Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети

© Sputnik / В. Киселев / Медиабанкка өтүүПервая колонна советских войск, возвращающихся из Афганистана на родину
Первая колонна советских войск, возвращающихся из Афганистана на родину - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура 29 жыл мурун ушул күнү СССРдин куралдуу күчтөрү Афганистандан чыгып кеткен. 1979-жылы 27-декабрда Афганистанга СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн 40-чы армиясы кирген эле. Согуштун себептери жана кесепети тууралуу колумнист Алмаз Батилов ой бөлүшөт.

Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон Катюша - Sputnik Кыргызстан
Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон "Катюша"
Расмий маалыматка таянсак бул согушка советтик 620 миң офицер менен жоокер катышкан, анын ичинен 14 453ү каза болгон. Ал эми Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 254ү курман болгон. 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге "Советтер Союзунун баатыры" наамы берилген. Кайтып келгендери Афган согушунда алган психологиялык стресстен ("афган синдрому") улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калды. Женева универсетинин доктору Марек Сливинский менен Гэллап институнун Пакистандагы филиалынын адиси Иджаз Гилянин маалыматы боюнча 1,5 миллион афгандык жаран каза болгон.

Согушка кимдер катышкан

Бул согушка ар түрдүү көз караштагы державалар менен мамлекеттер катышкан. Бир жагынан СССР жана социалисттик лагердеги өлкөлөр коммунистик режимге жардам берсе, расмий Кабулга каршы согушкан оппозициялык күчтөргө АКШнын өнөктөштөрү Кытай, Пакистан жана Батыш Европа менен Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер тынбай көмөк көрсөтүп турган. Бул согушту Батышта "Афганистан СССР үчүн Вьетнам болду" дешкен. 

Тарых эмне дейт

XIX кылымдан баштап Россия менен Англиянын ортосунда Афганистанды көзөмөлдөө үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. Ири державалардын ортосундагы бул күрөш азыр да токтой элек. XIX жана XX кылымдын башында Улуу Британия Афганистан менен үч жолу согушуп, жеңилгенине карабастан ага чейин басып алган Афганистандын айрым аймактарын кайра кайтарган эмес. Ошон үчүн азыркыга чейин мурдагы Улуу Британиянын колониясы Пакистан менен Афганистандын ортосунда Дюранд сызыгы деп аталган чек ара чыры бүтө элек. Мындан сырткары, расмий Лондон Кабулдун тышкы саясатын көзөмөлдөө боюнча позициясын сактап калган. Англия өзүнүн атаандашы Россия Афганистанда үстөмдүгүн орнотуп, колониясы Индияга кол салышы мүмкүн деп кооптонгон. Чынында эле Борбордук Азияда Афганистандын орду стратегиялык жактан абдан маанилүү болгондуктан, орус өкүмдарлары өз таасирин кеңейтүүгө умтулган. Дал ушул себептен улам Афганистан үчүн Улуу Британия менен Россиянын ортосунда тымызын айыгышкан күрөш жүргөн.

1917-жылы Россия империясы кулагандан кийин Совет бийлиги 1919-жылы Афганистанды Англиядан толук көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган жаңы падыша Аманнулла-ханды абдан колдогон. Ошол эле учурда Совет өкмөтү Афганистан аркылуу Улуу Британияга каршы саясатын жүргүзүүгө умтулган. Бирок расмий Москва коңшу өлкөнүн ички жана тышкы саясатына көп кийлигишкен эмес. Ошондуктан Афганистанды 40 жыл башкарган өкүмдар Захир-шах Москва менен жакшы мамиледе болчу.

Так талаш

Афганистан Демократиялык Республикасынан советтик интернационалчы-жоокерлер  кайтып келе жатат. - Sputnik Кыргызстан
Афганистан ... алып калган жоокерлер
1973-жылы Захир-шахты анын жакын тууганы ханзада Дауд-хан тактыдан түшүрөт. Ал Афганистанды Республика деп жарыялап, жеке бийлигин орнотот. Буга чейин Дауд-хан мамлекетте бир катар реформаларды жүргүзүп, армияда жана коомчулуктун арасында кадыр-барктуу саясатчы болчу. Белгилей кетчү жагдай, Афганистандын туңгуч президенти Дауд-хан да СССР менен тыгыз кызматташууга умтулган.

Тилекке каршы, Дауд-хан бийликке келгенден кийин анын көпчүлүк реформалары ишке ашкан эмес. 1978-жылы Дауд-ханга каршы "Элдик демократиялык" деп аталган партия кутум уюштуруп, мамлекеттик төңкөрүш жасайт. Натыйжада Дауд-хан үй-бүлөсү менен өлтүрүлөт. Бийликке жаңы келген Нур Мухаммед Тараки жана анын тарапкерлери мамлекеттик төңкөрүштү "Апрель же Саур революциясы" деп аташкан.

