Бойдокчулук менен качан коштошуу керек? Үйлөнүү көйгөйү

© flickr.com / ChuWeiHunG IPhotoҮйлөнүп жаткан түгөйлөр. Архив
Үйлөнүп жаткан түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары кыргыз жаштары үй-бүлө курууга көп ашыкпай калды. Мурда 25-30га чыгып бойдок жүрүү трагедия катары кабыл алынса, азыр нормалдуу эле көрүнүштөрдүн бири. Ал эми көпчүлүк жигиттер качан үйлөнүү керек деген суроого баш катырып келишет. Биздин колумнист Исмаил Мамытов бул соболго жооп издеп көрдү.

Иш күн, кайнаган жумуш. Редактордун тапшырмасы менен маалымат жыйынга жөнөгөм. Аңгыча Россиядагы досум чалып, уулдуу болгонун айтып сүйүнчүлөп калды. Кубанычым койнума батпай, чынында абдан сүйүндүм. Демейде мындай кабарларга кубанып, иштин кызуусу менен бат эле унут калтырчу жаным бул жолкусунда башкача кабыл алды. Үйгө барып уктай албай көпкө ойлондум. Досумдун балалуу болдум деген сөздөрү кулагымдан такыр кетпей туруп алды. Аңдап көрсөм маселе досумдун үчүнчү ирет балалуу болгонунда эмес, менин дале бойдок жүргөнүмдө экен. Ал эми арабыздан биринчи болуп үйлөнгөн классташымдын баласы азыр биринчи класска барууга камданып жатат.

Атым Исмаил Мамытов. Учурда 24 жаштамын. Ооба, туура таптыңыз, бойдокмун. Буга чейин армансыз эле, курсак ток, кайгы жок, тынч жашап жаткам. Анткен менен досумдун үчүнчү ирет балалуу болушу катуу ойго салды. Мен да ата болууну кыялдандым…

14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных. - Sputnik Кыргызстан
Канчадасың, чырагым?! Апии-ий, 25тен кийин сени эч ким албайт го…
Бала кезимде бир оюнчукка жетпей калсам, кийин балама дүйнөдөгү бардык оюнчуктарды сатып бербесемби деп ызырынчумун. Ал эч нерсе эмес, футболдон жеңилип калсам баламды футболчу, күрөштөн жыгылсам уулумду сөзсүз балбан кылам деп жүрдүм. Бирок балалуу болгондон мурун үйлөнүү керектигин, ал оңой иш эмес экендигин анчейин ойлонгон эмес экенмин. 

Аял алуудан мурун, отун ал деп кыргыздардын таамай айтканы бар. Барпы Алыкулов "Мөлмөлүмдө" ырдагандай "берейин десем малым жок, мал табууга алым жок" деп канчалар үйлөнө албай жүрүшөт. Бир ирет казак президенти Нурсултан Назарбаевдин "үйлүү болуп анан үйлөнгүлө" деген сөзү көпчүлүктү ойго салган. Анткен менен пайдубалды чогуу түптөсө үй-бүлө бышык болот дегендер четтен чыгат. Эртең менен туруп эле уйкусурап үйлөнүп алуу деле кеп эмес деңизчи, бирок калыңын төлөп, дүркүрөтө той бербесең азыр турмушка чыгууга көпчүлүк кыз макул болбойт.

Анан да эртеңкисин камдап алып үйлөнбөгөндөр бар тапканын бапырап чачып, дүңгүрөтө той өткөрүп коюп, бир ай өтпөй Москвага жөнөйт. Жыл айланбай балалуу болуп, баласын айылга ата-энесине жиберет. Кызыл эт балапандын кантип жетилгенин, алгачкы кадамын, мектеп босогосун аттагын көрбөй калат. Ал эми баланын тарбиясы өзүнчө көйгөй…

Кай бирлери эрте үйлөнүп, баласы менен тең чоңойгондор бар. Үй-бүлөнүн, баланын баркына жетпей, ажырашкандар андан көп. 

Улуу-кичүүнү көзгө илбеген "көгүчкөндөр" же телефондон сүйлөшүү маданияты
Көпчүлүккө маалым болгондой эле дагы бир көйгөй — кыз жакпай калганы. 25 жаштан өткөн жигиттерге оңой менен кыз жакпай калса, 25тен өткөн кыздар балдарды тоготпой, теңсинбей калышат. Досумдун агасы 30га чыгып, кыз жактырбай калса болобу. Биринин буту түз эмес болсо, экинчисинин көзү жашыл, үчүнчүсүнүн кирпиги жок имиш… 

Анткен менен үй алып анан үйлөнөм дегендер 30га чыкса деле баягысындай. Айлыгын достору менен футбол ойноп, мончого баруу менен коротуп коёт. Бойдоктун жашоосу ошол эмеспи. Көчөдөн тамактанасың, сулуу кыздарды көргөндө сенден өткөн март адам табылбай калат. Канчалык тырышсаң деле тапканыңдын көпчүлүгү талаага кетет. Жакшы жагы — кой деген кожоң жок өзүңө-өзүң төрөсүң. Эч кимге отчет бербейсиң, эч кимдин милдеттемесин албайсың.

Үйлөнгөн досторду "киши" болушуң менен деп тамашалап калмайыбыз бар. Анткенибиздин себеби, сен эми боз улан эмес, бир үйдүн кожосусуң. Мурдагычылап таң атканча жүрмөй жок. Чоң кишилердей болуп "жашоо" тууралуу жай сүйлөп каласың дегенибиз. Эгиндин эртеси жакшы. Башың эки болмойун, малың эки болбойт. Тапканыңды үйгө ташып, аз да болсо чогултумуш этесиң. Жараткан насип этсе, балалуу болуп, үйүңдө ымыркай үнү жаңырат. А баланын үнү бейиштин үнү деп жөн айтылбайт.

Кол кармашып турган түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга барат
Кайсынысын тандоо зарыл? Бир жигит олуяга келип, үйлөнөйүн деп жатам, үйлөнсөм өкүнүп калбаймынбы деп сурайт экен. Анда олуя, үйлөнсөң да өкүнөсүң, үйлөнбөсөң да өкүнөсүң. Андан көрө үйлөнүп туруп өкүнгөнүң жакшы деген экен.

Анткен менен кыргыз жигиттери кудайга тобо кылсак болот. Мисалы Түркияда үйлөнүү үлпөтү үчүн 50 миң доллар керектелет. Ал эми Кытайдын негизги улуту болгон Хань уруусунун уулдарына 28 жашка чыкмайын үйлөнүүгө тыюу салынаарын угуп жүрөбүз. Бизде негизи Алыбек алына жараша эле иш кылат. 

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, кыздар орто эсеп менен 23 жашында турмушка чыкса, балдар 26 жашында үйлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0