Жолдогу аң-чуңкурга түшкөн автоунаа, кыжаалат болгон тургундар

Жазылуу
Төкөлдөштүн тургундары Кийизбаев көчөсү бир ай мурда оңдолуп башталганын айтып, бирок жумушчулар капысынан эле жоголуп кеткенин айтышууда.

Жамгыр жааган сайын Төкөлдөштүн тургундары үйүнө барчу жол көлчүккө айланып, көйгөй жаратарын белгилешүүдө. Себеби, жол казылган бойдон асфальт төшөлгөн эмес.

Жергиликтүү тургундардын бири Темирбек Шабданов учурдагы абал тууралуу пикирин мындайча билдирди.

"Оңдоо иштеринин башталганына бир ай болуп калды. Бирок башталган ремонт аяктабай койду. Үйдөн желим баштык кийип жумушка чыгабыз, кайта ошентип алып келебиз. Иштеген жумушчулар деле көрүнбөйт. Болгону 600-700 метр аралыкты бир айдан бери бүтө албай убара", — деп кейиди ал.

Жамгыр жааганда аталган аймактагы айрым үйлөргө суу кирип жатканын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Качан оңдойт?

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров июнь айынын ортосуна чейин аталган жол толугу менен оңдолуп, арыктар салынарын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0