Элдик демократиялык партия "Хальк" жана "Парчам" деген эки фракциядан турган. "Хальктын" көпчүлүк мүчөлөрүнүн улуту пуштундар эле. Ал эми "Парчамдын" басымдуу бөлүгүндө тажик, өзбек, нуристан жана хазара калкынын өкүлдөрү эле. 1978-жылдан баштап мамлекетте жарандык согуш башталган. 

© Sputnik / В. Киселев / Медиабанкка өтүү1979-жылы СССР Кабулдан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Баграм шаарына Советтик Армиянын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын "Мусулман батальону" деп аталган атайын бөлүгүн жиберет. Анын басымдуу бөлүгүн тажик, түркмөн жана өзбек улутундагы аскерлер түзгөн.
Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети - Sputnik Кыргызстан
1979-жылы СССР Кабулдан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Баграм шаарына Советтик Армиянын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын "Мусулман батальону" деп аталган атайын бөлүгүн жиберет. Анын басымдуу бөлүгүн тажик, түркмөн жана өзбек улутундагы аскерлер түзгөн.

СССРден жардам суроо

1979-жылы Герат шаарында жаңы өкмөткө каршы козголоңдон кийин расмий Кабул СССРдин жетекчилигине аскерлерин киргизүү өтүнүчү менен кайрылат. Ошол эле жылдын сентябрь айында Нур Мухаммад Таракини өлтүрүп, анын орун басары Хафизулла Амин бийликке келет. Оппозицияга карата аёосуз репрессияларды жүргүзгөн Аминге калктын арасында нааразылык күч алат. Ошол эле убакта расмий Москва чалгын кызматынын маалыматына таянып, Аминди АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын тыңчысы деп шекшиген. Бирок бул маалымат бүгүнкү күнгө чейин такталган эмес. Ошондуктан Москва Аминдин ордуна тымызын "Парчамдын" лидери Бабрак Кармалды дайындай баштайт. Амин да Кремлге жардам сурап кайрылган. Ушундан пайдаланып СССР Кабулдан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Баграм шаарына Советтик Армиянын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын "Мусулман батальону" деп аталган атайын бөлүгүн жиберет. Бул батальондун басымдуу бөлүгүн тажик, түркмөн жана өзбек улутунан куралган аскерлер түзгөн. Мындан сырткары, буларга СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин атайын даярдыгынан өткөн офицерлер кошулат.

Оштун жашоочулары Афганистандагы апаатта курман болгондорду эскеришти - Sputnik Кыргызстан
Оштун жашоочулары Афганистандагы апаатта курман болгондорду эскеришти
25-декабрда саат 17.00дө СССРдин 40-чы армиясынын айрым бөлүктөрү Афганистанга кирет. Ал эми эки күндөн кийин советтик жоокерлер Аминдин ордосу Тадж-бек сепилине чабуул коюп, аны ээлейт. Советтик жоокерлер афган жергесиндеги бул сарай төңкөрүшүндө биринчи жолу оор жоготууга учурайт.

АКШнын өнөктөштөрү Пакистан, Кытай, Египет менен Батыш Европа өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер афган моджахеддерине курал-жарак берип жана үзгүлтүксүз каржылап турганы маалым. Чехиянын Dotyk гезитинин журналисти Давид Галатканын жазганы боюнча Вашингтон бул согушка 3,2 миллиард доллар сарптаган экен. Каражатты моджахеддерге АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жеткирип турган. Чалгындоо кызматынын мындай тымызын иш-чарасы тууралуу америкалык Конгресс билген да эмес.

Баңгизат "байлыгы"

Эң кызыгы, ошол учурдагы АКШ президенти Рональд Рейган афган козголоңчуларына баңгизат сатууга уруксат берген. Мындан сырткары, Пакистан менен АКШнын Чалгындоо кызматтары биригип, моджахеддердин апийимди Афганистандан Пакистанга алып келип жана аны баңгизатка айландырып сатканын көзөмөлдөгөн. Бул баңгизаттан түшкөн пайда бир миллиард долларды түзгөн деп чех журналисти Давид Галатик макаласында расмий Вашингтон менен Исламабадды кескин сындайт. 1979-жылдан баштап 1989-жылга чейин советтик аскерлер Афганистанда баңгизат өндүргөн жана ташыган кылмыштуу топторго аёосуз күрөш жүргүзгөн. Ошол эле учурда АКШ, Англия жана Кытайдын чалгындоо кызматтары Пакистанда афган козголоңчуларын атайын даярдыктан өткөрүп жана партизандык ыкма менен согушканды үйрөтүп жатты. Иран да шиит агымын карманган козголоңчуларга көмөк көрсөтүп турду. Советтик аскерлерди каралаган пропаганда күчтүү жүргөн. Мындай тоскоолдукка карабастан советтик жоокерлер жана расмий Кабулдун армиясынын басымдуу бөлүгү моджахедерге каршы жанын аябай салгылашты. 

