Бурулчанын селкинчек, бурбай тепкин келинчек! Бурулча деген ким болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул бул сапар майрамды утурлай канча заман өтсө да аты ооздон оозго айтылып, даңаза болгон, ыр-күүсү эл ичинде сакталып калган Бурулча Осмонбек кызы тууралуу баянды сунуштады.

Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда Бурулча 1840-жылы азыркы Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында жарыкка келген.

Калпак кийген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң байдын шарапаты, сараң байдын кесепети. Бай деген ким?
Сан миң жылдын салаасында, түмөн түйшүк менен сыноолорун эркек менен тең көтөргөн айымдардын орду опол тоодой. Жаратылыштын оң-солундай эриш-аркак жүргөн айымдардын асылдыгын айта берсе арбын санат топтолор. Мына ошондой барк менен элге таанылган кыздардын бири — Бурулча. Кыргыз аялзатына таандык сөз билгилик, иш билгилик, сарамжал-бүйрөлүк, ошол эле убакта бар мүчөсү келишкен сулуулук боюнда калыптанган Бурулча эчен кылым өтсө да аты аңыз болуп айтылып келет.

Тагылыктын тагдыры

Бурулча кадимки Мойт акенин чөбүрөсү. Мойттун байбичесинен туулган Усөндүн уулу Осмонбектин кызы. Бирок балага чукак Сасыке агасы багып алган. Бурулчаны 12ге чыккыча эркек баладай кийинтишип, ырымдап атын Тагылык коюп, эрке багышат.

Сасыкенин айылына коно жатып, кадимки Келдибек манасчы көп күн улуу баянды айткан экен. Тагылык да элге аралашып, тирмийип уктабай жомокчуну угат. Эс тартып калган кыз айрыкча Айчүрөктүн арзуусуна арбалып, түшүндө Күлчорону көрдү. Бул түштөн кийин чындап кызга таандык сезимдери ойгонуп, ойго термелет.

Эртеси чай сунган Тагылыкка манасчы суроо узатты:

— Мен айткан Манас атаң баштаган Семетей, Сейтектердин эрдигин уктуң. Кимиси көбүрөөк жакты?
— Айгыр бычылса бээ болбойт, чөл кургаса жер болбойт, мен эркек эмесмин, атама арага түшүп, мага такыя кийгизип кетиңиз.

Келдибек манасчы "бой жетсе астына арстан салбаган мыкты ургаачы болоор" деп ойлоп кыздын атасына кайрылды.

— Ээ Сасыке, ортого түшөөр сөз болуп калды. Суунун өз нугу менен акканы жакшы. Ырымдап эл көзүнөн алакчылаган көрүнөсүң, — деп кызга батасын берип аттана берет. Сасыке да кеп төркүнүн туура түшүнүп, атайылап жибек чатыр жайдырып, Бурулчага жакшы көргөн жеңеси Марияны кошуп берип колуна жумшаганга уул-келин бөлүп, Бурулчаны өзүнчө жаштардын айылына баш кылган экен.

Бурулчанын айылы

Права женщин в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Карындагы бала жан багарбы же эл багарбы? Талгактын таржымалы
Салт билген Седеп байбиче туубаса да, тутунган кызы Бурулчага атаган сеп сандыгын чатырга алдырып келип, жарашыктуу кыз кийимин кийгизсе, атасы Сасыке атагы алыска тараган зергерге тайтуяк күмүш бердиртип, зер буюмдарын жасаткан. Ырымын кылып, чачын өрүп, Белектин байбичелеринен бата алып беришкен.

Бурулча жеңеси Мария менен кеңешип, алты бакан селкинчек салдырат. Комузда кол ойнотуп, жакшы ырдаган жеңесине шыктанып, күн сайын айылдагы кыз-келиндерге оюн уюштурат. Ошентип Бурулчанын айылы ыр-күүгө тунган жаштардын айылына айланды.

Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепкин, келинчек.

Жаштык отун жандырып,
Ырдай тепкин, келинчек.

Келиндерге айттыргам,
Кеч салкында келсин деп.

Эл жыйылса тебе бер,
Ээн жерде эпкиндеп.

Каалаганың келе бер,
Каалаганча тебе бер.

