Шаштыны кетирген "шарить эткичтер"…

© Sputnik / Табылды КадырбековПошив оригинальных галстуков-бабочек мастерами из Бишкека
Пошив оригинальных галстуков-бабочек мастерами из Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абайлаңыз, айлананы "шарить эткичтер" каптады…

"Жүз жылда жер жаңы, элүү жылда эл жаңы" деген кеп сыяктуу, азыркы жаштардын ой жүгүртүүсү такыр башкача. Байкап көрсөңүз баары эле "шарить эткиси" келип, башкача айтканда ашкере эпчил болгусу турат. Тилекке каршы, бул жаман өнөр экенин баары эле биле бербейт. 

Улуу-кичүүнү көзгө илбеген "көгүчкөндөр" же телефондон сүйлөшүү маданияты
Эл катары мектепти аяктап, Бишкекке билим алуу үчүн сапар алдым. Шаарга куру келбей, аруу тилектерим, кол жеткис бийик максаттарым менен келдим. Анан да койдой жоош, Момун чалдан өткөн момундугумду өзүм менен кошо ала келдим. Атамдын таза жүр, алдаба, чынчыл бол деген кептерин жүрөгүмө бекем туюп, эч кимди алдабасам, түз жүрүп жакшы окусам максатыма жетериме терең ишендим.

Жайында окууга тапшырып, күзгө дейре бекер жүрбөй иштеп, бир чети шаарга да көнүп турууну чечтим. 

Шаарды жакшы билбейм, бирок менден бир жыл эрте келген классташым бар. Таянар тоом, көзгө басарым ошол. Ал айылда жүргөндө эле шамдагай, эптүү жигит эле. Бир жыл шаарда жүрүп, эптүүлүгү артып, суудан кургак чыгып калыптыр. Ал жанына официант кылып кошуп алды. Тоодо жүрүп тоолуктардын пейили бар, кой оозунан чөп албаган мүнөзүм менен иштеп калдым. 

Келген кардарларды кезектешип тейлейбиз. Ким көбүрөөк кардар алса маянасы көп чыгат. Мага кезек келгенде эле ортодон бир официант чыга калып, "брат, зарыл акча керек эле, бул кардарларды мен алайын" десе жок дей албайм, андан кийин бир кыз келип "жаным го, мага эртең эс алуу, бүгүн иштеп алайын" десе кантип эрип кеткенимди сезбей калам. Маяна эсептей келгенде эле элдин баары көп акча алып, мен артта калам… 

Кечинде кесиптештер менен кошо кафеге барып эс алабыз. Акча төлөмөйгө келгенде эле баары шылтоолорун айтып, мен калып калам. Уялганымдан акчасын төлөп жүрө бердим. 

Кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жадатма 9 сөз: эме, бар го, ошо-ооо…
Барыбыздын кактабай каныбызды ичип, көрсө эле талап кирген администратор эжебиз бар эле. Өзгөчө жаңы келгендерди шылдыңдап, үстүнөн акча жегенди адатка айлантып алган. Официанттардын кийимине чейин кийлигишип, урушуп басып жүрөт. Бир күнү менден эки жаш кичүү, жаңы тогузду бүткөн бала официант болуп иштеп калды. Ичимден жаш балага боорум ооруп, кан ичер администратор байкуштун тагдырын талкалайт го деп ойлоп жаттым. Үч күндөн кийин баягы балакай администратордун алдында гитара ойноп отурат го… Баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алган аял жок, өзүнчө мемиреп, бактылуу болуп, ал эле эмес назик болуп отурат.

Баягы балакай майрам күндөрү администраторго белек берип, официант кыздарга гитара менен ырдап жүрүп бат эле аралашып кетти. Келген кардарлардын балдарына балмуздак алып бере коюп, бир азга ойното салып кардарлардан "чайга" деп көп акча алат. Тилинин тимеле уу чачыраган кафе ээсинин кызы бар эле, заматта ал менен да дос боло калыптыр. Ошентип балакайдын ити заматта чөп жеди.

Аңгыча сентябрь келип, студенттик күндөр башталды. Тайпанын ичинде айылдан келгендердин көпчүлүгү жоош, ал эми шаарда чоңойгондор алдыга жулунгандардын катарын толукташты. Алгачкы эле күндөрү староста шайлоо маселеси жаралып, ким-кимди колдоору белгисиз. Биз эсибизге келгенче, бир шаардык тайпалашыбыз деканатка барып өзүн староста деп жаздыра салыптыр. Болбосо аны эч ким шайлаган эмес. Бир айдан соң шайлоо өткөрүп, аны түшүрүүгө аракет кылганыбыз менен майнап чыкпады. Ал эле эмес, баягы жигит заматта курстун старостасы болууга жетишти. Кийин кайдан-жайдан декандын тууганы болуп чыкты. Кышкы сессияда болсо мугалимдерге жарымы калп, жарымы чындарды айтып жатып студенттердин рейтингинде биринчи орунга чыгып кетти. Баарыбыз оозубузду ачкан бойдон кала бердик.

Кыргызстандын желегин кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: өлкөдөгү эң таасирдүү жана белгилүү кишилер
Кийинки жылдары буга окшогон жигиттерди, кээде кыздарды көп кездештирчү болдум. Базарга барсаң, такси чакырсаң, же усталарга бир нерсе жасатайын десең баары эле шамдагай, эпчил. Азыркыча айтканда "шарить этишет". Бирөөдөн жарым баага ала калып, аны кымбат сатып, жок жерден пайда көрүшөт. Бешиктен бели чыкпай жатып жаш балдар да "шарить эткич" болуп кетишти. Баары эле өзүлөрүн амалдуу, айлакер сезишет. Сүйлөшө келсең акылыңды уурдап турушат. 

Мага ишенбесеңиз шаардагы атактуу делген соода борборуна барып көрүңүз. Баары эле "шарить эткендер". Кичине эле жөн турсаңыз иштебеген телефонун кармата салышы мүмкүн. 

Баса, баягы официант болуп иштеген балакай өзүнүн эле досторун "шарить эте" коём деп таяк жептир. Кийин уксам жумуштан да айдалып кетиптир. Ал эми эпчил тайпалашымдын өнөрү өркүндөп, студенттерден акча жыйнай коём деп окуу жайдан айдалган. 

Кыргызда "сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт" деген кеп жөн айтылган эмес тура. Ооба, эптеген эки ашайт деңизчи. Бир чети заман талабы ушундай болуп турат. Анткен менен жакшы ниет — жарым ырыс экенин унутпасак. Бирөөнү "шарить эте" коём деп өзүбүз шарить этилип калышыбыз мүмкүн экенин эстен чыгарбасак. Жөнөкөйлүк жана ыймандуулук эч убак модадан түшпөй турганын биле жүрсөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0