Итпи же чочкобу? 8-мартка мугалимдер алган күлкүлүү 5 белек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш
Торжественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Бегимай Бакашева мектептеги 8-март майрамын, ал күндүн шаңын жана желим баштыкка салынган белектерди эске салды

8-март күнү кыйратып деле сабак болчу эмес эле. Кыздар өздөрүнчө толкунданып, балдар мамлекеттик сырды сактап жаткансып табышмактуу. Кыздарга даярдаган белектерин, концерттик программасын башкалар билип калбасын деп безеленишет.

Кучакташып турган жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соору көрүнгөн шым, көчөдө өбүшкөн жаштар. Абийирди төккөн 2000-жылдардын башы
Бул күнү эжейлерге белек берүү дагы өзүнчө "азап" болчу. Шаардыктар кантчү эле билбейм, биз айылдыктар, болгон-бүткөн 2-3 дүкөнүбүзгө келген белек-бечкектерге күнүбүз түшчү. Кийин чоң класс болуп калганда баарылап акча чогултуп, тыңыраак кыздар райондун борборуна барып белек алып келе баштаган. Анда деле эмне, көптөгөн жылдар бою модадан кетпеген белектердин катарына кирген идиш-аяк алып келишет. Биз болсо "эжейге сервиз бердик" деп дердеңдеп калабыз.

Бирок ошондо деле арасынан "гениалдуу" идеялары бар окуучулар чыкчу. Төмөндө мугалимдерге берген акылга сыйгыс белектер тизмектелди.

1. Арак куйган 40 стакан. Бул окуя Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы мектептердин биринде болуптур. 8-класстын окуучулары эжейге сервис алып келгиле деп акча чогултуп берсе, класстагы 2-3 кыз барып, арак куя турган стакандан 40ты алып, кооз пленкага оротуп келишиптир. Окуяны баяндап берген таанышымдын айтымында, белекти алган мугалим "мен эмне алкашмынбы?" деп бир гана суроо берген экен.

Празднование нового года - Sputnik Кыргызстан
Тепки жеген балаты, сабиз салат, кашайткан дискотека. Кызыгы көп мектептеги жаңы жылым
2. Баштык толтура вазелин. Кийинки окуяны мага таежем айтып берген. 1975-жылы 2-класста окуп жүргөндө мугалимге белек алыш керек болот. Класстан акча чогулткан староста айылдагы дүкөндүн ордуна дарыканага кирип кетиптир. Сатуучу аял деле эч нерсеге башын ооруткусу келген эмеспи, же окуучулар мугалимге белек алып жатканын айткан жокпу, айтор, бигуди, чач кыпчыткыч, бинт алып, арткан акчаны бир баштык толтура вазелинге коротушуптур. Ичи дары-дармекке толгон желим баштыкты көргөн мугалим боору эзилгиче күлгөн экен.

3. Бультерьердин күчүгү. Дагы бир күтүлбөгөн белекти мындан 15 жыл мурда бишкектик мугалим окуучусунан алган. Үйүндө бультерьер породасындагы ит бакан Мелис аттуу өспүрүм анын үч айлык күчүгүн класс жетекчисине белек кылган. Бультерьер кандай ит экенин билбесеңиз, интернеттен издеп көрүңүз. Жумшартып айтканда, аялзаты, өзгөчө мугалим эжекелер кызыкчу жаныбар эмес. Мелистин айтымында, эжеке аны биринчи көргөндө "бул итпи же чочкобу?" деген суроо берген.

Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Селфи, жаш аралаш жылмаюу... Мектеп уясынан учкан бүтүрүүчүлөр сүрөттө
4. Сүрөттөгү бат карыган кыздар. Биз кичинекей кезде үйгө тамак-аш, жаратылыш, гүл жана сулуу кыздардын сүрөттөрү тартылган календарларды илип алмай мода болчу. Өзгөчө кыздар тартылган сүрөттөргө кызыкчубуз. Азыр ойлосом, сапатсыз немелер бат эле эскирип калчу беле, же күнгө бозоро түшчү беле, иши кылып, өңү өчүп калчу. Ал эми бизге ал кыздардын чачы агарып бара жаткандай көрүнүп, өзүнчө эле мистика болчу. Мындай сүрөттөр илинген үйдөгү адамдар дагы бат карыйт экен деп билерман болуп алганбыз. Ошентип жүргөн кезде классташ балабыздын башында "мыкты идея" жаралды. 8-март майрамына карата мурдагы чейректе көбүбүзгө "3" чыгарып койгон эжейибизге ажарлуу кыздын сүрөтү менен календарды белекке бердик. Баса, ошол эжекебиздин бир жыл мурда капысынан Бишкектен кезиктирип калдым. Баягыдай эле шайыр, сынынан кете элек экен…

5. Окшош сөйкөлөр. 8-мартка аз калганда айылдагы дүкөндөрдүн бирине бир эле түрлүү сөйкө келди. Баасы 5 сомдон. Окуучу кыздардын баары алып тагынганы аз келгенсип, класс жетекчибизге дагы ар бирибиз бирден алып берип койдук… Эжейибиз эки алаканына толуп калган опокшош сөйкөлөрдү столунун үстүнө коюп жатып, жылмайып бизди караганы азыр дагы көз алдымда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0