10:02 20 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Курман болгон Андрей Карловдун портрети менен гүлдөр

Элчи менен ырчыга өлүм жок эле го?..

© Sputnik / Илья Питалев
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (15)
176441

Элчилер байыртадан бери ардакталып келет, тарыхта согушуп, кырды-бычак болуп келе жаткан уруулар, тайпалар, элдер да бири-бирине элчи жиберет, бири менен бири сүйлөшүп турат.

19-декабрда Анкарада Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду көргөзмөнүн ачылыш аземинде атып кетти. Ал 1954-жылы Москвада төрөлгөн, 63 жашта эле, эне тилинен тышкары корей, англис тилдерин жакшы билген. Кырк жылдан бери Россиянын Тышкы иштер министрлигинде жана ага караган ведомостволордо иштеп келген. Демек, бүтүндөй өмүрүн тышкы дипломаттык кызматты аркалоого багыттаган профессионал болчу. 2013-жылдын июль айынан берүү Россиянын Түркиядагы элчиси эле…

Россия, Түркия, Иран – үч мамлекеттин коргоо жана тышкы иштер министрлери Москвада Сириядагы кризисти талкуулап, андан чыгуунун жолдорун чогуу-чаран чечүү жагын бир күндөн кийин карашмак. 

Дипломат Анкарада "Россия саякатчынын көзү менен: Калининграддан Камчаткага чейин" деген көргөзмөнүн ачылышында, Түркия менен Россиянын сууп калган мамилелерин бир аз болсо да жылытайын деген максатта ушул иш-чараны уюштуруп, эки өлкө мамилесин чыңдоого салым кошоюн деп эми эле сөзгө чыкканда атылды. Андрей Карловду жүз-жүз элүүдөй кишинин көзүнчө, анын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын Анкарадагы толук жана ыйгарым укуктуу элчилеринин алдында атып салды. Болгондо да эркек кылбаган ишти кылып, бет маңдайдан турбай артынан келип, арттан атты.

Ал "Алеппону эстегиле, Сирияны эстегиле! Биз силерге тынчтык бербейбиз! Бизди өлүм гана токтотот! Биз Алеппонун үстүндө өлөбүз, а сен бул жерде өлөсүң!" деген сөздөрүн арабча, түркчө айтып айкырган. "Аллах акбар!" деп кайра-кайра кайталаган. 

Элчини ай далыдан келип аткан Мевлют Мерт Алтынташ Измирдеги полициячылардын окуу жайында билим алган, 22 жаштагы профессионал полицей экен.

Мына ушул окуя дүйшөмбүдөн бери дүйнөнү дүрбөлөң салууда. Чаламандын чак түшүндө, көпчүлүктүн алдында, бир ири мамлекеттин ордо калаасында элчини атып салат деген эмне? Кыргыздар байыркы убактан бери эле "элчи менен ырчыга өлүм жок" деп келет. 

Мен бул окуядан кийин Кетбука (Бука ырчы) тууралуу эстедим. Тарыхтын узак жолунда ошол жолдун орчундуу ордун ээлеп, тарых кыймылын түп тамырынан бери башка нукка бурган инсандардын бири бул, албетте, Чыңгыз (Жеңгиз) хан. Анын өмүрү, жеңиштери жана жеңилиштери ушул күнгө чейин ар түрдүү көз караштар менен айтылып келет. Кетбука ырчынын жашаган доору, чыгармачылыгы түздөн-түз ошол каардуу Чыңгыз хан менен байланыштырылат, б.а., ал XIII кылымда жашаган деп айтууга болот. Бука ырчы тууралуу санжыраларда, уламыштарда айтылат, атайын анын күүсү чертилип, күү баяны берилет. Анын чыгармасы кыргыздарга гана эмес, казактарга да, ногойлорго да тараган, а түгүл ырлары ошол XIII кылымда эле Дашти-Кыпчак талааларын кыдырган фарсий тилинде жазган бирөө тарабынан катка түшүрүлүп, "Түрктөрдүн ата-теги" аттуу жыйнакка кирген, бул тууралуу араб тарыхчысы Ибн-Аль-Асир (1323-жылы каза болгон) да жылнаамасына киргизген. Ошол Кетбука кыпчак талааларында жашаган жана найман уруусунан чыккан чоң акын болгон, тилекке каршы, анын чыгармалары бизге толук жетпей калды. Аны тарыхый инсан деп айтууга негиз бар. Бизге жеткен ыры – Айхандын баласы өлгөндө аны атасына угузганы. Бул ыр да тарыхый окуяга байланышат. 1227-жылы Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучу белгисиз жагдайда каза болот. Чыңгыз ханды түрк тайпалары Айхан деп аташкан. Өлүмдүн себеби ар кыл айтылат: бир вариантта кулан тээп, ошондон өлгөн делсе, экинчисинде, жолборс чайнап салган, үчүнчүсүндө, каракурт чагып, ууланып каза болгон делет. Дагы башка ар кандай күдүктөнүүлөр ошол күндөн ушул күн аңыз катары айтылып келет. Ошол трагедияны каардуу ханга ким угузушу керек деген маселеде көпчүлүк Бука ырчыны тандап алат. Бука ырчы болсо өлүм кабарын кайманалап, табышмактантып отуруп баланын атасына – айтылуу ханга жеткирет. Эч убакта кыргыздар өлүм кабарын жакын кишисине түздөн-түз, бетме-бет, нак айткан эмес, аны угузуунун толгон-токой усулдары колдонулган: маркум болгон кишинин атынын ээрин алып жайдактап коё берген; жоодон келе жатканда өлгөн жолдошунун атын жетелеп келишкен; боз үйдүн түндүгүн түшүрүп койгон ж.б. 

