Ош шаарына тамшанганда…

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ордолуу Ош шаарына барбаганыма жети жылдан ашыптыр. Ал учурда шаарда көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, мурункудай эмес. Эмесе гүлдөп өсүп жаткан шаарга чогуу саякат кылалы.

Кесибим журналист болгондуктан эл аралап, аймактарга көп чыгам. Бирок көптөн бери Ош тарапка бара элек элем. Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарынын өнүгүп жаткандыгы тууралуу канча ирет ар кыл кептерди угуп, барууга кызыгып жүргөм. Пенденин оозунда, кудайдын кулагында болуп жумушум менен айтылуу Ошко да барчу күн келди. Кийимдеримди камдап алып такси чакырдым. Негизи эле таксисттер менен тил табыша албайм. Көбүнчөсү күттүрүп, асмандын баасын айтышат. Аңгыча күттүргөн такси келип, баарлаша кеттик: 

— Ассалому алейкум, иштериңиз жакшыбы? Аэропортко канча сом болот?

— 500 сом…, — деген бойдон айдоочу отурсаң отур, болбосо убактымды алба дегенчелик кылып үн катпады. Мен да унчукпай отурдум да, аэропортко жөнөй бердик.

Арадан анча көп өтпөй эле Оштун аэропортуна кондук. Эшикке чыксам таксилер аарынын уюгундай ызылдайт. Адатынча асмандын баасын айтарын түшүнүп турсам да, айла жок бирөөсүн кепке тарттым.

— Саламатсызбы, шаарга чейин канча болот?

— Келиң ака, канча бересиз?.. Чайга кичине кошуп коюң дегенде кандайча жибип кеткенимди байкабай калдым. 150 сомго Ошко кудуңдаган бойдон кирип бардым.

Ордолуу Ош шаарынын күнүмдүк жашоосу тууралуу сүрөт баян
Мейманканалардын бирине жүктөрүмдү таштап коюп, шаар аралап жөнөдүк. Эшигин көрүп төрүнө өт демекчи, шаардын астанасындагы арка көз жоосун алып, ансайын шыктандырат. Шаар ичинен бир да таштанды көрбөйсүң. Чындыгында Ош жаркырап өнүгүп жатыптыр.

Самсынын бир канча түрү — Оштуку, Өзгөндүкү, Ноокаттыкы, ошондой эле шорпосу менен берилгендери биринен-бири өтүп даамдуу. Майда манту жебеген адам арманда калат. Уйгур лагмандары таңдайды такылдатат жөн эле. Өзгөчө белгилеп кетчү жагдай — атактуу тандыр нандарынын даамы укмуш. Ысык бойдон алып келгенде көздү жумуп алып жесең… Ош майлуу-сүттүү, берекелүү жана ырыскылуу шаар. Бишкекте студент кезимде канча ирет ачка калганымды айтсам, Оштогу досторум жомок уккандай болду. Базар аралап жүрүп ашкананын алдындагы маекти угуп калдым:

— Ака, ашты 30 сомдук кылып салып бересизби?

— Жоок, болбой калат, 35 сом кыл уке, мазза кылып салып берем. 

© Sputnik / Исмаил МамытовРегионы Кыргызстана. Ошская область
Регионы Кыргызстана. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Регионы Кыргызстана. Ошская область

Тиги кудуңдаган бойдон кирип кетти. Урушкан, талашкан эч ким жок. Бири-бири менен бат эле сизиң-бизиң болуп жатып тил табышып кетет. Элдин көңүлү ток.

Ошто классташым коноктоп, жумушка байланыштуу экөөбүз өзбек махалага барып калдык. Досум биз издеген өзбек улутундагы кишиге өзбекче шатырата сүйлөп, заматта жумушту бүтүрдү. Андан ары орус мектепке барып, орусчаны такалбай сүйлөгөнүн көрүп айран-таң болдум. Кошуна улуттар менен тил табышып, ынтымактуу күн кечирип жаткан Ош шаарынын тургундарына ичимден абдан ыраазы болдум. 

Төбөсүнөн жаан өткөн Өзгөн мунарасы жардамга муктаж
Досум күлөт, "Бишкекке кетем десем, ал жакта ач калсаң нан берип турчу өзбек кошуналарың жок деп жетекчим жөнөтпөй жатат" деп. Ойлоп көрсөм ач калуу деген түшүнүк жок. Студент кездери ашпозчу өзбектерге барып эле абалды түшүндүрсөң ашынан салып берчү. Ошто токчулук, деди досум. 

Чынында кошуна улуттар ынтымакта жашап, бири-бирине жардамга кол сунуп турганын көрүп ыраазы болдум. "Ошто ашпозчу, уста, сатуучунун баары өзбектер, кыргыздар аларга акчасын карматып коюп эле отурабыз" деп досум күлдү.

3000 жылдык тарыхы бар Ош шаары күн санап өсүп, өнүгүп келе жатканын байкоого болот. Учурда жаңы көпүрө колдонууга берилип, сейил бактар курулууда. Андыктан бардык замандаштарды Оштун тарыхы менен жеринен таанышып, майда манту жана ысык самсынан даам сызууга үндөп кетем. Миң уккандан бир көргөн, жаркыраган Ошко өз көзүңүз менен күбө болуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0