06:49 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кайырчы жолдун ортосунда. Архив

Кайыр сурообу же бизнеспи? Уурдалган балалык, кыйылган ден соолук…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Аман Алымбеков
59460

Колумнист Аман Алымбеков көбүбүзгө белгисиз болгон кайырчылыктын "көшөгө артындагы жашоосун" өкчөп, азыркы турмуштагы орду боюнча ой толгоптур.

Ордо калаабызда кайырчылардын саны илгертен эле арбын. Бирок жылдар өткөн сайын кайыр сурагандар көбөйүп, өң-келбети да өзгөрүп, арасында жаштардын саны өсүп жатканын байкоого болот. Негизинен буту-колунан майып, же сокур бечаралар чындап башка айла таба албай кайыр сураса, азыркылардын ден соолугу, акыл-эси кем экенине күмөн бар. 

Бир нече жыл мурун Жаштар жана эмгек миграция министрлигинин калкты жумуш менен камсыздоо бөлүмүндө иштеп калдым. Жанагы Лев Толстой көчөсүндөгү шаардын эмгек биржасы да ушул министрликке караштуу. Милдетибизге биржага келип жумуш издегендерди каттоо жана колдон келсе билимине жана адистигине жараша ылайыктап жумушка орноштуруу дагы кирчү. 

Бирок ал жактагылардын баары стабилдүү жумуштан качып, эмнегедир күнүмдүккө жетчү, бир төлөмдүү кара жумуштарды ынгайлуу көрүшөт. Арасында ичкиликке берилгендер да көп, кумар оюндарына берилгендери да бар. Көбү жаш, күч-кубаты табындагылар. Биз аларга жумасына бир жолу барып, жаңы келген вакансияларды сунуштачубуз. Ошондой күндөрдүн биринде бир жаш баланы байкап калдым. Колу-буту ордунда, башы-көзү соо. Кызуу болуп келип улам эле "эй, эмне жумушуңар бар?" — деп кетет. Түшүндүрүп, ага ылайыктуу жумуштарды сунуштап, "иштеп алсаңчы" десек, ар кайсы шылтоону айтып кетип калат. Мастыгына карап, убактылуу жумуш менен камсыз кылчу кардарлар да аны ишке алчу эмес. Ошентип көз салып байкап турсам, баягы оозу-мурдун кыйшыйтып, эки колун эки жакка бүгүп, муундарын калчылдатып, аксап, ошол эле Лев Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине келип, автоунаалардан кекечтенип кайыр сурай баштады. Сырттан карасаң чындап аябай бир катуу ооруга чалдыккан бечарага окшошот. Чогуу иштеген балдарынан сураштырсам, ал жигит кезинде ичкиликке баш-оту менен берилип, акыры өзүнө өзү ээ боло албай, анча-мынча тамак жана кайра эле жүз грамм табуу үчүн соо турган ден соолугун тобокелге салып, оорукчандын кейпин кийип жан багат экен. Аттин ай, жашабай жатып арактан тапкан пайдасы… 
Попрошайки на праздничном айт-намазе возле площади Победы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Праздничный айт-намаз возле площади Победы в столице