Бука ырчынын угузуусу мындайча:

Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айханым.

Туурунан бошонуп,
Шумкар качты, Айханым.

Алтын така, күмүш мык
Дулдул качты, Айханым

Алтын туур ордунан
Туйгун качты, Айханым.

Алтын ордо багынан
Булбул качты, Айханым.

Деңиз толкуп чайпалып,
Көл бөксөрдү, Айханым.

Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү, Айханым…

Бука ырчы "тулпар качты", "шумкар качты", "дулдул качты", "туйгун качты", "булбул качты" дегендей түрк-монгол элдеринде символдук мааниге ээ, жигиттин жаны менен бирге туюндурулуучу жаныбарлар менен ассоциациялап жатат. Ал трагедиянын өлчөөсүз чоңдугу "деңиз толкуп чайпалып, көлдүн бөксөрүшү" "терек түптөн жулунуп, жердин бөксөрүшү", "Ала-Тоо кулап, пас болуп, белдин бөксөрүшү", "берекелүү нур чачкан элдин бөксөрүшү", "төрөлөрдүн уругунан төлдүн бөксөрүшү", "агын дайра соолуп, көлдүн бөксөрүшү" ж.б. белгилер менен туюнтулат.

Мына ошондо каардуулугу, залимдиги менен даңкы чыккан Айхан баарын түшүнүп Бука ырчыны "элчи менен ырчыга өлүм жок", "кет-кет" деп узаткан экен. 

Эми тарыхта калган кыргыз элчилерине келсек: Элтебер Ишбара ажо 643-жылдан 37 жыл бийлик жүргүзгөн, 648-жылы Таң империясынын борбору Чаң-Ан (Чанъань, азыркы Сиан) деген жерге иш сапары менен барып, император атайын кабыл алуу уюштурган, Ишбара Шайжо Баш эркин 722-жылдан бир гана жыл эл башы болот, ал башка түрк кагандары менен кошо Таң падышачылыгынан ордосуна барат, падыша аны өзгөчө сыйлап, "ноён сангун" наамын берет. Бойла Кутлук жаркан 822-жылдан 863-жылга чейин такта отурган каган, анын ээлигине Эне-Сайдан баштап, Тянь-Шань, Памирге чейинки кеңири аймак кирген. Айрымдар Яглакар каган ушул киши болушу керек дейт. 840-жылдан тартып жети жылда Таң императору менен 15 жолудан көп мертебе кат жазышкан, ал каттары азыр да сакталуу. Ошол жети жылда Кытай падышасына үч жолу элчи жиберет. Анын бири 843-жылга таандык. Анда Жоокусол баш болгон 300 элчи Таң дөөлөтүнүн борбору Чаң-Анга куш, тайган сыяктуу тартуулары менен барат. Ошол элчилерди падыша сүрөткө чийдирет, ордо бүтүкчүсү Лү Шу "Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары" деген китеп жазат. Китепке аалым-вазир Ли Дийү баш сөз да жазган экен. Таң императору Бойла Кутлук жаркан, же Яглакар каганга 847-жылы элчи жиберип, "Бабасынан бери акылман, баатыр каган" деген наам тапшырган. 

Элчилер байыртадан бери ушундай ардакталып келет, тарыхта согушуп, кырды-бычак болуп келе жаткан уруулар, тайпалар, элдер да бири-бирине элчи жиберет, бири менен бири сүйлөшүп турат. Элчини өлтүрүү эң эле пастык. Орусиянын бир элчисин атактуу драмачы Александр Сергеевич Грибоедовду 34 жашында Тавризде хандада Аббас Мырзанын сарайынан чыгып, Фетх Али шах менен учурашуу үчүн Тегеранга барганда 1829-жылы 30-январда диний фанаттар топтолуп келип өлтүрүп салганы азырга чейин персиялыктардын бетине көө жаап келет. Эми муну азыркы түрк бийлиги да ойлонушу керек. Түркия ар күн сайын теракт капсалыңына кабылган дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкө болуп калды. Эми ага элчинин атылышы кошулду. Эң өкүнүчтүүсү – айрым адамдардын эч кандай айыбы жок элчини аткан кылмышкерди "жихадчы", "баатыр" деп атап жатышкандыгында…

Тема:
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (15)

Тема боюнча

Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы орус элчисинин өлтүрүлүшүн кескин сынга алды
Ибрагим Жунусов: элчини аткан киши менен тиктешип калганда полиция деп ойлогом
Анкарадагы РФ элчилиги жайгашкан көчөгө өлтүрүлгөн элчи Карловдун аты коюлат
Белгилер:
кол салуу, өлүм, элчи, Россия, Түркия