Айтматовсуз 9 жыл. Үлкөндүн караанын издегенде

© Фото / Александр ФедоровПоследняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР
Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн улуу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салган күнү. Буга карата биздин колумнист Абдыкерим Муратов жазуучуну сагынган, табынган абалын кагазга түшүрдү.

Жакында Улуттук илимдер академиясында 3 томдук "Айтматов энциклопедиясынын" бет ачары болду. Отургандар, китепти колго алгандар, дагы бир жолу улуу жазуучунун улуулугуна таазим эттик…

Арадан 9 жыл өтүптүр… Айтматовсуз 9 жыл…

Айтматов Ала-Тоосунан өзү тууралуу документалдык киного тартылам деп тирүү кетип, тага журтунан ажал таап, Ала-Тоосуна табытка салынып келди. Он төртүндө Ала-Тоосунан кеткен экен, он төртүндө Ала-Тоосунун койнуна берилди…

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы сүрөттөрү. Жазуучусуз сегиз жыл
Жыгылып баратып уулу Элдарга "Кыргызстанга алып кеткиле" дептир. Жүрөк сезген бейм. Жанталашып элчилик кызматын өткөрүп берип, шашып аткан белем. Кийинки күндөрдө майдын башында эле шагдам жүргөндөй көрүнгөн. Не болду?.. Көз тийдиби?..

Ошол күн – 9 жыл мурдагы аптаптуу жай дале эсте. Сөөк салынган табыт филармониядан чыкты. Бул имараттын алдында өткөн кылымдан бери катып турган Тургунбай уста жасаган Аккуласын алкынткан ажыдаар алп Манас аты менен кошо Айтматовду ээрчип алгандай болду. Бакайдын эстелиги башын жерге салып, жүрөгүн мыкчып карап турду. Биз байкабаппыз. Бир убакта жаныбыздан көз жашы кылып Саякбай санаттап сайрап ийди:

Карагай ыйлап, тал ыйлап,
Канча жандын баары ыйлап,

Бешиктеги бала ыйлап,
Токсондогу кары ыйлап,

Кайберен дүргүп төр ыйлап,
Кара дайра сел ыйлап,

Асман ыйлап, Жер ыйлап,
Алгысы келбей көр ыйлап…

Кайран Саке! Чыңгыз балаңар экөөңөр ата-бала болуп жүрчү эмес белеңер! Ушул алмадай баштын ичине алп Манас кантип батат деп таң кала берчү эмес беле! Ошол "Манас" дастанында айтылгандай ушундай экен, дүйнө пок!

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сүрөттүн тарыхы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!
Саякбайга кошулуп биз да ыйладык: бала да ыйлады, чал да ыйлады, орусу да ыйлады, немиси да ыйлады… Жол да ыйлап жатты… Биз буулугуп ыйлап, ыйлаган жолду абайлап басып бараттык…

Чүй көчөсү менен "Ала-Тоо" аянтына бараттык. Ушинтип бул жолдон митингчилер, төңкөрүшчүлөр өтүп калчу. Эми биз баратабыз. Үнсүз-сөзсүз күйүп баратабыз. Айтматовсуз күндөрдүн алгачкыларын кемирип жеп баратабыз…

Кимди көмдүк?

Башкалар эмне ойлоп жатты, менде болсо туман башта, кайнаган казан сымал мээде сансыз көп санаалар биринин артынан бири келип жатат: ушул улуу Чыңгыз Айтматов менен биз башка элге тең эмес белек, казактардан, өзбектерден өйдө туруп сүйлөөчү эмес белек, эми кантебиз дейм… Ушул улуу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын эң акыркы алп адамы эмес беле, аны менен кошо бул Жер планетасында адабият деген, китеп окуу деген өнөр түбөлүк өлүп калабы дейм… Ушул улуу Чыңгыз Айтматов менен биз кимди көтөрүп баратып, кимди көөмп салганыбызды азыр аңдай албай жатабыз, оо кийин-кийин түшүнөбүз го дейм…Ушул улуу Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн ээрчип бараткандар оо кийин-кийин да башка муундагы кыргыздар тарабынан Айтматовдун замандаштары деп, башкача урматтала караларбыз ээ дейм…

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сагындык... Улут атасы Айтматовдун сүрөттө калган жылмаюулары
Душмандар маңкурт кылган уул өз энесин атып өлтүрүп, ошол эненин сөөгү эң алгач коюлган жер Эне-Бейит аталып, ошондон ушуга дейре наймандардын баарынын сөөгү жашырылып келет.

Биз болсо Ата-Бейитке баратабыз. Эң биринчи расмий түрдө Чыңгыз Айтматовдун сөөгү ушул жерге берилет. Найман-Эне жана Чыңгыз-Ата…

Кыргыздар жаңы кабырстан ачканда ырыстуу, нарктуу, бешенелүү адамдын сөөгүн коюп ачкан.

Айтматов согуш жөнүндө көп жазды. Немистердин элибизге салган азабы анан бүтүндөй чыгармачылыгын кыраркадай кармап турат. Тагдыр тамашасын караңыз, анын эң көп окурмандары да ошол биз менен согушкан немистредин кийинки мууну болуп чыкты. Жазуучунун акыркы күндөрү да, акыркы дем алган абасы да ошол немис жери болду…

Жазуучунун денеси жерге бериле электе телевизор, радио тынбай айтып жатты, негедир баары эле "эми Айтматов жүз жылда да, миң жылда да келбейт" деп жатышты. Айтматов кайдан келди? Татар менен кыргыз улутунун канынын кошундусунанбы, же шекерликтердин байыркынын жугу-журту калган элдик тарбиясынанбы?..