Кайырчылык көйгөйү көңүлдү дагы бир катуу ооруткан көрүнүшүнө кайра эле Бишкектин так ортосунан күбө болдум. Борбордогу жер алдындагы өтмөктөрдүн биринде жашы улгайып калган эже кышы-жайы бою кичинекей эки-үч жашар баласы менен отуруп кайыр сурайт. Баласы жанынан чыкпай сызда ойноп отурат. Бу жолкусунда журналисттик кесибиме байланыштуу эл арасында өлкөбүздүн социалдык абалы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп жүргөнбүз. Чак түштө ары-бери өтүп жаткан элдин ой-пикирин угуп жатканбыз. Өтмөктүн жанынан ошол эжени байкап калып, акырын сөзгө тартайын дедим. Жанымда оператор камерасы менен, менде микрофон. Эженин жанына басып келип маек кургуча болбой, эки-үч киши чуркап келип: "Эмне болду? Эмне тартып атасынар?! Силерге эмне керек? Бул оорукчан. Сүйлөй албайт. Тартканга болбойт! Кеткиле!" — деп бизди кубалай баштады. Мындайды күтпөгөн жаныбыз, "Кандайча болбойт? Сен өзүн кимсиң? Кайдан чыга калдың?" — деп суроо салдык. Аңгыча алардын бирөөсү: "Мен милийсада иштейм. Внештатникмин. Бул жакты мен карайм. Баары нормально", — деди. Бирок тастыктоочу документин көрсөткөн жок. Айтор, ошол жерден кер-мур айтышып, ызы-чууга түшүп калдык. Ары бери өткөндөр арачага түшүп жатып токтодук. Анан бери басып келе жатып түшүндүм. Көрсө булар дагы өзүнчө топ болуп, акча табуунун бир амалын өздөштүрүп алышкан экен. Эми алар кайыр сураган эже баш болуп өз жазасын алаар. Акыбалдын эң жаманы — жанагы бешиктен бели чыкпай жатып, жүзүкара улуулардын жеми болгон кичинекей балада болуп жатпайбы! Маселенин өзөгү анын уурдалган балалыгында жана сыздан кыйылган ден соолугунда. 

Уурдалган балалык демекчи, дагы бир мисалга токтолсом. Мурдагы жылы жайында Жибек жолу менен Совет көчөсүнүн кесилишиндеги светофордо кичинекей ымыркайы менен, жанылбасам, цыган аял кайыр сурап турчу. Эми эсиңиздердеби, өткөн жылы жайында күндүн ысыгы 50 градуска чукулдап, мээ кайнатканын? Ошондой ысыкта, жаңы төрөлгөн наристе эмес, чоң эле адам күндүн илебинде жарым саат тура албайт. Жанагы светофорго жакыныраак келип, атайлап баланы карадым. Эптеген эле жаны бардай көрүндү. Эми ошол жер кайра эле Бишкектин так ортосу. Кимдер кана өтпөйт — милициянын башчысы, депутат, аким, министр… Бирок бир дагы компетенттүү кызматкер токтоп, баланы куткарууга аракет кылбайт. Баягы эле мага окшогон шоопурлар, ары-бери баскандар, энесине "жиндисиңби, тиги-бу" деген сөздөрдү айтып тим болушат. Чындап айтканда, колдон башка эмне келет? 

Акыркы маалда коомчулукта балдарга болгон зордук-зомбулукту токтотуш керек деп кыйкырбаган мойну жар бербеген жалкоо гана калды окшойт. А эмне, кичинекей баланы оюнчуктай колдонуп, өмүрүн тобокелге салып кайырчылык бизнесин аркалаган зордуктоо же болбосо зомбулук эмеспи?! Көрмөксөн болгонубуз — акмакчылык, туурабы?

Эми сөз аягында, бул оюмду айтып жаткан себебим, кайыр сурагандарды сындоо, же болбосо басынтуу эмес. Болгону көргөндү, байкаганды айтып, көйгөйдү оңунан коюп, маселени чечүү. Албетте, кайыр суроо бизде мыйзам менен чектелбеши мүмкүн. Бирок коомдо саны күндөн күнгө өсүп, биз көрбөгөн, ойлобогон жанагы өтмөктөгүдөй "эргулдар" кызыкчылык арттырып көмүскө бизнес кылып жаткандары — көйгөйдүн тамыры тереңде экенинен кабар берет. Андыктан көйгөй чечилбей, чын эле кайырчылыкпы же бизнеспи, айтор белгисиз болуп, ачык бойдон калууда.

Тема боюнча

Жетимдерди убактылуу баккың келеби, айкөл кыргыз?
Композитор жана акын Бишкекте кайыр сурап турат
Белгилер:
кайырчы, балалык, ден соолук, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