Эсил кайран бир боорум, ай…

© AP Photo / Vladimir VoroninСотрудники правоохранительных органов на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники правоохранительных органов на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январь күнү, Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куймак болгон Түркиянын Boeing-747 учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап, отуздан ашык кишинин өмүрүн алып кетти. Колумнист Абдыкерим Муратов элди эңшерип кеткен апааттын тийгизген таасири тууралуу ой жүгүрткөн.

Манас баатыр өлгөндө "карагай ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап", бүт кыргыз бетин көз жаш менен жууду эле. Кечээ да ошондой болду. Бүт кыргыз ыйлады. Ыйдан башка эч нерсе кыла албай турдук. Учак кырсыгынан адегенде жети, он алты, жыйырма, анан жыйырма сегиз, анын кыркка чукулдады деп улам өлгөндөрдүн саны көбөйгөн сайын жүрөгүбүз эңшерилип, боорубуз эзилип, үнсүз-сөзсүз ыйлай бердик…

Уктап жаткандары уктаган бойдон, туруп кийинип жатканы ошол бойдон, басып жүргөнү басып бараткан бойдон, чайга отургандар колундагы чынысы оозуна жетпеген бойдон… дагы башкасы башка бойдон асмандан ажал болуп түшкөн оор учактын алдында кала берди…

Ала-Тоо ыйлап жатат… Сулайман-Тоо ыйлап жатат… Манас-Атанын ак кар, көк музу ыйлап жатат… Ысык-Көл мелтиреп шырп алдырбай ыйлап жатат…

Ый… Ый…

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Учак кырсыгынан каза болгондордун тизмеси жарыяланды
Тээ илгерки Кет Бука ырчынын ый аралаш айтылган кошогу жаңырып угулат: "деңиз толкуп чайпалып, көл бөксөрдү", "терек түптөн жулунуп, жер бөксөрдү", "Ала-Тоо кулап, пас болуп, бел бөксөрдү", "берекелүү нур чачкан эл бөксөрдү", "агын дайра соолуп, көл бөксөрдү"…

Бөксөрдү. Жалпы кыргыз бөксөрдү. Күтпөгөн жерден кырсык келди…

Дачада жашагандар эптеп күн өткөрүп жаткандар эле. Айылдардан оокат издеп агылып келгендердин эң эле ирдене албай жаткандары эле. Азырынча ушул жерде жашап турсак, жазга…, жайга…, күзгө…, кийинки жылга жетсек, шаардан үй алабыз деп үмүт менен күн көрүп жаткандар эле… Россияга, Казакстанга барып иштеп келип, акча таап, үй алсак, ага чейин балдарыбыз ушул жерде туруп турса дегендер эле…

Ошол үмүттөр, ошол тилектер талкаланды…

Кет Бука ырчынын муңдуу сөздөрү кайрадан жүрөк-жүлүндү тепчип өтөт:

Алтын боолуу ак шумкар
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш боолуу ак шумкар
Күмүш боосун тытыптыр,
Күндү карап сызыптыр…

Дал ошол Күн жактан, Ай жактан азыркы замандын техникасы кырсык болуп кулап келип, алтын боолуу ак шумкарлардын алтын боосун, күмүш боолуу ак шумкарлардын күмүш боосун тытып, бир боорлорубузду жер жаздантты, көз ирмемдеги ажал менен бет келтирди…

Учак бир аз ары кулаганда да үйлөрдү басып калмак эмес эле дешет…

Учак бир-эки саат кеч ушундай болгондо да адамдар жумушка, мектепке кетип, өлүм мынчалык көп болмок эмес эле дешет…

Күйөсүң… Ичиң өрттөнөт… Самолёт жарылгандай жарылып кете тургандай болосуң…

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Ажатканага чыккан бала кайра кайткыча үй-бүлөсүнөн ажырап калды
Кырсык дагы бир нерсени эске салды – ушул бир кезде ташталган дачалардын үстүнөн бир күндө ондогон самолёттор ары-бери "теректердин учтарына чейин" учуп келип жатса да кайсыл бир күнү ушуга окшош окуя болуп кетет деп неге ойлободук экен? Же дүйнөдө андай окуялар болбой жатты беле?! Калкка ушуну түшүндүрүүгө кудурет-күчүбүз жетпедиби?!.

Эми кеч болуп калды деңизчи, бирок бул окуя дагы да болсо сабак болууга тийиш…

Ушундай адам жүрөгү көтөрө алгыс трагедияны көрүп туруп кайсы наамат ошол жерден бирөөлөрдүн буюмун көтөрүп чыгууга батынды экен?!

Элден айлансаң болот – социалдык түйүндөрдүн мүмкүнчүлүгү менен суук кабар дароо тарап, миңдеген адамдар жууркан-төшөгүн, тамак-ашын көтөрүп, акчаларын чогултушту, ата-энеси каза болгон балдарын багып алабыз деген ондогон үй-бүлөлөр камдуу турат. Мунун өзү да жүрөктөрдүн биримдигин, элибиздин кыйын күндө эч кимди ара жолго калтырып койбостугун далилдөөчү көрүнүштөрдөн…

Эми сабыр кылышыбыз керек… Жардам колубузду муктаждарга узатышыбыз зарыл жана коопсуздук тууралуу дагы да ойлонушубуз керек…

Жаңылыктар түрмөгү
0