Маршруткага 54 миң долларын унутуп кеткен жүргүнчү. Айдоочунун баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук таксини аялдамада күтүп турган шаардыктар. Архив
Маршруттук таксини аялдамада күтүп турган шаардыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин колумнист Чолпон Узакбаева маршруттук таксиге кандай адамдар 4 миң долларын, паспорту менен 50 миң доллар сакталган эсеп номеринин картасын унутуп каларына таңыркады.

Менин колонкам үчүн кызыктуу тема табыш үчүн Канттан Бишкекти көздөй келе жатканда кулактагы наушникти чечип коюу жетиштүү. Бир күнү маршруттук таксинин айдоочусу менен сүйлөшө кеттим эле, ал ооз ачырган окуяларды айтып берди. Анын кебин сиздер менен бөлүшүүнү чечтим. 

Мигранттын айкөлдүгү: кайтарылган капчык, балдарга которулган акча
…Жүргүнчүлөр ар дайым бир нерсесин жоготуп эле басып жүрүшөт. Албетте, бул кокустук дечи, бирок дооматтардын баарын мен угуп атпаймбы. Жакынкы жарым жылдын ичинде эле жүздөгөн уюлдук аппараттарды ээлерине кайтарып бердим. Сүйүнчү сунушташат, бирок албайм деле. Кол чатыр, баш кийим, кол каптарды айтпай эле коюңуз, аларды эч ким деле издеп келбейт. 

Бир күнү жүргүнчү жигит капчыгын жоготуп алыптыр. Аны таап алган башка жүргүнчү мага берип кеткен. 15 мүнөттөн кийин маршруттук каттамдын акыркы аялдамасына капчыктын ээси жетип келди. Купкуу болуп ыйлайын деп калыптыр. Көрсө, ал 40 миң сом карызын төлөгөнү кетип бараткан жеринен жоготкон экен. Капчыгын кайтарып бергенимде кубанганынан эмне кыларын билбей калды. Акча сунат… араң кетиргем. 

Жакында эле дагы бир окуяга туш болдум. Акыркы аялдамада тургам. Унаага эл толгондон кийин ордумдан жылайын деп жатсам, бир кыз чуркап келди. Ал кайсы бир маршруттук таксиге сумкасын унутуп кетиптир. 

Ал кыз менен кошо бардык унааларды карап, сумканы издеп таппай койдук. Менин унаамда отурган жүргүнчүлөргө келип "сумка көргөн жоксуңарбы" десем бардыгы баштарын чайкап коюшту. Бир маалда кичинекей кыз апасы экөө сумка таап алышканын айтып бирок апасы "эч кимге айтпа" деп буйрук бергенин айтып салды. Келинди калтырак басып кызын чымчый баштады. Мен анын жанына барып сумканы көрөр замат колунан жулуп алдым дагы, тиги кетип калган кыздын артынан чуркап жөнөдүм.

Борбордук көчөлөрдүн биринде бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы чет өлкөлүктөрдүн кыжырын кайнаткан 7 адат
Ал сумкасын көрүп эле эс-учун жоготуп кулап калды. Өзүнө келгенден кийин бакырып ыйлап жиберди. Көрсө сумкасында 4 миң доллар, паспорт, Дубайга визасы менен билет жана 50 миң доллар сакталган эсеп номеринин картасы бар экен. Ушунча нерсени кантип жоготуп алганына таңыркап жатам. 

Ал кыз дагы мага сүйүнчү сунуштады. Бирок мага башка бирөөнүн акчасы керек эмес. Жүргүнчүлөрдөн өздөрүнө сак болушун суранат элем. 

Материал орус тилинен которулду>>

Жаңылыктар түрмөгү
0