Курьер-мигранттан баатырдыкка чейин. Марат Исаев

© Sputnik / Алексей ДружининНаграждение Марата Исаева Владимиром Путиным
Награждение Марата Исаева Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда мигрант болуп жүргөн Марат Исаевдин окуясы көпчүлүктүн эсинде калды. Ага Россиянын президенти Владимир Путин өз колу менен медаль тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Россиянын Москва шаарында курьер болуп иштеп жүргөн кыргызстандык Марат Исаев 11-февралда "Красносельская" метросунда рельстерге эстен танып кулап түшкөн аялды полиция кызматкери Артем Королюк менен чогуу куткарып, калың элдин оозуна алынган. Сырттан караганда катардагы окуя сыяктуу байкалганы менен өз өмүрүн тобокелге салып мындай эрдикке барганы көпчүлүк мигранттарды шердентти.

Анын бул кадамы үчүн Россияда иштеп жүргөн бардык кыргызстандык мигранттар сыймыктанды десек болот. Башкасын айтпаганда дагы бул кабарды жазып, коомчулукка таратып жаткан биз – журналисттер дагы башыбызды жогору көтөрүп, сыймыктанып турдук.

Москвада аялды өлүмдөн алып калган Марат Исаевди Оштун мэри сыйлады
Исаевдин жасаган баатырдыгын бардык Жалпыга маалымдоо каражаттары жазды. Кыргыз жигитин мен-мендеген ЖМКлар түз эфирге, ток-шоуларга чакырып, карапайым бир мигранттын жасаган кадамын башкаларга үлгү катары көрсөтүп, баалап жатышты.

Албетте, Марат Исаевдин өз өмүрүн тобокелге салып, башка чоочун эле бирөөнүн өмүрүн сактоого болгон аракетин социалдык тармактын колдонуучулары дагы катуу талкууга алып, алкыштарын, мактоолорун жаадырышты.

Бул көрүнүш өзгөчө чет жакта жашап, иштеп жүргөндөрдүн байланышын, бири-бирине болгон урматын да чыңдады десек болчудай. Алды Кыргызстан, арты океандын ары жагындагы мекендештер мындай кыргыздын чыныгы жигити менен сыймыктана тургандыктарын жазып, каалоо тилектерин билдирип жатышты.

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМоскванын мэри Сергей Собяниндин Марат Исаевге сыйлык тапшыруу учуру
Мэр Москвы С. Собянин посетил ОВД Южное Медведково - Sputnik Кыргызстан
Москванын мэри Сергей Собяниндин Марат Исаевге сыйлык тапшыруу учуру

Өз кезегинде Марат Исаев мамлекет жетекчилеринин да көз жаздымында калган жок. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн атынан кол саат белек кылса, Москванын мэри Сергей Собянин да ыраазычылыгын билдирди. Андан сырткары бир катар аткаминерлер да рахматтарын айтышты.

10-мартта Марат Исаевдин жасаган эрдигинин туу чокусу болду десек жаңылышпайбыз. Ал Россиянын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземинде Владимир Путиндин колунан сыйлык алып, "биздин жасаган ишибизди баалаганыңыздар үчүн чоң рахмат" деди.

Марат Исаев жасаган эрдик кадамга ар бир кыргызстандык жигит барууга даяр десек болот. Себеби, улуу баатырлардын урпактары дайым жардам берүүгө шашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0