Сыр билги, жөн билги, иш билги, сөз билги. Билги деген ким?

Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул учурда унутулуп бара жаткан, тээ илгери айтса сөзү эм, аракети элине дем болгон билгилик сапаттар туурасында кеп көзгоду.

Байыркы кыргыз коомунда жүрөгүндө деми бар, оозунда сөзү, боюнда кубаты, дээринде табияттан буюрган билими бар, акылмандыгы менен көрөгөчтүгү айкалышып, башына кут конгон адам гана журт башкарган. Айтса сөзү эм, аракети элине дем болгон. Анын жанында, албетте, журт каруусун кармаган аскербашчысы, бар түйшүккө жол тапкан, айла-амал мол тапкан билгилери болгон. Билгилик – үйрөнүп ала турган өнөр эмес, же өркүндөтүп кете турган шык эмес, Теңирден буюрган касиет болгон.

Оймо фестивалынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чачучтук, сөйкө, бой тумар... Кыргыз аялзаты үчүн зер буюмдарынын мааниси
Билгинин дарамети менен түйүндүү маселе чечилип, өз нугуна түшкөн. Билги деген түшүнүктү статус катары эсептөөгө да болот. Болоор ишти билбей туруп, алдын ала туюнган, кайыптан кабар алып, аракетин ага карай жасаган ашкере билгилик дараметке ээ болгон Бакай менен Алмамбет Манас атанын эң негизги жөлөк күчүнө айланышкан.

Ал эми бүгүнкү күндө билгилик касиет акылман, көрөгөч, илимдүү, билимдүү деген бир тараптуу түшүнүктөр менен чектелип калды. Ар бирин өзүнчө чечмелей келсек, акылман бул – ишкердиги башында болуп, ар ишке акылы жетип турган адамдар. Көрөгөч — келечекке көзү жетип, туюп билген адам. Илимдүү деп азыркы коомдо бир илимдин адистигин алып, ошону терең изилдеген адамды айтабыз. Ал эми билги кишиде акылмандык, көрөгөчтүк, көсөмдүктүн баары болуп, андан сырткары, табияттан буюрган бардык илимдерге ээ адам. Демек, билги түшүнүгү өтө кеңири маанини камтыйт.

Сыр билги

Адамдын сырын айттырбай түшүнүп, ошого жараша камылгасын жасаган киши. Ачыктай келсе, кишинин шарты түрдүү болуп калышы мүмкүн, башына мүшкүл түшсө, бирөөдөн жардам сурап барсаң, сыр билги киши болсо, анын үстүнө колунан келип турса, жакшылыгын жасайт, жаныңа аралжы болот. Сыр билги киши жубайынын кайын журт, тууган-уруктун кабак-кашын байкап турат, кемчилик кетсе жайкап турат, өзүнө, бүлөсүнө кир жугузбай чайкап турат. Келген кишинин кабагынан, кадамынан ички оюн аңдап турат. Ага теңир ушундай касиет бериптир, ал ошон үчүн сыр билги жан деп айтылат.

Жөн билги

Плов бышырып жаткан эркен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туугандарды туура атай аласызбы? Алактап калбайм десеңиз, тесттен өтүңүз
Жөн билги киши ар иштин артын билет. Аракетин ага карай жасайт. Айрыкча, жалпынын иши, жалпынын намысы ортого коюлган учурда жан бактылар, кыйдылар, кол учунан иш жасап, четке чыга берет. Ал эми эч кимге айттырбай, бардык ишти өз сезими менен жасап, аягына чыгарып, түйшүктү жеңилдеткен кишилер — жөн билгилер. Ал бардык аракетти атайын тапшырма менен айттырып жасатпай, же бир көзгө көрүнүү же жеке кызыкчылык үчүн эмес, жөн гана ошол жумушту бүткөрүү үчүн жасайт. Айрыкча, көпчүлүк кымгуут түшкөн аш-той, чоң иштерде жөн билгилер гана жумуштун баарын бүткөрөт.

Сөз билги

Мындай адамдарга теңир сөз касиетин, сөз дараметин берген. Эч жерден окуп жаттап албаса да, атайы таптап бакпаса да, оозунда өзүнөн-өзү сөзү болот. Чечилбеген эмне маселе бобосун, эмне талаш болбосун, сөз билги киши болсо, анын айткан ар бир сөзү эм болуп, уккандын баары макул болот. Азыркы кезде мындай сөз билгилер аз болгондуктан сөздүн баркы кетип, сөз билбегендер бузуп сүйлөп жатышат. Сыпайы сызып айтат, чечен кызып айтат, чоркок үзүп айтат, чогоол бузуп айтат деген макал бар эмеспи. Ошонун сыңары сөз билги чечендикке ыктуу, сөзмөрлүккө шыктуу жан.

Иш билги

Бата берип жаткан аксакалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
Иш билги ар иштин көзүн билет. Булар иш башкаруучулар, уюштуруучулар. Азыркы тил менен айтканда, менеджерлер. Кандай гана ишкана, түзүм болбосун иш билгилер көзүн табат, жолуна коет. Башы бирикпегенди бириктирип, бирди эптеп, экини көрктөп, андан ары улантып кетет. Азыркы коомго мындай иш билги жандар абдан зарыл. Бактыга жараша, мындай кишилер мол дагы, ар кимиси өз тармагында иштеп жатышат.

Кол билги

Кол билги кишилердин касиети, дарамети колунда болот. Башкача айтканда, колу иш билет. Колунда уз же усталык шыгы бар, колу менен өндүрүш өндүргөн адамдар. Кыргыздын көбүндө мындай касиет болуп, уз-устачылык, анын ичинде жыгаччылык, кырмачылык, темирчилик, зергерлик, же болбосо саймачылык, бычмачылык, тикмечилик, оймочулук өндөнгөн өнөрлөрдүн же бир түрүнө, же эки-үч түрүнө ээ болгон кишилер.

Жаңылыктар түрмөгү
0