Кыргызстандыктарды террорчу кылып көрсөтүү кимге керек же террорчунун улуту болобу

Жазылуу
Стамбулдагы "Ататүрк" эл аралык аба майданындагы жардыруулар жана аны жасаган жан кечтилер туурасындагы маалыматтарда Кыргызстандын жараны бар деген имиштер айтылууда. Колумнист Абдыкерим Муратов бул туурасында пикирин билдирип, ашыккан маалыматтар ашыкча деген пикирин ортого салды.

Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданы — дүйнөдөгү ири учак жайларынын бири, ошол эле кезде түрк бажычылары, полициялары жана башка атайын кызматтары тыкыр текшерүү жүргүзгөн жер. Мен дале көпчүлүктүн бири катары ал жерден көп эле жолу текшерилгем, бут жана сырт кийимдерди, курларды чечкем, а түгүл бир жолу сумкамды ит шимшилеп да көргөн. Анан ошондой жерде жанкечтилер өздөрүн жардырып, адамдарга ок чыгарып жатканы мен үчүн түшүнүксүз болду…

Трагедия, чоң трагедия жасалды…

Сотрудники полиции обходят терминал Стамбульского аэропорта Ататюрк - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Стамбулдагы жан кечтинин бирөө КР жараны деген маалымат тастыкталган жок
Андан да чоң трагедиясы ошол жан кечтилердин арасындагылардын бири кыргызстандык деп чыгышкандыгы. 30-июнда "Reuters" агенттиги жардыргандардын арасында Россиянын, Өзбекстандын, Кыргызстандын атуулдары бар деп дүйнөгө дүң кылды. Алар "Yeni Safak" басылмасына шилтеме берген, анда террорчулардын бири Дагестан атуулу, демек, Орусия жараны дешкен. Дагы бир маалыматы Чечен республикасынын атуулу Ахмед Чатаев дейт, ал "Ислам мамлекети" уюмуна мүчө болуп кирген экен. Дагестанбы, же Чеченстанбы? Экөө эки башка эмеспи?

Түркиянын "Hurryiet" басылмасы алардын бири чечен Осман Вадимов болушу мүмкүн, ал Сириянын Ракка шаарынан келген болуш керек деп жазып чыкты. Ал эми россиялык укук коргоо органдарынын кызматкерлери деги эле мындай адам туулбаганын, туулбагандан кийин жашабаганын, жашабагандан кийин өзүн жардырбаганын айтып түрк журналисттеринин жазгандарын калпка чыгарды.

Ошентип ар кандай карама-каршы маалыматтар тарап жатканда окуяга шектелип 13 адам кармалгандыгын расмий билдиришти. Айыпкерлерди издөө Стамбул жана Измир шаарларында жүргүзүлгөн.

Стамбулдагы теракт учурунда аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардырууга кабылып, ажалдан аман калган Тилек Токомбаевдин баяны
Кармалгандардын жана шектелгендердин бири кыргызстандык дегени, албетте, бизди сарсанаа кылды. Кыргызстандан Сирияга кеткендер, "Ислам мамлекети" уюмуна кызмат кылып аткандар жок дей албайм. Мени ойлонткону "этеги жаман жерден жыртылгандай" жамандыктын баарын кыргызстандыктарга жабыштыра бергендик. Бир жолу АКШдагы ушундай окуялардын бирин уюштурган да кыргызстандык деп чыгышкан. Көрсө, ал бала кезде Токмокто чоңоюп, анан өз алдынча кеткен бирөө экен. Эми да эч нерсе тактала элек кезде кыргызстандыктарды дүйнөгө террорчу кылып көрсөтүү аракеттери түркиялык жана дүйнөлүк маалымат каражаттарын каптап кетти.

Террорчу чын эле кыргызстандык болсо, анын аты-жөнү ким, кайсыл жерде туулган, кайсыл мектепте бүткөн, ата-энелери ким – адегенде ушул маалыматтарды айтып чыгышпайт беле. Болжолдоп соктуруу – туристтик сезон алдында эс алуучуларды Кыргызстандан качыруу, бул мамлекеттин адамдарын дүйнөлүк коомчулук алдында "бокочо" кылып көрсөтүү. 

Кандуу кадамды азырынча эч ким мойнуна ала элек… 

Адатта, мындай террордук акты жүргөн учурда аны ким жасагандыгын айтат, "биз кылдык, мындай нерсе үчүн өч алдык" дешет. "Ататүрк" жарылуусун "Ислам мамлекети" уюму да, Түркиядагы күрд жоочулары да же бир башка топ жасагандыгын айта электе эле айыптуулардын катарында кыргызстандыктардын аталышын кандай түшүнүүгө болот?.. Бул террордук акты жасагандай эле кооптуу эмеспи? Биз үчүн, биздин мамлекет үчүн, улут үчүн, алардын дүйнөлүк кадыр-баркы үчүн!..

Анкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы жарым жыл ичиндеги терактылар. Бейажал кеткен өмүрлөр
"Ататүрк" аба майданын карасаңыз, бир саатта жок дегенде миңдей кыргызстандык жүрөт, жалпы Стамбулда миңдеп саналат, ошолордун тең жарымынан көбү беш убак намазын үзбөгөн момун мусулмандар, алардын ичинен да сакал койгондору бар, эми ушулардын баарын эле террорчулукка айыптап кармап, камай берүү керекпи?

"Стамбул жардыруусунда" кыргызстандык болбогондугун Түркиядагы дипломатиялык кызматтарыбыз да, Тышкы иштер министрлиги да тастыктаган жок.

Айта кетсек, 28-июнда Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аба майданында болгон жардыруудан 41 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган. Болжолдуу маалыматтарга караганда көзөмөлдөөчү камерага түшүп калган үч жан кечтинин экөөнүн жонунда, бирөөнүн колунда баштык бар экенин байкалган. Алар 32 күн мурда Стамбулдун Фатих районунан ижарага батир алып, жашап жатышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0