Бурулчанын Келдибек манасчыга айткан сөзү элге тарап, атагы алыска кетти. Өзү да көзгө толуп бойго жетти. Бирок башкалардай кечке үй оокаты менен алпурушпай, эркекче кийинип, жанына айылындагы агаларын ээрчитип, аңчылыкка барат. Коно жатып таш кордо астырат. Күлүктү тандап минип, эркин жүрөт.

Бурулчанын кайыны

Ошондой күндөрдүн биринде Сасыкенин антташкан досу Үрүстөм агасынын жалгыз уулу Керимге Бурулчаны сурап келет. Теги бугулардын сабатарынан болгон досун жакшы кабыл алып Сасыке да макулдугун берет. Бирок күйөө болчу неме купулуна толбогон Бурулчанын атасына айтып турган сөзү:

Мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согумдун сонундары: касапчынын кол кесери, бөкөөлдүн эт бөлгөнү...
— Ата, күйөө балаңды көрдүм, маган салам айтты, ушул менден корунган байкуш сизге күйөө бала болуп жарытпайт го. Мен ага "кет, кетпесең, атып салам" деп мылтык кезедим. Ал азыр өзү эле аттанат. Аттанбаса, кызылдай сабатып туруп, эшикте турган жигиттерге тепкилетип жөнөтөм. Айтканым ушул, күйөө балаңызды кетириңиз, — деп жан-жөөкөрлөрү менен жүрүп кетет.

Сасыке да күйөөнүн жайын уккан, Үрүстөмдүн досчулугу деп жаңылганын сезип жүргөн. Кечээ күйөө баланын турпатын өз көзү менен көргөндөн кийин "беринеси жок, берекесиз ит экен го" деп ичинен сынган. Бурулчанын кайраттуу шылдыңынан кийин биротоло түңүлөт.

Нурдөөлөт болушка арзыганы

Ошентип башы байланган Бурулча атасынын төрүндө көпкө отуруп калат. Айрым маалыматтарда кайыны башын ачпай койгон дешет, кээсинде "биздин таарынычыбыз жок, Бурулчанын башы ачык деген" дешет. Айтор, ошол кездин салтынан чыга албаган Бурулча көлдүн күнгөй бетинде баркы жогору, өзүнөн жыйырма жаш улуу Нурдөөлөт болушка кол жоолук бердиртип жиберет.

Бурулчанын ыр-күүлөрүн эл ичинен далай угуп, кыйындыгына озүнчө баа берген болуш жан-жөкөрлөрү менен кеңешип, акыры башын ачып, Бурулчаны көчүрүп кеткен экен.

Жолдо баратып Бурулча болушка "мени байбиченин айылына эмес, Ормондун кыштоосуна алып барыңыз, мен өзүмчө айыл болом" дептир. Эрктүүлүгүнө бир чети баа берип, бир чети таң калып, Нурдөөлөт болуш Ормон кыштоого өзүнчө өргөө көтөрткөн дешет.

Бурулча келгенден кийин Нурдөөлөт болуштун акылы ого бетер артып, кадыры көтөрүлөт. Дагы бир кызык жагдай, болуш үзүлө турган болуп, ооруп жатканда Бурулчага камчысын берген экен. Ал башкалардай болуп байбиченин балдарын күнүлөп өзүнөн оолактатпай, болуштан төрөлгөн уулун Нурдөөлөттүн улуу балдарына ынак кылат. Байбиченин арамзаланганы менен балдар Бурулчанын акыл деңгээлин сыйлап, кичүү энебиз деп ызатташат. Нурдөөлөттүн улуу баласы кийин болуштукту дал ушул Бурулчадан туулган инисине өткөрүп берген дешет.

Тизгин жыяр

Кыргызские национальные утвари для быта - Sputnik Кыргызстан
Гүлазык деген эмне? Күч-кубат берген, умай энеден уланган азыктын мааниси
Андан бери канча суу акты, заман алмашты. Бирок Бурулчанын өнөр дүйнөсү бүгүнкү күндө да жогору бааланып айтылып келет. Анын күүлөрү көп болбосо да эл ичинде бар. Чалагыз Иманкулов кийин Бурулчага жолугуп, өз оозунан Бурулчанын селкинчекти өз оозунан жазып калган экен.

Ал эми Бурулчанын ишмердиги, аялдык касиети тууралуу да айта берсе арбын кеп болоор. Ушунча өнөрлүү, нускалуу энелерден уланган кыргыз кыздары бар болсун…

Айрым маалыматтар Акмат Карыбай уулунун архивинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0