Көп аялдуулук: алы жеткени алсын, жетпегени калсын

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулукта кызыл-чеке талаш жараткан көп аял алуучулук темасы боюнча бүгүн Исмаил Мамытов колумнистика жазып, пикирин билдирди.

Үйлөнүп жаткан түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бойдокчулук менен качан коштошуу керек? Үйлөнүү көйгөйү
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда эки аял алуу темасы кайрадан козголуп, дээрлик көпчүлүк колдонуучулар бул боюнча өз пикирлерин калтырууда. Ооба, бул теманы айланып өтүү мүмкүн эмес. Анткени үй-бүлө маселеси ар убак актуалдуу. Мындан сырткары, эркек менен аялдын эки жээкке туруп алып акыйнек айтышы өзү эле кызыгууну жаратат. Ал эми саясатты "сапырган" социалдык тармактын илимпоздору бул теманы сүйлөшүп калышы токчулуктун белгиси. Анткени өзбек байыса там салып, ал эми кошунасынын карды тойсо эмне кылаарын жакшы билесиздер.

Кыргызстан учурда кагаз бетинде болсо да мыйзам менен жашайбыз. Дегеним, ээнбаштыкка барсак да, мыйзам, тартип жана эреже деген нерсе бар. Дал ушул мыйзамдын тарыхы адатка барып такалат. Тагыраагы, мыйзамдын бир булагы — адат. Ал эми адат дегенибиз, кагаз бетине түшүрүлбөгөн, жашоонун нугу менен, элдин суроо-талабынан улам жаралып, калыптанган түшүнүк. Мына ушул түшүнүктүн бири, көпчүлүк учурда акчалуулар адатка айланткан, анан барып маселе актуалдуу болгондуктан мыйзам менен чектемиш этилген көп аялдуулук.

Жогоруда токтолгондой эле, маселенин тамыры тереңге барып такалат. Кылымдарды карыткан кыргыздар, деги эле бүткүл адамзат менен кошо келе жаткан бул маселе бүгүн да, эртең да актуалдуу бойдон кала берет. Сизге кыйналып, түшүндүрөйүн дегеним, көп аялдуулукка суроо-талап ар убак болгон жана боло берет. Болбосо буга чейин эле унутулуп, азыркы муун "ой тобоо, илгеркилер эки аял алчу экен", — деп тарыхый китептерден окуп калмакпыз.

Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
Маселени Констуция менен чектегенден майнап чыккан жок. Чыкпайт дагы. Анткени таржымалы терең болгон сыяктуу эле, кулачы да кенен. Өз нугу менен агып келген дарыяны бууп салуу мүмкүн эмес. Бир жерин жапсаң, башка жагын жырып чыгат. Буга "сухой закон" анык мисал.

Конституциядан айырмаланып, Куранда көп аялдуулукка уруксат берилген. Көпчүлүк эркектер шариятка жамынып, Куранда уруксат берилген деген менен, укугун гана билип, милдеттерин унутушкан. Дин аалымдарынын айтымында, негизги талаптардын бири "эркек аялдарына адилеттүү боло алса гана үйлөнсүн" делген. Анан да, жесир калган, кичинекей балдары менен аялдарды багуу үчүн алышкан. Жалпак тил менен айтканда, жаш аял алып, мурункусун унутуп койгон жарабайт. Баса, шарият деген соң андагы милдеттерди да толук аткаруу керек.

Көпчүлүк учурда капчыгы калыңдап калган эркектер экинчи аял алаарын баары эле билет. Ал эми көңүлдөш күткөн аялдарда да бар экенин угуп эле жүрсөңүз керек. Андыктан бир тараптуу айыптоо орунсуз. Деги эле адам баласы жылкы мүнөз эмеспи…

Эркектер бир аялдын 4чү күйөөсү болууга эч качан макул болбойт

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статистика: түгөйүн таппай жалгыз калган КР жарандарынын саны аныкталды
Эркектер бир аялдын 4чү күйөөсү болууга эч качан макул болбойт. Өзүнүн карачечекей кызын да бирөөгө 4чү аял кылып берүүгө да ынабаса керек. Андыктан көп аял алууга каршы болгон кыз-келиндерди жаман көрүүдөн мурда алардын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Албетте, жарың менен тең арып, тең карып, өйдөдө өбөк, ылдайда жөлөк, тайгак жолдо таяк болуп, ырың-сырың бир кылым карытсаң, эң сонун. Тилекке каршы, турмуштан жолу болбой, баласы менен бараар жери жок калган аялдар да бар. Ал эле эмес, жашы өтүп, турмушка чыга албаган дар да жок эмес. Андыктан алар үчүн бир тараптуу пикир айтууга эч кимдин укугу жок.

Экинчи аял алган эркек ала жипти аттабай калат деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыз жандуу болсо, төрт аял деле аздык кылышы мүмкүн. Ал ортодо ар эненин балдары ынтымак тапса жакшы, болбой калса байкуш эркектин шору.

Жалпылап айтканда, агып жаткан дарыянын нугун бузуунун кажети жок. Кылымдап өз нугу менен аккан дарыя ага берсин. Аны ачып жибериштин да, бууп салыш да болбойт. Алы, эрки жеткени алат, жетпегени калат.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0