Көчмөн рухун дүйнөгө жар салган Табыке

© Sputnik / Актан ТемиркановТабылды Эгембердиев. Архив
Табылды Эгембердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын жөнөкөй жармасын дүйнөгө таанытып, аны менен элдин улуттук баалуулуктарынын баркын көтөрө алган Табылды Эгембердиев былтыр 16-майда 65 жаш курагында дүйнө салды. Бүгүн өзү кышын кынап кеткен "Супарасында" эстелиги ачылып, ашы өтүп жатат.

Биздин колумнист Кабыл Макешов кезинде чогуу иштешип, акыл-насаатын угуп калган Табылды агайдын элге сиңип кеткен сөздөрүн, акыл парасаты менен кошо бетке чабар мүнөзү тууралуу айтып берип, элесине таазим этти.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында "Улуттук ар намыс жана прогресс" деген ассоциацияда бирге иштедик. Табыкеге эркелеп, ага таазим кылып, урматтап, ызаат кылчубуз. Ал 90-жылдары "Кыргызстан Демократиялык кыймылын" баштаган биринчи демократтардын катарында болуп, элдин эгемендик, эркиндиги үчүн күрөшкөн. Ошол жылдары Табыке республикалык басма сөзгө элдин көзүн ачкан жалындуу жана куйкум тилдүү публицистикалык макалаларды жазып, эл оозуна нагыз публицист катары алынган эле.

Жетим жүрүп жетилген

Жай отуруп маектешип калганда жетим өскөнүн, жетим балдар ишке тың, чыйрак болорун, кой кайтаргандан ушунчалык тажаганын, жаш кезинен билимге умтулганын, 42 жашка чыкканча дүйнөлүк классиктердин китептерин жата калып окуганын айтып берген жайы бар эле. Политехникалык институтту аяктап, жөн эле инженер-куруучу болуп жүрө бербей, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөнүн, анан чындык үчүн чыркырап, далай ирет жумушсуз калганын, анан "максым сатып бизнес кылам" десе, демократ достору шылдың кылып күлгөнүн, апасынын колдоосу менен иниси Жумадил экөө өжөрлөнүп, акыры бул иштин "майын" чыгарганын ырахат менен эстечү.

Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиев менен коштошуу церемониясында. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы Кыргызстанды кайгыртып, дүйнө салган атактуу инсандар
Жубайы Жаңыл менен мелдешип жарышканын, ордо ойноодон ырахат аларын, Аскар Салымбековду туурап "Шоро" деген футбол клуб ачып, бул оюндун да түйшүгүн далай тартканын, кыргызды дүйнөгө таанытуу үчүн өтүк кийип, баткак кечип "Супараны" салганын, Шайлообек досунун "Агындылар" китебине таасирленип, анын талантын баалап, ошол китебин басмадан чыгарып, демөөрчү болгонун, өзү да кыргызды таңгалдыра турган китеп жазууну максат кылып жүргөнүн айтып, карс-карс каткырып калаар эле, жарыктык. 

Анан да акыркы маектеринин биринде ал башкалардын башына келбеген толтура план менен жүргөнүн, бир гана убакыт жетпей калабы деп шашып жатканын айткан экен. 

Чынында Табылды агай жоктон бар кыла алды. Табыке жакын санаалаш досу, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди өзгөчө жакшы көрчү. Шайлообек агай досу Табыке салган "Супарада" аны менен коштошуп зыйнатында мындай дегени дале эсимде.

