Бишкектин жолдоруна түткөн унаа менен айдоочуларга даңк! Күйгөндөн айтам бир сабак

Жазылуу
Бишкектеги мындай жолдорду сиз өмүрүңүздө көргөн эмессиз. Биздин колумнист жана кабарчы Максат Элебесов автоунаага GoPro чиркеп алып, борбор калаанын негизи жолдорун кыдырып чыкты.

Материалдын аягында окурмандар кайсы көчөнү биринчи иретте оңдоо керектигин аныктай алышат.

Автоунаага GoPro чиркеп алып, борбор калаанын жолдорунда жүрүү, албетте, кооптуу болду. Биздин жолдордун абалы бул кооптонууну ого бетер күчөттү. Камерам аң-чөнөктүү трассаларыбыздын чуңкурларына түшүп кетип, же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок болуп, техникамды талкалап, шефиме куру кол барамбы деген да ой кетти. Анткен менен көз коркок, кол баатыр эмеспи, иштин аягына чыктым. 

"Эмне үчүн бул көчөгө көзү түшкөн? Бишкекте мындай трассалар аз бекен?" деген окурмандар четтен чыгат. Аларга жообум даяр. Булар автоунаа көп жүргөн, андан сырткары, жол кыймылын азайтууга багытталган жолдор. Себеби рулда отургандар тарпы чыккан мындай жолдор менен жүргөнгө караганда, салыштырмалуу жакшыраак болгон борбордук көчөгө салышат.

Эркиндик проспектиси

Ишти ушул жерден баштадык. Айтмакчы, проспект эмес, бульвар деп эсептегендер үчүн айтып коё турган учур бар. Адегенде аны Бульвар көчөсү деп аташкан экен, бирок кийин 1979-жылы магистралга Дзержинскийдин ысымы коюлуп, андан соң Эркиндикке айланган.

Ход реконструкции автодороги Бишкек — международный аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манаска" кеткен жаңы жол беш айга жетпей "жыртылып", оңдолуп жатат
Биздин сапар Чүйдөн Түгөлбай ата, эски аталышы Линейная деген көчөгө чейин уланды. Бул аймакта асфальттын жарылган жана оюлуп, чуңкур болуп калган жерлерин кадам сайын санап отурсаңыз болот. Ал эми Москва көчөсүнөн тарта көзүң жамандыкты көрбөсүн! Жайында арыктын суулары түз эле ушул жакка агып түшөт. Бузулган ирригация жолдун жоголушуна көмөкчү болуп жатыптыр. Темир жолго жакындап калганда айдоочу бир топ эле чуңкурайып калган аң-чөнөктөр менен гана жүрүп калат. Башка арга жок.

Түгөлбай Ата көчөсү (мурдагы Линейная)

"Дзержинкадан" солго буруп, Линейная көчөсүнө түшөбүз. Бул көчө аркылуу Бишкектин борбор жагына Бөкөнбаев, Москва же Токтогул көчөлөрүндө пайда болгон жол тыгындарын буйтап өтүүгө болот. Түгөлбай Ата көчөсүндө унаалардын аздыгына аң-чөнөктөр себепкер.

Тыныстанов көчөсү

Бул көчөнүн эң начар бөлүгү Линейнаядан Москва көчөсүнө чейин уланат. Унаалар ошонун айынан акырын жүрүп, бат эле тыгын пайда болуп калат. Ал эми өз унаасын жанындай жакшы көргөн айдоочулар аңды буйтайм деп айрым учурда артка кетип, же карама-каршы келе жаткан унаа өтүп кетенге чейин күтүп турат. Эгер бул жолду оңдоп жана кеңейтип койсо, Совет көчөсүндөгү тыгын бир аз да болсо азая түшмөк.

Турусбеков көчөсү

Бул көчөдөн бир дагы спорт унаасы өтө албайт. Анткени аң-чөнөктөрдү гана оңдой берип, көчөнүн тарпы чыккан. Өзгөчө Рыскулов менен Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунун тамтыгы калган эмес. Ошондуктан эл жолдогу тыгынга карабай Турусбеков менен эмес, Манас проспектиси менен кетүүнү туура көрөт.

Үмөталиев көчөсү

Турусбеков менен парралель жайгашкан бул көчө "кошунасынан" кем калышпайт. Аны экиге бөлүп караса болот. Биринчиси — Киев көчөсүнөн өйдө, аң-чөнөктөр өтө көп. Ылдый жагындагы жол тегиз эмес, толкун сыяктуу болуп калган. Жолдун түндүк тарабын кайсы бир жеке ишкана оңдогон. Кызыгы алар жолдун өз имараты жагындагы тилкесин оңдоп, аркы өйүзүн талкаланган бойдон калтырган.

Калык Акиев көчөсү

Үмөталиев көчөсүнүн батыш жагы калаадагы талкаланган жолдордун бири. Жаш Гвардия проспектисиндеги жол тыгынга карабай бул трассада айдоочулар дээрлик жүрбөйт. Аталган көчөнүн Чүй проспектисинен ылдыйыраак жагындагы айрым жерлерде асфальт таптакыр жок. Ал эми Токтогул көчөсүнөн өйдө карай аң-чуңкурлар толтура.

Жукеев-Пудовкин көчөсү

Мурдагы жылы бул жолдун көпчүлүк бөлүгү оңдоп-түзөлгөн, бирок Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки башкы бөлүгү талкаланган боюнча калган.

Бул жерден дайыма түштүк кичи райондордон шаардын борборуна карай көп сандаган унаа өтөт. Бир тараптуу трассанын туурасы кенен болгондуктан, унаа айдоочулары үч катар менен жүрсө болот. Бирок терең чуңкурлар айдоочуларга тоскоолдук жаратып, айрым жерлерде бир сызыкка тизилип өтүүгө туура келет.

Акыйкаттык үчүн айта кетчү нерсе, албетте, шаардык кызматтар калаадагы көчөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүүнү эстен чыгарган жок. Бирок Бишкекте айрым учурда айдоочулар үчүн пайдалуу болгон көйгөйлүү көчөлөр көмүскөдө калып жатат. Балким, мэрия калаа тургундарынын кайсы көчөнү тезинен оңдоп–түзөө керек деген сурамжылоо жыйынтыгын эске алып калар.

Жаңылыктар түрмөгү
0