03:42 22 Баш оона 2017
Түз эфир
1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон Апсамат Масалиевдин архивдик сүрөтү

Элбашылыкка аттангандардын арасынан Апсамат Масалиевдин караанын издеп...

© Sputnik / Владимир Вяткин
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
121240

1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

2004-жылдын 31-июлунда жай саратаны башкача бир ысык эле. Балким кылымдын эң эле аптаптуу күнү болчу…

Дал ошол күнү Апсамат Масалиевич жакшы туруп эле, бул дүйнөдө таза жашагандай эле тиги дүйнөгө да тазалануу үчүн мончого кирип, анан жүрөгү кармап, келбес сапарга кете берген. 3-августта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышуусундагы коштошуу зыйнатына катышканбыз. Ошондогу Элмирбек акындын:

Кымбаттуу сиздей инсандын,
Кыйлага эле жеткен ардагы, ой.
Кылымда келбес кайрылып,
Эми кызыктуу күндөр андагы, ой.
Кыйылып асыл өмүрүң,
Кыргыздын гана болдуң арманы, ой… — деген кошогу азырга чейин жүрөк-жүлүндү жарага туз сепкендей ачыштырып, кыйнап келет…

Күндөр күндөрдү, жылдар жылдарды жеп отуруп, андан бери да 13 жыл өтүптүр…

Он үч жылдан бери элине берилген, таза, ыймандуу, маданияттуу, жегич-ичкичтер менен келише албаган элбашыны издеп келебиз… Таппай келебиз… Апсамат Масалиев биздин бөлүнгөн күн улам алыстаган сайын ал кишинин караанына зар болуп келебиз…

Апсамат Масалиевди эстеген сайын каңырыгыбыз түтөп, ал кишинин элесинин алдында турар жер таппай калабыз. Жок эле дегенде 1995-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаевге добуштарды уурдатпаганда өзү да жебеген, элди да жедирбеген ал киши, көмүр кендерин, колхоз-совхоздорду, өнөр жай ишканаларын, эсепсиз көп техникаларды талоонго салып бербейт эле, жапайы менчиктештирүү болбойт эле, туш келген кадр туш келген кызматка коюла бербейт эле деп ойлоносуң. Андан кийинки Кыргызстанды башкарган биринчи, экинчи президенттердин кылгылыктарын эстеп, дагы Масалиевди жоктойсуң… 

30-й съезд СКП-КПСС (Союз коммунистических партий - Коммунистическая партия Советского Союза). Выступает член Президиума ЦИК Партии коммунистов Кыргызстана Абсамат Масалиев. Киноконцертный зал Измайлово.
© Sputnik / Александр Поляков
1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон Апсамат Масалиев

Бала бакчага кеткен кой

Эртеси ажал келе жаткан күнү "Азаттык" үналгысынын 29-июлдагы берүүсүндө кабарчы Бекташ Шамшиев менен маектешип Масалиев: "Көмүр өнөр жайын алсак, жылына 4 миллион тонна көмүр казып, биз Казакстан, Өзбекстан тарапка сатчубуз. Булардын баары токтоп турат, жылына 250-300 миң тонна көмүр гана казылып жатат" деп кейиген экен. Ошол экономикалык кыйроону, СССРдин мүлктөрүн талап жаткандарды көрүп туруп, жүрөгү көтөрө албай калган сыяктанат…

ЖК депутаты Исхак Масалиевдин архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1975-жылы партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи катчысы болуп барганда кимдир бирөө кой союп келсе, четинен ооз тийип, калганын балдар бакчасына жеткирип бергенин элдин баары айтып жүрчү. Обкомдун биринчи катчысынын жубайы Пржевальск шаарындагы кийим тигүүчү фабрикасында көпчүлүккө кошулуп катардагы тигүүчү болуп иштеп жүрүптүр. Туулган айылы Кадамжай районундагы Алыш кыштагына да, Бишкекке да заңгыратып там салбаптыр, балдарына байлык калтырбаптыр. Өкмөттүн үйүндө жашап, жупуну гана шахтёрдой күн кечириптир.

"Масалиев кетсин!"