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"Табылды Эгембердиев апасы, бир туугандары менен
Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть. - Sputnik Кыргызстан
Табылды Эгембердиев апасы, бир туугандары менен

– Сен акылдуу болчусуӊ. Сергек болчусуӊ. Жаш баладай таза, ошол эле учурда татаал да болчусуӊ. Кирем дегендин баарына жүрөгүӊдүн эшигин ача берчү эмессиӊ. Жалган, жасалма жашагандарды, эки жүздүү адамдарды, кыргызга жакшылык кылбаган жан бактыларды жиниӊдей жек көрчүсүӊ… Такыр эле эс албай жашаган жан элеӊ. Сенин башыӊда ой-максат дегендер толтура болчу. Сенин колуӊ тийген жансыз таштарга жан кирип, сүйлөп турчу, сенин колуӊ тийгендин баары гүлдөп турчу… Сен эч качан унутулбайсыӊ. Сен атыӊды өлбөй, өчпөй турган асыл адамдардын, атыӊды өмүр бою сактай турган асыл адамдардын катарына калтырып кетип баратасыӊ. Сен эми түбөлүк эскерүүгө айланасыӊ! – деген эле досу Шайлообек Дүйшеев. 

Чынында Табыкени ар бир кыргыз "Шоро" максым, чалап ичкен сайын, "Супарага" барган сайын эстеп, ордо ойноп, мелдеш өткөн сайын эскерип турабыз. 

"Шоро" байкенин эркиндиги, "кемчилиги", Жаңылы жана патриоттуулугу

Табылды агайдын ишмердиги, адамкерчилиги, мээнеткечти, чыгармалыгы тууралуу айта берсе түгөнбөйт. Ошондуктан өзүнүн айрым маалымат каражаттарына берген маектеринен үзүндүлөрдү гана берсек, анын курч ойлору башкаларга, окурмандарга да сабак болор деп ишеним арттык.

— Менин жашоомдогу эң чоң дөөлөт – эркиндик. Муну көп киши түшүнбөйт. Каалаган убагыңда туруп, каалаган ишиңди жасап, каалаган сөзүңдү айтып, каалаганыңдай жашаш – баа жеткис бакыт эмей эмне?! Эркиндик үчүн далай адамдар кырылып жатышат. Тоодогу эркин жүргөн аркар-кулжаны кармап келип, алдына арпаны төгүп койсоң деле курсагы ток койдун жашоосунан көрө, ачка жүрсө да, тоодогу эркин жашоосу жакшы экенин танбайт.

Жазуучу Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салижан Жигитов аганын күлкүсүнөн…
— Мен эмне кылсам да жасаган ишиме чыгармачылык менен мамиле жасаган, идея менен жашаган жаратман адам болсом керек. Бизнесмен деп бизнести туура башкарып, чоң пайда тапкан адамды айтышат. Ал эми мен башкарганды эмес, ойлонгонду жакшы көрөм. Ошон үчүн "Шоро" компаниясы түзүлгөндөн баштап аны башкаруу маселесине катышкан деле жокмун. Аны иним Жумадыл башкарып келе жатат. Мен бактылуу адаммын. Себеби мен эмнени жасабайын чыгармачылык менен мамиле кылып, ошондон ырахат алам. Жакпаган ишти жасагым да келбейт. Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. 

— Бир арманым — эрте төрөлгөнүм. Экинчи арманым — убагында каалагандай билим ала албай калганым. Жазуучу болсом деген максатым бар эле, бирок кийин бизнеске өтүп кеттим. Акыры мени бизнес соруп кетти…

— Келечеги жок эл өткөн тарыхы менен курулай мактанат. Өткөн тарыхы менен мактанса, грек элинин алдына чыгар эл табылбас. Ошон үчүн биздин "Манастын урпагыбыз" деп мактанып, бирок ачка жүргөнүбүз "мен баланча чоңдун баласымын" деп кайыр сурап, чын эле барктуу атасынын арбагын уят кылган бир бечараны элестетет. Менин оюмча, өткөн тарыхты сыйлоо ошол тарыхка татыктуу жашоо менен түшүндүрүлүшү керек. Эгерде биз тың жашай баштасак, "Охо, булар Манастын тукумдары экен!"— деп, бөтөн элдер бизге суктанышат. Ал эми тың жашаш үчүн ар бир адам башканы коюп, өз жанын тың багууга аракет жасашы керек. А бизде өзү ачка жүрүп, элди бакмакмын деп опурулгандар көп. Патриот деген ушу мага окшош болсо керек деп ойлойм. 

