Төрөткө байланыштуу 7 аңыз. Кыргызстандык кыз-келиндердин жаңылыштыгы

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЦентр по ведению беременности и родов у женщин с сердечно-сосудистыми заболеваниями в ГКБ № 6 Челяюинска
Центр по ведению беременности и родов у женщин с сердечно-сосудистыми заболеваниями в ГКБ № 6 Челяюинска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин медициналык колумнист Улугбек Жоомартов "артык кылам деп тыртык кылган" жарандарды көп кезиктирет. Ал бүгүн кыргызстандык айымдар ишенген 7 мифти топтоду. Өз кесибинин чебери бул катачылыктарды кайталабоого үндөйт!

1-аңыз: Аял канчалык көп төрөсө, анын организми ошончолук чыңдалат

Таптакыр андай эмес! Кош бойлуулук организм үчүн эбегейсиз стресс, тогуз ай аялды алсыратып бүтөт. Төрөттөн кийин эгер эмчек эмизбесе, аялдын организми 1-1,5 жылда калыптанат. Эмизип чоңойтсо, бала эмчектен чыгарылгандан кийин жарым жылдан кийин барып аял өзүнө келет.

Бонда бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын жыныстык жашоосу жана болочок балдар. Кыргызстандыктар ишенген 5 имиш
Албетте, мындайда табият өзү эненин кайрадан боюна бүтүп калуусунан сактайт. Сүттүн чыгышын камсыздаган пролактин гормону кош бойлуулукка жол бербейт. Бирок аялдын гормондору төмөнкү деңгээлде болсо, анда анын тез боюна бүтөрү турган иш. Бул да эненин саламаттыгына жакшы таасир этпейт. Организминде көп заттардын таңсыктыгы жаралат. Сөөктөрү бошоңдоп, остеопороз келип чыгышы ыктымал, көрүүсү начарлайт. Денеси да бат картаят.

Натыйжада аял гана эмес, бала да жабыр тартат: түйүлдүктүн өрчүшүндө кемтик пайда болушу мүмкүн. Мындан башка дагы толгон кесепеттер бар: бала мөөнөтүнөн эрте жарыкка келет, бойдон козголушу ыктымал. Төрөттүн ымыркай жана эненин өлүмү менен коштолушу толук мүмкүн.

Буга көбүнесе биздин эркектер айыптуу: алар баарына тез эле ээлик кылгысы келет эмеспи! Анан да туугандар отко май чачат: бол, эрте төрө! Жок, кымбаттуу апалар, бала төрөөдө тыным алган оң. Сиз дени сак баланы жарыкка алып келгиңиз келет да, туурабы?

2-аңыз: Кытайдан жашыруун жол менен келген "керемет" дары-дармек алда канча натыйжалуу

Бишкектеги бир катар базарлар арзан жана эң кыска убакытта адамды ашыкча терчилдиктен жана салмактан арылтууга кудуреттүү кутуча, май, таблеткаларга жык. Алардын айрымдарын "жиликтеп" көрөлү.

Аялдарды ашыкча салмактан алеки заматта арылтууну убада кылган таблеткалардан баштайлы. Көптөгөн кыргызстандыктар чындап эле аларга ишенип, татып көрүшөт. Тамашасы жок, аял арыктайт.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жатында чирий баштаган түйүлдүк... Бишкектеги төрөтканадан репортаж
Абалдын эң кызыгы аталган таблеткаларда к-ы-ымындай бир сыр жатканында: ит жандуу гельминт жумурткалары. Маселен, алар бодо же чочко тасмакуртунан, ошол эле аскариддер да боло берет. Жумурткалар кошулган таблеткаларды ичкен адам мите куртка кабылат. Мындан улам ичкен тамагыңыздын басымдуу бөлүгүн паразиттер кубанып гана кабыл алат. Адам чындап арыктаары бышык, бирок абалы начарлай баштайт. Мисалы, жол жүргөндө башы айланып, көңүлү айныйт. Анткени, гельминт чайкалууну жактырбай тынчтыкты сүйгөндүктөн, андайда адам жай алышы үчүн уулуу заттарды бөлүп чыгарат.

Чындап арыктата турган болсо, адегенде салмак таштап алып, паразиттерден андан кийин арылууга эмнеге болбосун дейт чыгарсыз. Алар сиздин ички дүйнөңүздү жайына коюшу үчүн абдан күчтүү дармектерди ичүүгө аргасыз болосуз. Андан соң микрофлораны калыбына келтирүү менен алышасыз. Андайда жакындарыңызга да гельминттерди "тартуулап алуу" ыктымалдыгын да эстен чыгарбаңыз.

Кыргызстандык айымдар арасында дагы бир керемет-таякча бар – төрөттөн кийин жыныс органдарын өз калыбына салат. Кыздар, бир дагы дары төрөттөн кийин аяр жериңизди жыйрылта албайт!

Ооба, шамчалар былжырлуу челин дүүлүктүрүшү мүмкүн, бир аз таасир этип, булчуңдар бир аз жыйрылып, кан келет. Бирок ал каражаттын таасири кеткен соң алар кайра эле жайылып кетет. Таасири эң көп дегенде 2-3 саатка гана созулат.