© Sputnik / А. Соломонов / Медиабанкка өтүү1988-жылдын 15-майынан баштап Советтер Союзу Афганистандан өз аскерин четинен чыгара баштаган
Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети - Sputnik Кыргызстан
1988-жылдын 15-майынан баштап Советтер Союзу Афганистандан өз аскерин четинен чыгара баштаган

Саясий эрк, акыркы чечим

Өз аскери кошуна өлкөдө жарандык согушка өтө аралашып, майнапсыз аракеттер болуп жатканына көзү жеткенден кийин Кремль Афганистандан 40-армияны чыгаруу боюнча кадам таштаган. Михаил Горбачев 1988-жылы 7-апрелде Ташкентте Афганистандын президенти Мохаммад Наджибулла менен жолугуп, натыйжада 14-апрелде Женевада Афганистан менен Пакистан өкмөтүнүн ортосунда абалды жөнгө салуу жана 40-армияны алып чыгып кетүү боюнча келишимге кол коюлган. Анын аткарылышына АКШ менен СССР кепилдик берген. Келишимге ылайык, 1988-жылдын 15-майынан баштап Советтер Союзу Афганистандан өз аскерин четинен чыгара баштаган. СССРдин жетекчилиги жоокерлерге 40-армияны толугу менен сактоо боюнча убада берген. 1989-жылдын 15-февралында 40-армия Аму-Дарыянын боюнда жайгашкан Афганистандын Хайратан шаары менен Өзбекстандын Термез калаасын жана калган бөлүгү Туругунди калаасы менен Түркменстандын Кушка шаарын байланыштырган көпүрө аркылуу чыккан. Эң акыркы болуп 40-армиянын колбашчысы генерал Борис Громов чыгып, журналисттерге "Афганистанда бир да советтик жоокер калган жок" деген. Бирок бул сөз жалган болуп чыкты. Афган козголоңчулардын туткунунда 400дөн ашык советтик жоокер калган. Азыркы күнгө чейин туткунга түшкөн 200дөн ашык советтик аскерлер издөөдө.

Аткарылбаган убада

СССРдин жетекчилиги убадасынан тайып 40-армияны толугу менен жоюп салат. Себеби аталган армия бийликке каршы козголоң көтөрөт деп корккон. Эң өкүнүчтүүсү, Женевадагы келишимдин жоболору иш жүзүнө ашкан эмес. АКШ, Пакистан, Кувейт, Сауд Аравия жана Иран моджахеддерге жардам бергенин күчөтүп, Наджибулланы бийликтен кулатты. 1990-жылы Афганистандан баңгизаттын өндүрүлүшү 600 тоннага жетти. 1996-жылы СССРдин Азиядагы эң акыркы ишеничтүү өнөктөшү Наджибулла менен иниси Ахмадзайды талиптер мыкаачылык менен өлтүргөн. Афган согушунун кесепетинен 1990-жылдары коңшу Тажикстанда жарандык согуш башталды. Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин постсоветтик аймакта диний радикалдар баш көтөрүп, козголоң менен кутумдарды уюштуруп, карапайым элдин тынчын алууда. Эң башкысы Афганистанда дагы эле 30 жылдан ашык жарандык согуш бүтө элек. 

© Sputnik / В. Киселев / Медиабанкка өтүүАзыркы күнгө чейин моджахеддер шуравилер өзгөчө эрдиги менен айырмаланып, сөзүнө турган анык жоокер деп баа беришет
Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети - Sputnik Кыргызстан
Азыркы күнгө чейин моджахеддер шуравилер өзгөчө эрдиги менен айырмаланып, сөзүнө турган анык жоокер деп баа беришет

Шуравилер

Дамаск шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия алты жыл ичинде согушта жарым миллион жаранынан ажыраган
Бүгүнкү күндө да афган эли сыйлап, мурдагы СССРдин курамындагы өлкө жарандарын шурави дейт. Эң кызыгы, азыр афгандык моджахеддердин басымдуу бөлүгү "советтик аскерлерге каршы бекер эле согушкан экенбиз, андан көрө алар менен тил табышканда Афганистандын тагдыры башкача болмок экен" деп өкүнгөнүн көрүп батыш журналисттери таң калуу менен жазат. Азыркы күнгө чейин моджахеддер шуравилер өзгөчө эрдиги менен айырмаланып, сөзүнө турган анык жоокер деп баа беришет.

Афган согушуна катышкан Асанбек Алымкожоев, Таалайбек Өмүралиев,Таалатбек Масадыков, Гулия Кожоакматова өңдүү кыргызстандык офицерлер менен дарыгерлер өлкөбүздүн армиясы менен аскердик мединицасынын жана чыгыш таануу илиминин пайдубалын түздү. Урматтуу биздин сүйүктүү шуравилер, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жаңылыктар түрмөгү
0