Facebook, Instagram үчүн орозо кармагандар

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынан башкы бети. Архив
Facebook социалдык тармагынан башкы бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозо кармаган колумнистибиз Исмаил Мамытов социалдык тармактардагы сүрөттөрдөн улам кимдин каякта эмне менен ооз ачып-жапканына чейин билип калдым дейт.

Ошентип көпчүлүк күткөн Рамазан айы келип, кай бирибиз түшүнүп, кээ бирибиз түшүнбөй айтор, ооз жаптык. Орозо быйылкы жылы аптаптуу жай айына келгендиктен тарыхта эң узак орозолордун бири катары калары бышык. Мына ушул мээ кайнаткан ысыкта бирөөлөр тамчы суу ичпей, мусулмандын беш парзынын бири болгон орозону кармап, сооп алайын десе, башкалар Facebook, Instagram, Одноклассники социалдык тармагында көп лайк, комментарий алыш үчүн кармагандай. 

Ишенбейсизби? Макаланы окуганды ушул жерден токтотуп туруп, аталган социалдык тармакка кириңиз. Бир жолу жазса мейли го, он жолу орозо кармаганын жазгандарынан айланып өтүү мүмкүн эмес. Кайсыл тамак менен ооз жаап, кайсыл курма менен ооз ачканын билесиз. Ал эле эмес таңдайы кургап, ооз ачарда ичем деп катып койгон сууларына чейин көрүүгө болот.

Ооба, сиз айткандай баарыбыз эле орозо тууралуу пост жаздык. Балким бул макаланы окуп жаткан досторум мага таарынышы да мүмкүн. Сиз менен макулмун, эмне жазып, кандай сүрөт киргизүү ар кимдин укугу. Мен алардын Бириккен улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк Конвенциясы тарабынан берилген укугун бузуп, акылдуусунууга акым да жок. Болгону көзгө жакшы көрүнбөйт экен. Жакпаса окубай койгонго аракет кылдым… чын айтам, болбойт экен. Ал үчүн такыр эле социалдык тармакка отурбаш керек. Жумушка байланыштуу антүүгө мүмкүн эмес. 

Буга чейин жума намазга барганыбызды, намаз окуганыбызды селфилеп киргизгендер көпчүлүккө жакпай, динге көлөкө түшүргөн жайыбыз бар, ошол сыяктуу улуу Рамазан айынын баркын учурбасак деген кеп. 

Кыргызда илгертен назар түшөт деп коюшчу. 17 саат ачка жүргөн, же 35 градус ысыкта суусап кыйналган адамдын белин бекчейте, көзүн чекчейте койгон ширелүү шишкебектин сүрөтүн интернетке киргизгенди да убактылуу токтотуп турсак, туугандар. Ансыз деле аш болсо керек. Бирок ошончо адамдын көзү түшкөн тамак деле оңой-олтоң аш болуп кетиши күмөн жаратат. 

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) убагында эл көзүнө калп намаз окугандар болгону айтылып келет. Алар эл чогулган жерде калп намаз окуй калып, өзү жалгыз калганда күнөө иштерин улантышчу. Мына ошолор тозокко буйрулганы хадистерде байма-бай баяндалат. Ошондой тууган, дегинкиси эл көрсүн үчүн эмес, жараткандын ыраазычылыгы үчүн кармасаңыз оң натыйжа аласыз. 

Теспи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо кармоо тартиби: эмнеге уруксат берилип эмнеге тыюу салынат
Илгери бир кыштакта молдо болгон экен. Ал ар күнү айылдаштарына баян курчу. Анын баянына бир киши күн сайын кечигип келет. Бир күнү молдо баягы кишиден эмнеге кечигээри тууралуу сурайт. Анда ал мечит менен анын үйүнүн ортосунда чоң дарыя бар экенин, ал дарыяны айланып өтүүгө үчүн көп убакыт кетерин айтат. Кепти уккан молдо баягы мусапырга үйдөн чыгып эле жаратканга дуба кылса, үйүнүн тушунан көпүрө пайда болорун айтат. Эртеси чын эле баягы киши кечикпей келет. Молдо кызыгып сураса, дуба келтирсем көпүрө пайда болду деп айтат. Ошондо баягы молдо уккан кулагына ишенбей барып дуба окуса, эмнегедир ага көпүрө пайда болбой коет. Көрсө, баягы мусапыр чын жүрөктөн ишенип, ал эми молдо күмөн санап дуба кылган экен. Айтайын дегеним, орозонун сообун жараткан өзү берет, болгону чын жүрөктөн кармоо керек. Эл көрсүн, класс бассын үчүн кармасак, эки саат эт кайнатып, шорпосун да ичпей жөн эле төгүп салгандай же бир ай маңдай тер төгө иштеп, маяна албагандай болобуз. 

Катуу тийсе кечирим сурайм, урматтуу бир тууган. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Орозонун сообун жараткан өзү берем деген. Андыктан ушул кармаган орозонун жардамы менен баарыбыз бейиштен орун алган бололу.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0