Астанага баргандан келгенче шашып... Сапардагы кызыктар

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева Астанадагы "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн жабылыш аземине барып, ал жактан көргөн кызыктарын, таң калган, суктанган көрүнүштөрдү эл менен бөлүшүүнү туура көрдү.

Казакстандын борбор калаасына экинчи жолу барышым. Биринчисинде да жумуш менен барып анда бир күн эле жүрүп кеткенбиз. Шашып кеткенгеби, шаарды толук кыдырып, кызыктуу жерлерин көргөнгө жетишкен эмесмин. Бул жолу "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн жабылышына барасың дегенинен абдан сүйүндүм. Астананын аэропортунан түшкөндө эле тартип, тазалык дароо байкалды. Кезек күтпөй документтерди текшертип сыртка чыктык. Бизде күн ысык болуп жаткандыктан жеңил кийинип алыптырмын, дароо шамалга урундум. Астананын кең талаасында шамал жөн эле аркырайт экен. Бирок сыртта көп турган жокпуз, эл аралык көргөзмөнүн уюштуруучулары дароо бизди автобуска отургузуп ЭКСПОнун шаарчасына жеткирип койду. Көрсө казак туугандар иш-чарага карата бири-бирине коендой окшош 42 турак үй куруптур.

Ал күнү график бош дегенинен Кыргызстандан барган дагы эки кесиптешим менен кечки Астананы көргөнү чыктык.

Такси кызматы

Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымыз ичип, тоо аралап ат минем! Кыргызстандыктар кызыккан эс алуунун түрлөрү
Ал жакта биздикиндей таксисттер ар кайсы жерде турбайт экен. Жолдон каалаган унааңды тоссоң бара турган жериңе ала кетишет. Эч жерден такси көрбөгөндүктөн жергиликтүү тургундардан сурасак "бизде такси чакыртсаң болот, бирок көбүнчө эл жөнөкөй унаа тосот" деп койду.

Жакшы экен деп жолдон бир унаа тостук дагы Астананын символу болгон Байтерекке бардык. Биздин "Ала-Тоо" аянтындагыдай элдин баары ошол жакта сейилдеп сүрөткө түшүп жүрүшүптүр. Ал жакта көчөдөгү ажатканалары чоң, ичи таза, самын, кагаздарынан бери бар, анан да акысыз болгону жакты. Мени таң калтырганы сейил бактарда, дүкөндөрдө жөө адамдардан да коляска көп экен, ар бир экинчи казактын коляска сүйрөп жүргөнүн көрөсүң. Анан да көчөдөн бирден экиден кафе-ресторанды чанда көрбөсөң, алардын баары соода-эс алуу жайларында жайгашыптыр. Баласынан карысына чейин ошол жакта.

Коопсуз шаар

Биз эки жакты кыдырып Казакстандагы кесиптештерге жолугуп отургуча түнкү саат 12ге чукулдап калыптыр. Сыртка чыксак дагы деле киши көп. Шаарга берилген жарыктардан улам түн киргенин деле байкабай калгыдайсың. Эч нерседен сарсанаа болбой, жай сейилдеп жүргөн адамдар. Ал жакта иштеген кесиптеш кыздар да "караңгыда жалгыз калсаң коркпойсуң деле, биринчиден шаар жарык, экинчиден эч ким тийбейт" дешти.

ЭКСПО

Эртеси программа боюнча ЭКСПОго бардык. Чындыгында жакшы даярданышыптыр. Аябай суктандым, казактар мактангандай эле өлкөсү гүлдөп жатыптыр.

ЭКСПОдо көзгө "Нуралем" деп аталган шар түрүндөгү имарат урунат экен. Анын ичинде жалаң Казакстандын жетишкендиктери, инновациялык технологиялар, айтор, 22-кылымдын шаарына киргендей болосуң.