Ал кишинин бийликтен кетишине жаңы бой сала баштаган Кыргызстан Демократиялык кыймылынын (КДК) мүчөлөрү чоң эмгек сиңирген, алар 1990-жылы Өкмөт үйүнүн алдында "Масалиев кетсин!" деп ачкачылык жарыялап турушкан, алардын бири Тынчтыкбек Чоротегин эле. Беш жылдан соң Чоротегин бийликтен кеткен Масалиев менен маектешкенде эски парт жетекчи мыйыгынан күлүп: "эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябрь күндөрү бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан барбас элем" деген экен. Бул кызматты сатпаган, элдин тагдырын тобокелге салбаган кишинин айтканы эмеспи.

Ал кездин кадр саясаты башкача болчу, баары өз-өз жолу менен акырындап даярдалчу. Масалиевдин дагы бир саясий келишпес кишиси Топчубек Тургуналиев ал киши каза болгондо "Апсамат аке жөнүндө эң оболу менин айтарым – бул киши эски заманда дагы, жаңы заманда дагы элдин кызыкчылыгы үчүн жан-дилин берип, күйүп-бышкан адам эле. Бул киши эл үчүн деп жанын сабап жүрүп өтүп кетти" деп айткан. Айтайын дегеним, Масалиевди бийликтен кетирген күчтөр да, анын чечкинсиздигин айыптап чыккандар да тазалыгына, эл үчүн иштегенине баа беришкен, балким аны кызматтан кетүүгө мажбурлап, туура эмес кылгандарына өкүнүшкөндүр… 

Член Политбюро Абсамат Масалиев
© Sputnik / РИА Новости
Апсамат Масалиев

Айтматов менен ынак эле…

Масалиевди Москванын айткан-дегенинен чыкпаган, "көрөбүз", "макулдашабыз" деген гана сөз айткан жетекчи кылып көрсөткөн ошол кездеги демократтар жана куудулдар болгон, ошол эле кезде Масалиев да Москванын айтканына моюн толгогон учурлар болуптур. Алсак, Алматыда казак жаштары Колбиндин биринчи катчы болуп келишине каршы чыгып, Желтоксон окуясынын изи сууй электе Кыргызстанга да Киселев, Рябоконь сыяктуу "десанттар" жиберилип, ошолор тыңчылык кылып жаткан кезде Фрунзе шаарында жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо тууралуу конференция чакырылат. Ага жогорудагы "десанттардан" башка КПСС БКнын жооптуу кызматкери Иваненко "тескөөчү" болуп келип катышып отурат.

Ошондо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов аябай толкундануу менен борбор шаарда жалгыз кыргыз мектеп бар экендигин, ушундай жыйынга КПСС БКнын катчылары катышпагандыгын айтып, Кыргызстанды башкарып жаткан жыйырмадай орус жетекчинин атын бирден атап, силер биздин республика үчүн эмне кылдыңар деп турганда, чогулушту башкарып жаткан Масалиев эмне үчүн жазуучуну тыйып койбоду, эмне үчүн регламентти бузуп, ага кырк беш мүнөт сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди. Чын эле ошондо жазуучу менен биринчи катчы сүйлөшүп, макулдашкан болуу керек, ал экөө абдан ынак эмес беле… Эгерде чын эле Москвадан чочуганда Масалиев жазуучуга сөз бермек эмес да…

Масалиевсиз он үч жыл ичинде Кыргыз Республикасы деп аталган чакан мамлекеттин журтбашыларын тандоо үчүн бир топ шайлоону өткөрдүк. Азыр дагы бир шайлоого кез келип турабыз. Мына ушул куттуу орунга талапкер болгондордун бир тобун карап туруп, ичинен Масалиевдин караанын издедим. Мамлекеттик кызматта бир күн иштебегендер, эчак эле активдүү кызмат кылуу жашынан ооп калган кары-картаңдар, эл мүлкүнө кол салгандар, чет жакта жүргөндөр, абакта жаткандар… кыскасы, зериккендин баары президенттикке талапкер болуп чыга келди. Арасында "киндер сюрприздери" да бар. Баары бар, бир гана масалиеви жок болууда…

Тема боюнча

Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм
Элчи менен ырчыга өлүм жок эле го?..
Белгилер:
талапкер, президент, Абсамат Масалиев, Апсамат Масалиев, Абдыкерим Муратов

ЭҢ МААНИЛҮҮ