Ким билет да, ким аңдайт?!..

Кийинки Айтматов ким болуп келет?

Дагы айтматовдорду келтирүүнү ойлонуш керек, эки кыргыздын бири алкаш болуп кетсе, эки кыргыздын бири жети ата өтпөй үйлөнүп жатса, кайдагы айтматовдор…

Бирок баары бир айтматовдор келиш керек. Балким ал эми адабияттан келбестир…

Залкар акын Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кылым карытар бир күн" романы боюнча кызыктуу тогуз факты
Орустун классиги, дүйнөлүк адабияттын №1 кишиси Лев Толстой эң сонун романдарын жазып атып эле, туулган кыштагы Ясная Полянага мектеп ачып, бала окутуп, аларга арнап чыгармаларды жазып, ашкере динчил болуп кеткенде орус зыялылары шылдыңдап күлгөн эле. Көрсө, Толстой башка дүйнөгө барып калган экен – адамзаттын дилине адамгерчиликтин үрөнүн сээп, арам ой адамды бул дүйнөнүн азабынан куткарайын деп ойлоп калган экен. Мээсинен башканын баарын кууп чыккан экен. Айтматов да эми ушуга келди эле, Европадан бошонуп, саясаттан бошонуп, мындан кийин Ысык-Көлдө, Бишкекте, Алматыда отуруп алып, башка дүйнөнүн адамы болуп адамзаттын гуманизминин өзү айтып келген эрежелеринин жаңы доорун планетардык масштабда ачмак болгон… А бул нерсе бүткүл ааламдын адамын жаңы нукка бурмак беле… Айтматов мага ошол башка бир дүйнөнүн босогосуна келгендей сезилчү…

Аттиң бири кем дүйнө…

Өлүмдү көп жазыптыр…

Чыңгыз Айтматов негедир өлүмдү көп-көп жаза бериптир, жаза бериптир.

Өзүнүн өлүм күнү жакындап келатканда өз аты менен аталган лицейдеги окуучулар менен жолугушууда мындай деди эле: "Мага кайсыл чыгармаңыз өзгөчө жакын деп көп сурашат. Буга жооп бериш кыйын, ар бирин үмүт менен, мээнет менен жазасың. Мына эми эле чыккан "Тоолор кулаганда" деген китеп бир нече тилде чыкты, эми япончо, кытайча да басылып жатат. "Кассандра эн тамгасы" романым боюнча изилдөөчүлөр китеп жазыптыр, "Ч.Айтматов и космическое мышление" деп аталат, жакында мага тапшырды. "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" да романтикалык, сезимдин чыгармасы, аны да өзүнчө кабыл алышты. Немецтер "Бала жана деңиз" деп которушкан, Э.Хемингуэйдин айтылуу "Чал жана Деңизиндей". Якутиянын драма театры ушул чыгарманын негизинде "Эңсеткен менин көк жээгим" деген спектакль даярдашкан, жыйырма беш жылдан бери репертуранынан түшпөй коюлуп келе жатат, гастролдоп дүйнөнүн көп жерин кыдырды. Дагы ушул повестти негиздеп Германияда "Бала жана Деңиз" деген опера коюшту".

Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү
Азыр эми Айтматовсуз ааламда "… Ала-Дөбөттү" кайрадан ачып отурам. Бала Кирискти сактоо үчүн кайыктагы кишилер баары өлүмгө барат. Эң акыры баланын атасы Эмрайинге кезек келет. Мына анын өмүр-тагдырынын соңку мүнөттөрү: "Эмрайин жаны кейигенине чыдабай тиштенип, онтоп жиберди, уулуна эчтеке айта албады. Оюнда ал уулу менен коштошуп, коштошуусу улам созулган сайын сууга боюн таштоо кыйын боло берди. Өткөн өмүрүнүн баары ушу бүгүнкү түндүн башталышы гана болгонун Эмрайин ушул түнү түшүндү. Анын туулганы да, азыр өлүп баратканы да мынабу уулунда калыш үчүн, уулунда уланыш үчүн тура. Уулу менен унчукпай коштошуп жатып, ата ушуну ойлоду. Өзүн өлүмгө берер алдында Эмрайин керемет жаңылык ачты: жан берип, көз жумганга чейин уулунда уланыш үчүн ал өмүр бою ушул Эмрайин болуп жашап келген тура".

Ка-аап десеңиз, Чыңгыз өмүр бою ушул Чыңгыз болуп, бизде, балдарында уланыш үчүн жашап келиптир… Ошол күндөрү бизге өмүр бериш үчүн өзүн Эмрайинче "сууга боюн" таштоого кам уруп атыптыр…

Жазуучу бул дүйнөдөн кетишин да өз өлүмүнөн отуз сегиз жыл мурда эле айтып салыптыр, ошондогу жети-сегиз жашар Бала сексендеги Айтматов-Балага айланыптыр: "Бала жүрөгүң арамдык менен кыянатчылыкты кабыл кылбады, балык болом деп сүзүп кеткениңен мен ушуну билдим. Эми менин көңүл жубатарым да ушул. Бир жарк этип, жалп өчкөн чагылгандай жашап өттүң. Чагылганды Көк Теңир чагат. Көк түбөлүктүү. Менин көңүл жубатарым ушул.

Дагы бир көңүл жубатарым: адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт. Бу дүйнөдө кандай күндү баштан кечирбейли, бирок адам туулуп-өлүп турары чын болсо, акыйкаттык түбөлүк жашаары чын…

Эмесе сени менен коштошоюн, бала.

Коштошоюн да, сенин сөзүңдү айтайын: "Арыба, ак кеме, мен келдим!"

Жаңылыктар түрмөгү
0