Тепки жеген балаты, сабиз салат, кашайткан дискотека. Кызыгы көп мектептеги жаңы жылым

© пресс-служба мэрии города ОшПразднование нового года
Празднование нового года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл босогого кирип келди. Учурда майрамга карата жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Колумнист Эламан Карымшаков мектепте жаңы жылды кандай тоскону жана аягы жакшы бүтпөгөн дискотека сыяктуу кызыктуу окуяларды эскерет.

Торт, мандарин, ананас, шампан, шаңдуу музыка, тарс-турс атылган салюттар, шаар, көчө, жада калса үйдүн ичин да жалтырак-жултурактар менен жомоктогудай жасалгалоо. Бул — жаңы жыл келгенин дааналап көрсөтөт. Майрамдын шылтоосу менен айдап-жылдап көрбөгөн туугандарың менен кездешип, "кумириңе" айланган тамактарды дасторкон үстүнөн көрөсүң.

"Шерлерибиз" балатыны кулата тээп…

Президент балаты майрамында: чын дилден кубанган жыйынга биринчи катыштым - Sputnik Кыргызстан
Президент балаты майрамында: чын дилден кубанган жыйынга биринчи катыштым
Ал эми мектепте бул майрам өзгөчө салтанат менен өтчү. Декабрь айы башталары менен эле жаңы жылга баш-отубуз менен кирип кетебиз. Кечени 11-класстар уюштуруп, Аяз ата, Аяз кыз, жез кемпир, маскарапоз да ошолор болчу. Балатыны тоодон кыйып алып келишчү. Аны майрам бүткөндөн кийин мугалимдер менен уюштуруучулар бөлүп кетишет. Үйдү ысырыктаганга керек да. Бир жылы окуучулар балатыны айланып бийлеп жатышса мектеп бүтүп кеткен жана аскерге барып келген балдар келип балатыны кулата тепсе болобу. Ошентип айылыбызда каратисттер бар экенин билип алдык.

Өнөр таймашы жана чай отуруш

Жаңы жылга карата сынак уюштурулуп, ар бир класс өзүнчө программа даярдап чыкчу. Анда ыр, бий, клип, декламация, интермедия жана жомокторду аткарасың. Болгон өнөрүңдүн баарын ошол жерде тартуулашың керек. Саламдашуулар да өзгөчө болоор эле.

"Салам, салам, салам! Салам менен барам.
Саламым менен барып биринчи орунду алам!"
 — деп жаныңдагы кызга микрофон узатсаң ал…

"Жаны жыл келди жаш балбан,
Кайраттанган шаттанган.
Лыжа байлап бутуна
Уза-ак сапар аттанган",
 — деп калганын кара сөз менен улап кетет.

Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Селфи, жаш аралаш жылмаюу... Мектеп уясынан учкан бүтүрүүчүлөр сүрөттө
Кызыгы — ушул декламация менен саламдашууну жыл сайын бери дегенде алты окуучу айтат. Ал убакта айылда интернет жок, ага-эжелерибизден жардам сурасак өзү жаттаган нерсесин үйрөтүп коёт, ошону айта бересиң да. Кечеге балдар анча деле жасанбай маймыл, коён, карышкыр, иттердин маскасын тагынып бара беребиз. Баягы эле кыздар… Көз күйдүрүп супсулуу болуп кирип келишет. Визажист — жеңеси, стилист — апасы, чач жасалга — эжеси. Анан баарынын эле башына кооз таажы сатып алганга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Колу гүл ата-энелер чарба иштерине колдонгон зымга гирлянда ороп таажы жасап берээр эле. Анан жалпы сынактан кийин өзүңдүн классыңда майрамдык чай отуруш өтөт. Аны үчүн ар бир окуучуга чек таштап тамактар бөлүштүрүлгөн. Дасторкон төмөндөгүдөй тамактар менен кооздолот:

— Куурулган картошка, палоо, кесме, боорсок, жумуртка, пирог, торт (кээ-кээде), момпосуй, печенье, суусундуктун эки-үч түрү, алма, сабиз салат, фунчоза, оливье (бул салатты көз ирмемде таппай каласың), баласы тың экенине ишенген ата-эне термоско чай куюп берет.

Көзүңдөн учкан дискотека

Ошентип майрамдын чай отурушу башталат. Кыз-бала аралашып эки беткей отурабыз. Майрамдын кульминациялык жеткен чеги дискотека болот. Аябай жакшы ой менен DVD жана колонка алып барасың. Бирок бирине жаккан музыка экинчисине жакпай жарым убактың эле ыр тандоого кетет. Акыры баарына жаккан музыка табылып образ менен бийлеп баштасаң дагы ыр токтоп калат. Дагы эмне балээ болуп кетти экен деп карасаң мектеп директору босогодо турган болот. Турушу башкача, сен анын тоогун уурдап келип жеп койгонсуп тигиле карайт. Анан кабагын ачпай туруп "болду, ызы-чуу кылбай кеткиле" деп кууп чыгат. Ушул жерде кечке чогулткан энергиянын баары чачылат го, чиркин. Билген жаман сөздөрдүн баарын анын башынан ылдый жаадырасың. Бирок ичиңден же мектептин сыртына чыккандан кийин. Анткен менен кээде башка себептер менен да дискотекабыз үзгүлтүккө учурап калчу.

Кашын боеп жаткан кыздын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыздар, каш-кирпикти эмне мынча кордодуңар? Эми үйлөнбөй каламбы...
Бир жолу 9-10-11 класстар үчүн мектептин спорт залында дискотека уюштурулган. Баары ойдогудай, жада калса алыстан көз салып жүргөн кызың менен бийлөө мүмкүнчүлүгү да түзүлгөн. Кыздар да, балдар да бактылуу. Кашайып жарым сааттан кийин свет өчүп калса болобу. Деми күчтүү балдар коңшу айылдагы баланын генераторун сурап келип музыканы кайра жандырдык. Тилекке каршы, мунун да аягы жакшы бүткөн жок. Мурда-кийин ал айылдын балдары менен отубуз жакшы күйүшчү эмес. Бир маалда өзүн күчтүү сезген бир бала жанагы генератордун ээси менен чокулаша кетти. Ал жөн калмак беле, жини менен генераторун алып кетип баарыбызды кууратты. Бул бизди эрме чөлдө суусуз калтыргандай эле болду. Эмне кылабыз анан, айла жок үйүбүзгө тарап кеттик.

Ошентип чоңойду-ук да…

Жаңылыктар түрмөгү
0