21:33 24 Бугу 2017
Түз эфир
Кол чатыр. Архив

Манапчылыктын символу болгон кол чатыр. Флешмоб айылдагы абышка-кемпирге жеттиби?

© flickr.com / Wiennat Mongkulmann
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Айида Батырбекова
59940

Бишкекте башталган чуулуу "кол чатыр" темасы тээ тоонун этегинде жашаган абышка-кемпирге жеткенби, же чын эле ушундай болгонбу, айтор, уй саап жаткан апага кол чатырын тосуп турган атанын сүрөтү интернетке бүгүн кирди. Колумнист Айида Батырбекова кол чатырдын урматына анын тарыхтагы таржымакалын эстеп көрдү.

Кыргызстандын интернет айдыңында май айынан бери "кол чатыр" темасы коомчулукта кызыл-чеке талкуунун предметине айланып келет. Бир нече мамлекеттик кызматкерлер бийлигине маашыркадыбы же кол чатырды жардамчысына карматып койгонун байкабай калдыбы, айтор, жаанчыл айда "кол чатырчы" кызматкерлери менен кошо фотокапканга түшкөндөр көп болду.

Социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан шылдың менен кекээр кепке кабылышты. Айрымдар "көпкөн немелер" деп сөктү, тилдеди. Керек болсо бай-манаптык "кол чатыр" флешмобуна чейин өткөрүштү.

Круговорот зонтов во власти
© Фото / Ася Ибраимова
Абал тынчып калгандай болгон. Бирок тээ тоонун этегинде жашаган абышка-кемпирге Бишкектен чыккан чуулуу флешмоб жеткенби, же жөн-жай турмушта тартылган сүрөтпү, айтор, уй саап жаткан апага кол чатырын тосуп турган атанын сүрөтү интернетке бүгүн кирди. Бул сүрөттү карап туруп, эрксизден жылмайып, ичиң жылыйт. Ага баам салсак, карыя музоо салып бергенден кийин, кемпирине камкордук кылып, белин бекем курчап алып, жамгырдан калкалап "күзөттө" турат. Албетте, абышкасы карап, күйбөсө, анан ким күйөт эле. Ошентип, бийлик өкүлдөрүнүн жарасына айланган "кол чатыр" талкуусу интернетте башка өңүттө бир жылуу сезимди жараткан сүрөт менен кайрадан жанданды. 

Сыягы, бул тема өлкөдө жамгыр токтомоюн улана берет окшойт. Буга байланыштуу трендге айланган кол чатырдын урматына анан тарыхтагы улуу жолун эскерип коюну туура көрдүм. 

Кол чатыр биздин заманга чейин XI кылымда пайда болгон. Анын мекени Кытай же Египет экени талаш жаратып келет. Аталган эки өлкөдө тең кол чатыр "бийликтин" символу болуп эсептелген. Кытайдын тарыхый көркөм тасмаларында хан айымдар кооз гүлдөр тартылган, ал эми хандар жабык түстөгү кол чатырларды колдонушканын көрсөңүздө керек. 

Египетте болсо фараондор менен императорлор жана алардын жакындарына гана кол чатыр колдонууга уруксат берилген. Ошол маалдагы кол чатырлардын бийиктиги 1,5 метр, салмагы эки килограммга чейин жеткен.

Индияда болсо азуусун айга жанып, байлыгына чиренген адамдардын бетине күн тийгизбей артынан кол чатыр көтөрүп иштегендер болгон. 

Замандын өзгөрүшү менен кол чатырды бай-манаптар гана эмес ар бир жөнөкөй адам жамгырдан, кардан жана күндөн коргонуу үчүн колдонот. Ал эми бир адам экинчи адамга кол чатырын жардам, кам көрүү иретинде көтөрүшү ыктымал. Мисалга сүрөттөгү абышканы келтирсек болот. Ал уй саап жаткан байбичесин суу болуп калбасын деп кол чатыры менен эрикпей калкалап турат.

Тема боюнча

Кол чатыр чырына эми Оштун мэри Кадырбаев кабылды
Ош облусунун жетекчиси кол чатырдын алдына кантип отуруп калганын айтып берди
Белгилер:
кол чатыр, абышка, кемпир, флешмоб

ЭҢ МААНИЛҮҮ