16:24 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Чач өрүү. Архив

Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Шаакан Токтогул
58360

Кыргызда чач өрүүнүн, чач жайуунун, чач кыркуунун өзүнчө жол-жобосу болгон. Колумнист Шаакан Токтогул чачка байланыштуу элдик ишенимдер менен тыйуулар тууралуу кеп салып берди.

"Кыздын көркү кырк өрүм чач" же болбосо "Аялдын көркү чачында" деген айтымдарды эл арасында угуп эле жүрсөк да заман агымына ылайык узун чачты көп барк албай, убалына калып келебиз. Кыргызда эркек — пир, аял — кут дейт эмеспи. Ошол кут кармаган аялдын чачы анын аялдык жашоосунун, аялдык турмушунун өзөгүн кармап турганы маалым.

Элдик билимде

Чач кишинин бир мүчөсү катары саналган менен, анын сырткы көрүнүшү да элдик билимде маанилүү болгон. Жылкынын жалындай катуу чачтар аялдын ички өзөгү бекем, кайраттуулугунан кабар берген. Жумшак, уяӊ чачтар мээримдүү жароокерликтин жарчысы болгон. Таралбай чачы чачыша берген кыздарды "кыялыӊ менен" дешкен. Эмнеси болсо да эл ичинде калыӊ, кундуздай жылтылдаган, узун чачтуу кыз-келиндер жогору бааланып, элдин кутун, касиетин сактайт деп ишенишкен.

Кыз төрөлгөн ар бир үйдө анын чачына көӊүл бурулуп, күтүрөп өсүп чыксын үчүн көп кырып, башына нан коюп, супарага унду көп калтырып, кыскасы, түрдүү аракеттерди апалар тынбай жасашат. Анткени узун чачтуу кыз көптүн сүймөнчүгү, журттун көркү эмеспи…

Кыздын чачын өрүү

Кыз бала төрөлгөндө кызыгын көрөт экенбиз деп ата-эне кубанган. Анткени кыз бала жанга жагым, көзгө сүйкүм, жашоонун боёгу эмеспи. Кийимдин жакшысын, көрктүүсүн тандап, кызына арнап камылга кылуу ар бир үйдө кыз жарыкка келгенден эле башталат. Кыз бала кол арага жарап, секелек болуп калганда кырк өрүм кылып чачын өрүшкөн. Келечеги жакшылыктарга мол болсун деп кырк бөлсө, берекеси жайнасын деп чачын майлаган. Аруулугунан жанбасын деп, ак жалгасын деп ак билик менен учуктап чач өрүү салтын жыйынтыкташкан.

Кош өрүм

Кыз бала бойго жетип, турмушка узап баратканда жеӊелери чогулуп, кырк өрүмүн жазып, кошогун кошуп, акыл-кеӊешин айтып, кыздын чачын кош өрүм кылып өрүшкөн. Муну менен кыздын эрке-эселектиги кетип, бирөөнүн жары болуп, бирөө менен жуп болгону белгилүү болгон.

Чач кыркуу

Чач кыркуу кыргыз салтында жосунсуз жорук деп эесептелген. "Чач кеспе, ырыскыӊды кесесиӊ" деп кичинемде таене, чоӊ энелеримден угуп калган жайым бар.

Ал эми байыркы коомдо бузуктук кылган, көптү уятка калтырган аялдарды чачын кесип, бетине көө жаап, элден чыгарып жазалашкан экен. Мындайча айтканда чачын кыркуу менен бул аялдын "аял" деген асылзаада наамга татыксыз экендигин баса белгилешкен.

Чачын жайуу

Чач жайуу кыргыз коомчулугунда аза күтүүнүн белгиси болгон. Атасы, бир туугандары, же жолдошу кайтыш болгон кыз-келиндер чачын жайып аза күтүшкөн. Чач жайган кыздарды "жамандыкты чакырасыӊар, жыйнагыла" деп улуулардын урушканын угуп калдык.

Чачка байланыштуу ишенимдер

Энергетикалык жактан алганда чач ааламдан агылып келген маалыматтарды ташуучу өткөргүч. Ошондуктан аны жакшылап тарап, маал-маалы менен өрүп коюу керек. Анткени өрүлгөн чачка кара күчтөр жолой албайт деген ишеним бар.

Андан сырткары, түз маанисинде да, кыйырында да чач коргоочу касиетке ээ. Түз мааниде алып караганда ар кандай зыяндуу жыт, боёк деген заманыбызда толтура. Чач ошонун баарын сиӊирип алып, организмге өткөрбөй турат. Ал эми кыйыр маанисинде жогоруда айткандай өрүм чач терс нерселерди денеге жолотпойт.

Жаӊы төрөлгөн ымыркайды энесинин чачы менен окшутуп, сары май менен оозандыруу кыргыз салтында жашап келет. Бала үчүн энеден ыйык эмне бар. Ошондуктан анын чачы менен баланы аруулап, ашказанын калыбына келтирип, анан май менен оозандыруу азыркы илимде да туура деп тастыкталат.

Соӊку сөз

Узун чачтуу кыз баарынан сулуу, баарынан сүйкүм көрүнөт. Биринчи көзгө урунат. Анан да узун чачтын модасы өтпөйт, кызыгы кетпейт.

Аялдын куту чачында кармалса, аялдын эле эмес, кыргыздын куту кыздарынын чачында сакталса, анда качкан касиетти кайтарып алуу, мындан аркысына улантуу, балким, кыргыз кыздарынын колундадыр…

Тема боюнча

Чачучтук, сөйкө, бой тумар... Кыргыз аялзаты үчүн зер буюмдарынын мааниси
Белгилер:
ырым-жырым, чач, каада-салт, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