Кудум дааратканадан чыгып бараткандай кете берди…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын экс мэри Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаарынын экс мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулматов агайдын мэрликти таштап баса бергенине ичим ачышып, дагы иштей турса болмок деп кейигенимен жазып жаткан жерим жок. Мен деле ал кишинин ушунча жыл отурганына, кылган-кылбаган иштерине нааразы адамдардын биримин, дейт биздин колумнист.

Биздин атка минерлерди түшүнүп болбойт. Чырылдап-чыркырап "иштебей жатасың" десең кетпейт, "жылыш болбой жатат" десең кетпейт. Ал тургай "кет, жогол" десең да оңой менен кетпейт. Чапкенедей жабышып, уялчу жерде ырсайып, ыйлачу жерде жылмайып гана кутулат. Бирок, качан өз үй-бүлөсүнө, өз башына иш түшкөндө жазбы, жайбы, бурганактаган кышпы, түндө болсо түндө, күндүз болсо күндүз ишин таштап баса берет. Деги бул эмне деген көрүнүш? Боло береби буларга? Мыйзамда каралган эмеспи бул жагы?

Президент Алмазбек Атамбаев жана шаардын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев экс-мэр Кулматовду кабыл алып, ишине оң баа берди
Мисалы, жөнөкөй кызматта иштеген кимдир бирөө өз жумушун аткара албаса айып тартат. Же жумуштан айдалат. А буларда андай каралган эмеспи? Талап, милдет жокпу буларда? Тигине мэр күтүүсүз ишинен кетип калды. "Үй-бүлөлүк иштерим чыгып калды" дептир. Өткөндө килейген мамлекет башчы опузалап, урушуп жатса да былк этпей отуруп алды эле, эми минтип "жылан чакпай, жылкы теппей" кетип баратат. Ким билет, балким өтө жакын тууганы катуу ооруп калгандыр? Же катуу кырсыкка кабылгандыр? Эми, баарыбыз эле адамбыз, кимде тууган жок дагы, кимге кырсык келбейт. Эгер ошондой болсо мэрибизге көңүл айталы. Жакшылык тилейли. Бирок, ошондо деле бакандай борбор калаанын милдетин алып отурган соң, бир заматта ишин таштап салып баса бергени туурабы? Мен билгенден шаар башчылыгын мындай койдум, анча-мынча жоопкерчилиги бар жумушчу дагы тарс этип жумушун таштап салып басып кете албайт. Болбойт андай. Эң жакын тууганы ары карап кеткен күндө да суранып жүрүп, жаман-жакшы көрүнүп жүрүп араң кетесиң. Кудай сактасын! А бу мэр. Бир жакыны катуу кырсыктаптыр, же ооруп жатыптыр деп деле уккан жокпуз…

"Чет өлкөгө кетип жатам" дейт. Кетсе кете берсин дегилечи. Деги аны сагынып кеткен деле жерибиз жок. Бирок, ушундай да шылтоо болобу, шумдугуң кургур! Ушундай да жооп болобу?! Чет өлкөгө кеткиси келген эле киши ишин таштап салып баса берсе болобу? 1 миллион мекендешиңдин көйгөйүнөн да, килейген борбордун милдетинен да артык чет өлкө бар бекен эмне? Же кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен кетип баратасыңбы? Же кимдир бирөө кууп жатабы? Же ууру кылдыңбы? Деги эмне болду? Же кылаарга иш, ойноорго оюн түгөндүбү? 

Эмне үчүн ушунча убакыттан бери ушунча эл какшанып, нааразы болуп жатканда кеткен жок? Эмне үчүн Бишкектин таштандысы ташылбай, көчөлөрү тазаланбай калганда кеткен жок? Эмне үчүн керек болсо бүтүндөй өлкөнүн башчысы опузалап турганда да кеткен жок? Демек, ушунун баары кандайдыр бир үй-бүлөлүк маселеден да төмөн турат экен да, ээ? Мына мен муну ушундай түшүндүм. Менимче, бул ким болбосун ойлоно турган иш. Бирок, негедир акыркы убактарда атка минерлер бизди көндүрүп койгондой. Же жедеп тажатып бүтүшкөндүктөн "кетсе кете берсинчи" деп көнүп калганбызбы? Же, улам кийинки кызматка келчү киши кыйратаар деген жылуу үмүт бизди жоошутуп койгонбу? Кыскасы, эч ким деле бул жагын ойлобой калды. Болбосо, чын-чынына келгенде бул туура эмес иш болсо керек. Себеби, катардагы кароолчу да бир заматта жумушун таштап кетип калганга болбойт эмеспи. А бу чоңдордо андай түшүнүк жокпу, кандай?..

Экс-мэр Кубанычбек Кулматов. - Sputnik Кыргызстан
Кулматов отставкасынын себебин айтты
Айтмакчы, келгиле анда биротоло эле мыйзамды бир сыйра карап, тактап алалы. Дагы кимдер кете берсе болот ушунтип? Дагы кимдер үчүн мыйзамда "эч кандай эскертүүсүз, каалаган убагында кете берсе болот" деген берене бар? "Эч бир милдети, аткарган иши жок, буга чейин жөн гана кызмат ордун ээлеп жүргөн адам кете берсе болот десеңер" анда кошулайын. "Ансыз деле иш кылчу эмес тура, кетсе кете берсин, кармабайлы" дейли. "Ал отурабы, бул отурабы, анын айрымасы жок, иши кылса бирөө отурса болот" десеңер аны да түшүнөлү. Бирок, биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз го акыры. Ачык-ачык айтып койгула да ушундай-ушундай деп. Болбосо биз, жөнөкөй жарандар, "бул мэрдин кызматы укмуштай маанилүү орун" деп ойлоп жүрөбүз. "Бул кызматтагы адамга керек болсо бүтүндөй өлкөнүн тагдыры байланган. Кантсе да өзүнчө эгемендиги бар республиканын жүзү болчу борбор калаанын мэри" деп отурабыз. Аны кааласа баса отуруп, кааласа таштап салып кете берчү орун деп ойлогон эмеспиз. 

Баса, ушунчамда айтып койойун. Мен Кулматов агайдын мэрликти таштап баса бергенине ичим ачышып, дагы иштей турса болмок деп кейигенимен жазып жаткан жерим жок. Мен деле ал кишинин ушунча жыл отурганына, кылган (тагыраак айтканда кылбаган) иштерине нааразы адамдардын биримин. Болгону бул киши кызмат ордунда ушунча отуруп нааразы кылганы аз келгенсип, минтип эч нерсе болбогондой, кудум дааратканадан чыгып бараткандай ишин таштап баса бергени ого бетер кыжырымды кайнатып отурат. Же сизге бул кылыгы таасир эткен жокпу, урматтуум?…

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Жаңылыктар түрмөгү
0