Сасык тумоодон оолак болуунун кыргызча жолдору. Апамдан үй шартындагы беш лайфхак

© flickr.com / Horia VarlanСарымсак, пияз жана перец. Архив
Сарымсак, пияз жана перец. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда сасык тумоо күч алып, балдардан баштап чоңдорго чейин ооруган адамдардын саны өстү. Ал эми ооруй элек адамдар кооптонуп оорудан сактануу аракеттерин көрүп жаткан учуру. Сасык тумоонун алдын алуу жолдору тууралуу колумнист Таалайгүл Усенбаева кыскача материал даярдаган.

Кыш башталганда эле адамдардын көпчүлүгү сасык тумоо оорусу менен ооруй баштайт. Ата-энелер бул учурда балдарын оорутуп албаш үчүн ар түрдүү ырым-жырымдарды, ыкмаларды колдонууга өтөт эмеспи. Элдин баары ооруй баштады дегенди уккан биздин апабыз да түрдүү ыкмалар менен оорунун алдын алууга өттү. Үй шартында сасык тумоону кантип алдын алса болот же апаларыбыздын сасык тумоодон сактанган 5 жолун заманбап "лайфхак" деп аталган термин менен тизмектеп көрөлү.

Лайфхак №1

Арча менен аластоо. Үйдө бирөө чүчкүрүп-бышкырып калды дегиче, апалар биринчи кезекте арчаны күйгүзүп бөлмөлөрдү түтөтүп чыгат. Мындан сырткары, үйдөгү ар бир кишиге анын түтүнүн жыттатат. Бул бөлмөдөгү бактерияларды өлтүрүүгө жардам берет дешет.

Лайфхак №2

Начало учебного года в Самаре - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: карантин жазгы каникулдун эсебинен толтурулушу мүмкүн
Сарымсак. Сарымсак сасык тумоону алдын алууда пайдалуу азыктардын бири деген энелер аны тамакка туурап кошуп, чийкилей да нан менен кошуп беришет. Мындан сырткары, балдарын оорутуп албоо максатында күн сууктап баштаганда эле аны аарчып шуру сымал жипке тизип балдардын мойнуна илип коет. Болбосо жаткан жаздыгынын алдына коюп койсо да оорунун алды алынат деп айтышат.

Лайфхак №3

"Үйлөрдү бир сыйра шамалдаталы, эшикке чыгып ойноп таза абадан дем алгыла" деп балдарын эшикке чыгарып коёт. "Илгери биз суукта жылаңайлак, жылаңбаш ойноп эле, ооручу эмеспиз" деген чоң энелер "суукка чыдамдуу балдар көп оорубайт" деп коюшат.

Лайфхак №4

Үй шартында сасык тумоону алдын алууда пияз да жакшы жардам берет деп айтат менин апам. Пиязды аарчып, туурап бөлмөлөргө коюп коюу же болбосо аны тез-тезден жеп туруу оорудан оолак болуунун бир жолу.

Лайфхак №5

Малина кыямы, бал кошулган чайды тез-тезден ичип туруу үй шартында гана эмес, дарыгерлер тарабынан да сунушталып жүрөт. Мындан сырткары, мандарин, апельсин өңдүү цитрус жемиштерин жеп туруу да сасык тумоону алдын алат деп кеңеш беришет.

Сасык тумоону дарылоодогу 5 катачылык тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0