Кимдин башы канчага бааланат? Кун тууралуу

Жазылуу
Эрдин башы элүү жылкы, бийдин башы жүз жылкы, кандын башы... Кун салымынын түрү, чени-өлчөмү тууралуу колумнист Шаакан Токтогул азыноолак кеп салды.

Кун деген эмне?

Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Мазар таюу деген эмне? Түрлөрү жана жол-жобосу
Кун түшүнүгү тээ байыртан кыргыз салтында жашаган. Мисалга алсак, Манас эпосунун Сагымбай вариантында "Өлгөнүнө кун бер – деп, кун алганы дагы бар" деп эскерилсе, "Эр Табылды" баянында "Былтыркы өткөн эрлердин, быйыл кунун куубасак" деп айтылат.

Демек, кун эр сайышта, жөө чабышта, уруулук кагылышта, майда талаш-тартыштарда курман болгон кишинин төлөмү, башынын баасы. Кунду ошол эрди өлтүргөн киши төлөп берүүгө милдеттүү болгон.

Кундун чени кантип бычылган?

Жогорудагыдай чабыштарда каза болгон эрдин кунун анын тууган-уругу бычкан. Баасы эрдин аткарган иштерине, кишилик сапатына каралып, ошону менен катар чабыштагы аракети да эске алынган. Эгер чатак ал тараптагылардан башталган болсо, кундун көлөмү азайган.

Кундун баасы кандай болгон?

Элдик оозеки чыгармачылыкта кун тууралуу абдан көп эскерилет. Орточо баасы эрдин куну элүү жылкыдан жогору болсо, бийдин куну жүз жылкыдан арылап, ал эми кандын башы кунсуз бааланып, канга кун жок делген. Кыз төрөлгөндө эле "кырк жылкылуу болдум дешкен", демек кыз кырк жылкыга бааланган.

Кандын башы кунсуз…

Кары апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улууга урмат! Жашы улууларга карата 8 "болбойт"
Бала Айылчынын санжырасы боюнча казак менен кыргызга кан болгон Эр Эшимден кийин бийлик Көкүм бийге өтүп, Ташкенттеги ордодо отуруп, кыргыз, кыпчак, казактарды бийлеп калат. Казактардын кара Байтиги да ордодо кызматта болуп, тымызын уу берип канды жок кылат. Көкүмдүн туугандары казактарга кун төлөтмөк болушат.

Кандын башы канчага бааланарын билбей, баарынын башы катат. Ошондо байыртан калган салтты айтып, кардын башын кар жутаарын, кандын башын кан жутаарын белгилеп, кандын башы кунсуз болорун далилдеп Чаа бий сүйлөгөндө ак сөзгө баары ийишет.

Чындыгында да кандын башы кунсуз болгон. Эгер ага кун бычылса кандыктын куну жеӊил болуп калбайбы, ошончо кун төлөп канды өлтүрүп койсо боло берет дегендикке жатып калбайбы…

Алдыӊа келсе атаӊдын кунун кеч

Элде ушундай макал айтылат. Бул кечиримдүүлүктүн эӊ жогорку үлгүсү. Баары теӊдеши жок теӊирдин көзөмөлүндө. "Кудайсыз куурай сынбайт" эмеспи. Дүнүйөгө түркүк болгон эч ким жок. Ар ким ар кандайча ажал табат. Кун талап кылып, кокустуктан болгон ишти ырбатып, элди түйшөлтпөй, алдына түшүп, курун мойнуна салынып келгендерден кунду кечип койгон жагдайлар да тарыхта өтө көп болгон.

Эр өлтүрүп кунга жыгылгандар

Жайлоодо тигилген боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара койдун сөөгүн кепинге ороп жерге беришкен... Түлөө берүү жөрөлгөсү
Азыркы Чүй аймагында баатырдын атынан аталган Асылбаш айылы бар. Асылбаш өзү адигиненин баргысынан болуп, Алай аймагында жашап, бир чабыштан көп кунга жыгылат. Кунду төлөөгө чамасы жетпей, качууга мажбур болот.

Чоӊ уруулар отурук алган аймакка башка аймактагы башка чоӊ уруулардын өкүлдөрү жашап калып, бугунун саруусу, же сарбагыштын баргысы деген сыяктуу көрүнүштөр азыр көп кездешет. Ошондой окуялардын түбүндө жогоркудай эр өлтүрүп качкан жагдай жатаары бышык.

Соңку сөз

Кун төлөмү көчмөн доордогу, жортуулчулук заманындагы эр канынын адил чечилген баасы. Жогоруда айткандай баарын Кудайга коюп, кун албай койгон жагдайлар да арбын. Калыстык менен калпыстыктын ортосундагы, ак менен каранын айкалышындагы салттуу көрүнүштүн азыр абалы башка. Заманга ылайык мыйзам, доорго жараша жашоо бар. Ар ким өз огунан чыгып кылмыш кылса, жазасын тартат. Антсе да талаш-тартышты, уруш-жаӊжалды болтурбай коюп, болуп кетсе калыс чечим кабыл алынышы башчылардан көз каранды эмеспи…

Жаңылыктар түрмөгү
0