Восхитительно! Побывавший в 50 странах турист снял ролик о Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Укмуш! Дүйнө кезген таиланддык турист Кыргызстан тууралуу ролик тартты
Ал эми анын айланасындагы жылан сымал имаратта 100дөн ашуун өлкөнүн жетишкендиктерин, маданият, салт-санаасын көрсөткөн павильондор жайгашыптыр. Алардын арасынан дароо эле Кыргызстандын павильонун издеп жөнөдүм. Таппай, бир баскан жеримди он бастым. Көрсө биздин павильон 4-5 мамлекет менен бирге "Жибек Жолу Плазасы" деп аталган павильондо жайгашыптыр. Атайын мага окшоп издеп барган киши эле таппаса, жөнөкөй коноктор аны көрбөй деле калгыдай. Намыстандым. Себеби ошол эле коңшу Өзбекстан желегин желбиретип чоң аянтты ээлептир. Ичинен көзгө көрүнүктүү деле эч нерсе көрө алган жокмун. Ал эми павильондордун ичинен мага Индия, Япония, Африка жана Кытайдыкы абдан жакты.

Кесиптешти жоготуп алып

Ии баса, бул күнү кесиптешим экөөбүз анын операторун беш саатка чукул издедик окшойт. Аарыдай кыжылдаган элдин арасынан бири-бириңди жоготуп алсаң азап эле экен. Бизде же телефон иштебейт (кыргыз номурлар) же интернет жок. Кыргызстандан барган журналист кыз операторун "отуруп тур" деп бир павильонго кирип кетип кайра чыкса тиги бала жок. Саат төрттө баштала турган маалымат жыйынга да барбай калышты. Отурган жерин үч-төрт жолу айланып издеп келдик. Бир чети сарсанаа болуп, бир жагынан кесиптешим жинденип, жанын коерго жер таппай калды. Ошентип таппай кеч кирип баратканынан номерге кеткенбиз. Анан аны уюштуруучулар тааптыр. Көрсө тиги бала беш саат бою ошол жерде журналист кызды какыйып күтүп отуруптур. Же биз аны көрбөй калдыкбы, же ал калп айтып койдубу, билбейм, ал күнү жөн эле бутубуз түшүп калды.

ЭКСПОнун жабылышы

Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Адилет Европанын 4 мамлекетин 60 миң сомго кыдырып чыкты
Бул күнү шамал болуп, жамгыр жаады. Ачык асман алдындагы сахнаны пол жуугучтар улам-улам суусун тазалап убара болушту. Ырчылары калтырап куртка кийип ырдашты. Бирок жабылыш аземин көргөнү эл жык-жыйма чогулду. Укмуш болуп көрбөгөндөй шоу-концертти күтүп жаттым эле, бирок казак ырчылар эле чет элдик хиттерди аткарып коюшту. Өзүмдүн өлкөм болбогонгобу, же үшүдүмбү, айтор, мага жабылыш аземинин салюттан башкасы көңүлүмө толгон жок. Ага караганда биздин Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи кызыктуу болгондой сезилген. Номерге бардым да сыналгыны күйгүзүп концерттин калган бөлүгүн ошол жактан көрдүм. Бирок менин бир байкаганым, Астананын эли чындап тартиптүү экен. Бизде шаардын борборунда мындай чоң иш-чара болсо жол тыгын болуп, эки-экиден кырылып жатып калмакпыз. Жок, бул жакта кадимкидей унаасы жоктору жөө чоң жолго чейин басып келип автобуска түшүп, калганы такси тосуп тынч эле тарап жатышты. Таксисттер да баасын жогорулатып жибербей, күндөгүдөй баа менен баарын жеткиргенге жетишип жатты.

Баары бир өз жериңе жетпейт

Астана тез өнүктү деп суктанган менен мага бул шаар супсак сезилди. Бийик-бийик имараттар салынганы менен ал жакта адам жашабагандай жымжырт. Жолдору зымылдап чоң-чоң болгону менен унаа аз. Эли да калыпка салгандай. Жылуулук издедим, эки күндөн кийин эле бапылдаган элимди сагындым, абаны, сууну, анан да тоолорубузду сагындым. Элестетиңиз, эки күндүн ичинде эле. Эмнеге экенин билбейм…

Жаңылыктар түрмөгү
0