Инстаграмда баары сулуу, куник кыздар кайдан чыгат?

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUСелфи кылуу. Архивдик сүрөт
Селфи кылуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар убак актуалдуу темаларды жазууну адатка айланткан колумнистибиз Исмаил Мамытов бул ирет Instagram социалдык тармагындагы сулуу бийкечтер тууралуу кеп козгоду.

Салам, инста достор! Бүгүнкү күндө Instagram күн санап кулачын жайып, жөргөмүштүн желесиндей болуп каптап баратат. Албетте, заманбап технологиянын өнүгүүсү эң сонун көрүнүш. Тилекке каршы, тыйындын экинчи жагы да болот эмеспи. Мына ушул туурасында жигиттерде топтолуп жүргөн "бук" жөнүндө бөлүшөйүн. 

Кыргызстандагы сулуулар сынагынын катышуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бириң — кайың, бириң — тал… Кайсынысын "сулуусу" деп атайын?
Өткөн доордун заманы болчу. Оо, анда көктөм эле, көктөм эле, жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле. Мейл агент чыгып, элдин көпчүлүгү ушул оору менен ооруду. Арасында мен да бармын, досум Мамбет да бар.

Мейл агентке почта ачуу 15 сом, сүрөт киргизүү 10 сом. Ал эми пароль алмаштырам десеңиз 20 сом болчу. Эң кызыгы — жаштар буга деле кайыл эле. Улуулар буга чейин инилерин почточу кылса, ал милдетти толук кандуу агент ээлеп калды. 

Бир күнү байкасам Мамбет досум өзүнчө эле бактылуу жүрөт. Маселенин чоо-жайын сурасам, жигиттин гүлү махабатка кезиккен экен. Эми укмуш дейт, мойну ак куудай, үнү булбулдай. Жүзү нурлуу айдай, көздөрү жанат жылдыздай. Кыскасы агенттеги сүрөтүн көрүп эле ашык болду да, калды! Байкуш досум махабат илдетине чалдыккандан бери таң атканча жазышып, бирок көпкө жолуга албай жүрдү. Сүрдөнөт. Уялчаак жигит да. Акыры батынып, алты ай дегенде араң 8-мартта жолугушууга чакырды. Мамбет ал түнү кирпик какпай таң атырат, чачты суулап тарап, жолугушууга барат…

Сага калп, мага чын дейт, баягы сүрөттөгү созулган маралдын ордуна бою жарымынан келген, толмоч кыз кучак жая тосуп алыптыр. Ошондон бери досум интернетке ишенбей, бүгүнкү күнгө чейин душманындай көрүп жүрөт. 

Facebook социалдык тармагынан башкы бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook, Instagram үчүн орозо кармагандар
Андан бери доор алмашты. Азыр агентке дээрлик эч ким кирбей, элдин баары Instagram, Facebook, Одноклассникиде отурушат. Бирок адамдар алмашкан жок. Алдамчылыктын айласы алмашты. Ишенбесеңиз Instagram баракчасына кирсеңиз, кыздардын көпчүлүгү периште (баары эмес). Тимеле куюлган сулууларды кезиктирүүгө болот. Өтө маңыздуу статустарын окуп, тоо койнунда түшкөн сүрөтүн көрсөң акылдан адашасың. Кирпиктери чийилип, бойтойгон эриндери эстен тандырат. Байкуш жигиттер жүрөк оорулуу болуп, жолугушууга келгенде эле оозубуз Ошту карап калып жатат. Анткени баягы Instagram баракчасындагы сулуулук сууга сиңип кеткендей жок. Ит менен издесең таппайсың. Мамбет досумдун окуясын эстеп алып күлгөндөн башка арга жок…

Албетте, бул макаланы окуган кыздар менин кулагымды кызартары бышык. Ага деле кайылмын. Дегеним, жасалма кирпик жараткан берген чыныгы кирпикке эч качан жетпейт. Фильтрден өткөн сүрөт, эч убакта түп нускага окшошпойт. Жасалма сулуулук түбөлүктүү эмес. Андыктан айда-жылда бир бетти жуубай түшкөн сүрөттөрдү да киргизип, чыныгы сулуулукту даңктап жүрсөңүздөр! Кыргыз жигиттери ар убак сиздерди алаканга салып, чаң жугузбай сүйүп алууга даяр! 

Жаңылыктар түрмөгү
0