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"Жаманын жашырып, жакшысын арттырган жан күйөрү Жаңылы менен
Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть. - Sputnik Кыргызстан
Жаманын жашырып, жакшысын арттырган жан күйөрү Жаңылы менен

— Экономика деген сөздүн кыргызча мааниси сарамжалдуулук. Кыргыздын чөнтөгүнө акча түшсө той бергенге шашат. Бири-бирине кошумча берип жатып, арак ичип болгон акчасын жок кылат. Жакшы жашайын деген максат керек, жөнү жок чыгымдарды токтотуш керек. 

— Мынабу "Супараны" бир жарым жылда курдум, өзүм кошо өтүк кийип баткак кечип иштеп жүрдүм. "Супараны" курганымдын негизги максаты — чет элдиктер кыргыздын илгерки маданиятын, жашоо-шартын, каада-салтын китептен эмес, көз менен көрсүн деген ой. 

Гул кармаган жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Академик Бүбүйна Орузбаева "Эл баатырына" көрсөтүлөт
— Жубайым Жаңыл колдобосо бул "Супара" комплекси бүтмөк эмес. Бул жердин жасалгасынын баарын жасатып, башкарып жатат. Мен башкарганга жарабаган адаммын. Жасаган иштеримди колдоп, жаманымды көзгө чукуп көрсөтүп, айтып турат. Адамкерчиликтүүлүгүн баалайм. Орусча "честный", экөөбүз бул жагынан окшошпуз. Тазалыкты сүйөт, таза жүрө албагандыктан көп тил угам. 

— Мен көп иштейм, аз уктайм. Алдыга койгон толтура пландарым бар, бир эле проблема — акча жетпейт. Биз, бизнесмендер, өлөр-өлгөнчө акча жетпей, акча издеп жүрүп өлчү эл болот окшойбуз… Жеп-ичиш үчүн эмес, бир иш кылыш үчүн акча издейбиз. Ал эми кылган ишибизден төлөнгөн салыгыбыздын саны элибизге кылган кызматыбыздын эң негизги көрсөткүчү деп эсептейм, мен жана мага окшогондор өмүрү өткүчө ошол көрсөткүчтү көбөйтүүнүн азабынан ыракат алып өтүшөт….

— Бул жашоодо арманым жок. Оор турмушту өткөргөм, бирок мындай адам болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Элиме колуман келишинче эмгек кылдым. Азыркы жаштар бактылуу. Мурда азыркыдай мүмкүнчүлүктөр болгондо таптакыр башка адам болмокмун. Учурда билимдүү адам каалаган жерине жетет. Андыктан жаштар бери дегенде беш тилде сүйлөшү керек.

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"Эгембердиев: оор турмушту көрдүм, бирок мындай адам болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес
Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть - Sputnik Кыргызстан
Эгембердиев: оор турмушту көрдүм, бирок мындай адам болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес

— Окуган китептердин пайдасы тийип, турмушка философиялык көз караш менен кароого үйрөнүп калган элем. Чөнтөгүмдө сокур тыйыным калбай калган күндөрдө дагы санаа тартпай миллионердей жүрө берчүмүн. Кудай берип азыр миллионер болдум, бирок, карапайым адамдык жашоомду сактап келе жатам. Эми ошол кезде жазуучу болом деген даярдыгымды текке кетирбей, баюунун сырлары тууралуу китеп жазсамбы деп жүрөм… 

Табыке, сиз ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаттарын өткөрүп, далай ирет демөөрчү болуп жүрчү элеңиз. Өлкөдө футболду өнүктүрүүгө да зор салым коштуңуз эле. Ички иштер министрлиги өткөргөн мелдештерди дагы колдоп, "Шоро" баштаган суусундуктарды берип турчусуз. Эми спорт коомчулугу, туугандарыңыз, жубайыңыздын жана балдарыңыздын демилгеси менен Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арнап, ары жылы "Супарада" эл аралык ордо мелдешин өткөрүп турсак дейбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0