаңы ыкмасы табылды.

Азыр Instagram барагын ачарың менен Келдибай абамдын жайытта жайылган койлорундай болуп көз күйдүргөн сулуулар жайнап чыгат. Чекеден тандап таанышып кучагыңа кыскың келет. Бирок бир эле нерсе тоскоол болот да. Алар сенин жазган катыңа "А" же "Б" деп жооп берип койбой кууратат. Суктанып гана кала бересиң. Айлаң кеткенде ал жөн гана сулуу, ага бактылуулук керек эмес окшойт деген ой пайда болот. Болбосо, алардын кыялы капчыгы калың, капкара унаада койкоюп жүргөн балдар деп ойлойсуң. Жо-оок… Антейин десең, ал деле адам экен, ой, "адам экен" дейм да бактылуу болгусу келет турбайбы. Бир карасаң эле башканын колун кармап үлпөт көйнөкчөн турган сүрөтүн жүктөп калат. Кокуй, аларга анча эмне башымды оорутуп жатам. Кимдин жары болсо да бактылуу өмүр сүрүп бир жаздыктан чачтары агарсын. Ар ким өзүнүн бешенесине жазганын көрөт, же буга чейин кандай жүрсө ошонун жемишин жейт.

Торжественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш - Sputnik Кыргызстан
Итпи же чочкобу? 8-мартка мугалимдер алган күлкүлүү 5 белек
6-мартта режиссер Аман Замир режиссерлук кылган "Сүйүү керемет" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Режиссер буга чейин "Мачо" тасмасын жараткан, Түркияга барып да сериал тартуу иштерине аралашып жүргөн. Кинонун сценарийи "дежурный" эмес, өзгөчөлүк менен жазылганы көрүнүп турат. Башкы каарман Азат фотограф болуп иштеп эптеп жанын багат. Ал университеттин чүрөгү Марал аттуу кызды сыртынан жактырып жүргөнү менен жандап барууга эрки жетпейт. Маралды өзүн окуу жайдын Бред Пити сезген Рустам аттуу жигит да сүйөт. Бирок кинонун кызыгы мында эмес…

Бир күнү Азаттын фотоаппараты сыйкырланып, кайсы кызды тартса, ошол замат аны сүйүп айланчыктап жанынан чыкпай калат. Суусап турган балдар жөн коёбу, далай кыздын башын айлантты го, чиркин. Азаттын мага окшоп маймылдан бир аз эле сулуураак досу Сапар сыйкырдуу фотоаппараттын жардамы менен шоу бизнес жылдызы Асел Кадырбекованын жүрөгүн багындырып алат. Эми ошондой фотоаппарат менин колума тийип калганын элестетип көрүңүз. Ии… кандай элестеттиңиз? Ал жагы белгилүү, "кыздардан коллекция түзмөксүң" дейсиз да. Макул, анча табышмак кылбай өзүм айта берейин. Instagram тармагындагы ажарлуу бийкечтердин артынан кууп барып тартаар элем. Анан сыр бербей, бой көтөрүп артымдан ээрчитип, мурда жазган катыма жооп бербегени үчүн өч алмакмын.

Бүгүн, 8-март, аялдардын эл аралык майрамы. Көчөгө чыксаң кыздар сол колуна гүл, жумшак мамалак, шоколад кармап, оң колу менен жигитин, же күйөөсүн колтуктап басып жүрүшөт. Аларды карап тим эле жашагың келет. Аялдардын бешенесине күн да чайыттай ачылды. Facebook тармагында отурган бир байкем "жылда 8-мартта жамгыр жаачу эле, быйыл күн ачык го. Шакмарлар оңолуп калышкан окшойт, ээ?" деп жазыптыр. Аны окуп күлкүмдү тыя албай кыйла отурдум.

Влюбленные - Sputnik Кыргызстан
Тун сүйүүм ай, сени кайра көрбөй эле койсом болмок экен...
Баса, унутуп коюптурмун, "Сүйүү керемет" тасмасындагы ажарлуу Марал байкуш Азатка буйрудубу же "мачо" Рустамгабы деп кызыгып жаткандырсыз. Кыз бери жакта калсын, ортодо күтүлбөгөн бир нече окуялар болуп кетет. Келгиле, мындай кылалы, телефонду карап менин жомогумду окугандан көрө сүйүктүүңүздү ээрчитип кинотеатрга чуркабайсызбы? Ошол жерден чоң экрандан көрүп ырахат алыңыз. Жазда мындай романтикалуу кинону көрбөй коюу мүмкүн эмес.

Башкы каармандар Анвар Осмоналиев, Датка Иминова, Эмил Токтошев, Айзада Жамгырчиева, Асел Кадырбекова жана Кайрат Дүйшөбаев. Тасмада жалаң жаштар ойногон. Көрүп отуруп айрым кадрлардан техникалык катаны байкаганда "кой аксагы менен миң" деп көз жуумп койдум. Негизинен алганда көрсөңүз өкүнбөй чыгасыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0