Ал сыйкырдуу-таякчаны колдоноордон мурун ал кандай химиядан жасалганы боюнча өзүңүзгө суроо салыңыз. Былжыр челдин сиңирип алуу жөндөмүнөн улам бул таякча сиздин организмге бөлүкчө-бөлүкчө болуп кирет. Сизге бул зарылбы?

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Андан тышкары, аялдын жыныс органында анын иммунитетине кам көргөн флора байырлайт. Жанагы каражатты микроорганизмдер терс кабылдап, жалпы өлүп калышы ыктымал. Ошондо аял капысынан вагинит же андан да жаман дартка кабылганын аңдайт.

Бул булчуңдардын айырмасы – аларды машыктыруу абдан татаал. Ал жактагы булчуңдарды тарытуунун эң натыйжалуу ыкмасы — лазер. Ал эми керемет таблетка-таякчалар — тек гана баш айлантма. Өтүнүч, тастыкталган гана дары-дармекти сатып алыңыз!

3-аңыз: Чоңдорго ылайыкталган дарыны аз ченемде балага деле ичирүүгө болот

Айрым дары каражаттарын, маселен, суук тийгенде берилчү дармектерди балдарга да берсе болот. Бирок дүйнөдө өлчөмүн баланын салмагына ченеп берчү дармектер да жок эмес. 70 кило салмактагы кишиге ылайыкталган кымындай таблетканы араң 10 кило чыккан балага кантип ченеп бөлөсүз? Курагына жараша зарыл ченемде так бөлө аласызбы?

Мындай ыкмадан качып, балдарга өз курагына ылайыкталган гана дары ичириңиз! Эсиңизге түйүңүз: эгер аша чапсаңыз, ичирген дарыңыз балаңызга дарттын өзүнөн да жаман зыян алып келиши мүмкүн.

4-аңыз: Эгер дароо жана кескин түрдө тамактанууну токтотсоңуз, анда алда канча салмак таштайсыз

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Албетте, арыктайсыз! Освенцим (Германиялык лагерь) туткундарынын сүрөттөрүн баарыбыз көргөнбүз, ал жакта эч кимиси ашыкча салмактын азабын тарткан эмес. Бирок сиз жагымдуу жана даамдуу тамактан баш тартсаңыз, организм анын кесепетин тартпай койбойт. Эгер саламаттыгыңыз мүмкүндүк берсе, өзүңүзгө жеңилдөө күндөрүн уюштуруп турсаңыз болот, бирок бир жолкусунда 5-7 суткадан ашырбоого тийишсиз. Себеби, организмдин клеткалары өлүп, алардын ордуна жаңысы жаралып, өсүп турат. Мындай процесс тынымсыз жүрөт.

Ар бир клеткаңызга азыктандыруучу заттар жетип турушу үчүн таңкы жана түшкү тамакты ичүүңүз зарыл. Тамак жебей калсаңыз, клеткалар жабыркайт, анын артынан органдар… Мунун кесепети абдан оор болот.

Тамактан баш тартып арыктоо — эң начар ыкма. Биздин организм абдан акылдуу. Ал биздин каалоолорубузсуз эле сопсонун жашайт. Кайсы бир маалда тамак ичпей койсоңуз, денеңиз катаал мезгил келгенин баамдап, кийинки ачкачылыкка чейин май топтоп алуу керектигин түшүнөт. Май жана углеводдордун кору адатта санда жана курсакта топтолот. Ичиңиз чыгып, буура сан болуп калууну кааладыңыз беле?

5-аңыз: Ич кийимден үнөмдөп калуунун залалы жок

Кыргызстандык аялдар дегеле өздөрүнөн үнөмдөөнү жактырат. Баласына, күйөөсүнө, туугандарына бардык жакшы нерселерди, ал эми өзүнө артканын алат. Синтетикалык ич кийим арзан болсо да, жакшы көрүнөт, күйөөсүнүн да көзүн кубантат. Бирок сулуулукту тим коелу, арзан ич кийимдин сапатын карап чыгалычы.

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар көп ишенген медициналык 7 аңыз
Биздин өлкө өтө ысык келет, ал эми синтетикалык ич кийим организмдин аяр жерлерин тердетет. Мындай абал бактерияларга жага бербей калат да, алар көбөйгөндөн көбөйө берет. Сезгенүүнү көрүп алыңыз анан!

Алар гигиеналык жактан да такыр ылайыксыз, синтетика нымды сиңирбейт. Бул да белден ылдыйкы бөлүктүн саламаттыгын чыңдабайт.

6-аңыз: Сыркоолоп турган баланы азыктандырууга болот, бул ага оорууну жеңүүгө күч берет!

7-аңыз: Чыргоолоп турган ымыркайды тамактандырбаш керек, себеби, организмдин күчү дарт менен алышууга эмес, азыкты сиңирүүгө жумшалып кетет!

Эки пикир тең жаңылыш. Баланын организми канча тамак керек экенин өзү чечет. Эгер интоксикациядан улам бала таптакыр тамактан баш тарткан болсо, анда ага аз-аздан кыйнап жедирүү зарыл. Ошондо да кубаттуу тамактарды наристеге ичирүүгө таптакыр болбойт.

Эч талашсыз факт: ооруп турган балага суусундук көп ичирүүңүз абзел, себеби, айрыкча дене табы көтөрүлгөндө, кусуп же ичи өткөндө суюктук тез сарпталат. Андайда балага сөзсүз түрдө жеңил шорпо, суюк ботко бериңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0