Камчынын орду, касиети, мааниси, сыры...

Жазылуу
"Колуңда жүрүп билинбейт, камчыдан өткөн курал жок" деп байыркылар камчынын ар убакта керектигин, беттеште да чоң огожо болорун баса белгилешкен. Камчынын биз билген жана билбеген касиеттери тууралуу колумнист Шаакан Токтогул кеп салды.

Камчы деген эмне?

Байыркы доордо эң негизги унаа жылкы болгондуктан, машинанын ачкычындай эле ар бир үйдүн көздөй буюму катары саналган камчыны ат жабдыктардын бир бөлүгү деп карасак болот. Ал эшиктен киргенде боз үйдүн эр жагында капшуурундан төмөн, босогодон жогору керегенин башына илинген. Сабына карата табылгы сап камчы, элик сап камчы, теке мүйүз же ыргай сап камчы деген түрлөрү бар. Өрүмүнө карата жылан боор, төрт өрүм, сегиз өрүм, кырк өрүм деген аталыштар уланат. Камчынын дагы бир түрү — булдурсун. Мында өрүмүнө өзөк салынып өрүлөт же болбосо өрүмдүн учуна коргошун уютулуп жасалат.

Камчынын мааниси

Кырчын жайлоосундагы этно шаарча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аспиет, булгун, жерик… Көөнө сөздүн маанисин билесизби?
Камчы бийликтин символу катары каралып, башчыдан мурас катары мураскорго өткөн. Башкаруучунун камчысы өзүнөн-өзү журттун жүгүн моюнга арткан. Санжыралык маалыматтарда Алымбек датка Кокон ордосундагы кызматына киришкенде Курманжан энеге камчы тартуу кылган. Ушуну менен Алайдын элин Курманжанга табыштаганын билдирген. Байтиктин атасы Канай каза болгондо камчысын Жангарачка калтырып кеткен. Жангарач солто элине бий болуп, Байтик баралына келген, өз элиңе өзүң баш бол деп Канайдан калган камчыны карматкан дешет. Мына ушундан улам бийлик тегереткен камчынын мааниси чоң болгон.

Каймана мааниси

Кыргыз коомунда кишинин ар бир аракети сүйлөнүп-делбесе деле бир маанини туюнтары баарына маалым, аны ар бир кыргыз билет, түшүнөт. Босогону басып өтсө кеги барын аңдайт, ак сунса пейли таза экен дейт. Мына ошол сыңары келген кишинин колундагы камчысы эле андан кабар берип, үй ээси ошого жараша камылгасын көргөн. Коноктун камчыны ээрдин кашына илип киргени шашылыштыгынан, даам ооз тийип эле чыгарынан кабар берген. Ал эми бүктөй кармап кирсе чабармандык, кабарга келгени маалым болгон. Эгер камчыны сүйрөп кирсе өчөгүштүктү, камчылашып, жоолашарын туюнткан. Камчыны ала кирип, керегенин башына илип койсо шашпай жата конок болуп кетээри белгилүү.

Энергетикалык мааниси

Оймо фестивалынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чачучтук, сөйкө, бой тумар... Кыргыз аялзаты үчүн зер буюмдарынын мааниси
Кыргызда эркек "пир" делет. Андыктан ал колдонгон буюмдарда кара күчтөрдү өткөрбөгөн, коргоочу касиет күчтүү болот деген ишеним бар. Камчы колдонулбай эле илинип турса да кара күчтөрдү күүп тураары, аял кишинин бала-чаканы анда санда камчы менне чаап турганда суук көз, кирине дегендин баарын тазалап салары элдик ишенимдерде кеңири жайылган. Камчы сөзүнүн уңгусу "кам" бакшы дегенди түшүндүргөн. Байыркы доорлордо ооруп калган кишини бакшылар камчы менен чаап отуруп айыктырган. Элдик дарыгерликте камчы азыркы күндө деле кеңири пайдаланылат.

Камчынын тилеги

Эгер жаңы үйлөнгөн жигитке камчы белек кылынса, "тукум улансын, көп балалуу бол" деген изги тилек. Ал эми отузга таяган жигитке берилсе, "эл үчүн камчыланып, элге иште" деген каалоону туюнткан. Неси болсо да камчы — тилеги жакшы буюм, ар дайым эр кишиге белекке ылайыктуу.

Камчыга байланыштуу сыпаттамалар, макал-лакаптар

Кыргыздын ат жабдыктары. Ээр-токум - Sputnik Кыргызстан
Ат кантип токулат? Ээр-токум: ноктодон тарта камчыга чейин
Элге кызмат кылаар, мыкты болор уулду "камчыга сап жигит" дешкен. "Камчысы катуунун катыны уяттуу" дешкен. Анын мааниси үй-бүлө башчысы эркек болгондуктан, аялынын, балдарынын аракетинен анын күчү, деңгээли көрүнөт дегендикте жатат. Биринчиден, камчы — башчылыктын белгиси, ошондуктан эркекке таандык буюм. Экинчиден, ал алган аялына жоопкер. Аялдын андан аркы кадамы, жүрүш-турушу, кийген кийими эркектин талабына жараша болот. Ашкере ачык, ашкере обу жок аялдарды "күйөөсүнүн камчысы бош тура" деп коюшат.

Эркектин касиетин сактап турат

Камчынын мааниси — адилдиктин бийлиги, башчылык болсо, касиети — жоокердик коргоочулук сапат. Бул албетте, жигитке таандык сапаттар. Ушундан улам кыргыз коомундагы ар бир жигитте камчы болушун каалар элем. Баатыр атабыз, айкөл атабыз Манастан бери уланып келаткан асыл кыргыз жигитинин кымбат касиеттери, асыл сапаттары камчыда уютулгандыр балким…

Жаңылыктар түрмөгү
0